• Өт баштыкчасы – боордун астында жайгашкан алмурут формасындагы кичинекей орган. Ал боордун астында жайгашып, ичеги жана боор менен майда түтүкчөлөр – өт жолдору аркылуу туташып турат.
• Анын көлөмү узуну – 7-8, туурасы – 3-5 сантиметрге жетет.
• Өт баштыкчасы – тамак-аштын толук сиңирилишин жана керектүү азыктарды организмге сиңирүүнү камсыз кылган маанилүү орган.
• Өт – билирубин жана өт туздары, холестерин сыяктуу зыяндуу заттарды организмден чыгаруудагы негизги жолдун кызматын аткарат.
• Өт – чоң май бөлүкчөлөрүн майда бөлүкчөлөргө бөлүүгө жардам берет.
• Өт – иммуноглобулинди чыгарып, организмди ичеги инфекцияларынан коргойт.
• Өт туздары өттөгү негизги органикалык заттар болуп саналат жана тамак-аш майларын эмульсиялоо жана алардын ичегиде сиңүүсүн жеңилдетүү үчүн зарыл.
• Өт баштыкчасынын керегелери булчуң тканынан турат, бул анын жыйрылышына жана зарыл болгон учурда ичиндегилерди сыртка чыгарууга мүмкүндүк берет.
• Өт баштыкчасын операция жолу менен алып салган учурда организм ыңгайлашып, өт боордон түз эле ичегиге барып калат.
• Өт баштыкчасы жабыркаганынын негизги белгилери: оң кабыргалардын тушундагы оорутуу, тамак ичкенден кийин оорутуунун күчөшү, кекирүү, көңүл айлануу, кусуу, оозго ачуу суу келүү же металл даамдануу, ичтин көбүшү, заңдын өңү агарышы жана башка. Бул белгилер байкалса, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.
• Кызыктуу факт: өт канга карама-каршы багытта агат.
• Өттүн курамы: суу, өт туздары, май кислоталары, холестерин, билирубин, лецитин жана плазма электролиттери (натрий, хлорид, бикарбонат, калий жана кальций).
• Өт баштыкчасы аркылуу күнүнө 1-1,5 литр өт суюктугун өткөрөт.
• Аялдар эркектерге караганда өт баштыкчасы менен байланышкан оорулардан көп жабыркайт.
• Адамдардыкы сыяктуу бардык эле жаныбарлардын өтү бар десеңиз, жаңылышасыз. Мисалы, жылкыда жана кемирүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрүндө өт жок, бул алардын тамак сиңирүү системасынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу.