Актёр, телеалпаруучу, учурда ырчылыкка ыктап бараткан таланттуу мырза Нурдөөлөт Копоевди кепке тарттык. Театр, турмуш, “Даңазалуу доор” тасмасы жана башка темаларда пикир алыштык.
– Саламатсызбы? Учурда театр менен гастролдо жүрүпсүз, кепти ушундан баштасак...
– Саламатчылык, минтип жыл башында сиздерге маек берип жатканыма кубанычтамын. Жыл биз үчүн абдан сонун башталды. Ушул тапта Иранда көчө театры фестивалында “Учур” театрынын артисттери менен спектакль коюп жүрөбүз, баары сонун. “Учур” театры негизи эле чет өлкөгө чыгуу жагынан алдыга эч кимди салбай келе жатабыз. Менчик сахнабыз жок болсо да тыпылдап эле эмгектене беребиз (күлүп).
– Өзүңүз айткандай, көп жылдан бери аарыдай эле мээнет кылып келесиз, чыгармачылыктын оордугу жана ырахаты эмнеде?
– Актёрлук кесипти жүрөгүм менен тандап алгам. Ошондуктан оорчулугу такыр эле сезилбейт. Албетте, кээде маселелер пайда болот. Мисалы, бир образды ойдогудай жарата албай, ыгы келбей, сөзү жүрөктөн чыкпай бушайман болгон учурлар кездешет. Театр – сыйкырдуу дүйнө, ага бир арбалып калган киши баарына кайыл. Кээде карыган кишинин, кээде жаш баланын ролун ойноп калам, көрүүчү тааныбай барып анан тааныган учурлар бар. “Ой, сен “Баластандагы” жомокчу бала турбайсыңбы?” деп калышат. Улуу муундун өкүлдөрү сахнанын артына өтүп бата беришет, ушул учур дагы ырахат тартуулайт. Көрүүчүлөр дүркүрөтө кол чабышат, мындан ырахат алам. Спектакль бүтүп көрүүчүлөргө жүгүнүп жатканда укмуштай сонун сезимдер болот. Айтор, айта берсе ырахаты көп. “Артисттин бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн кул көрбөйт” деп бекер айтылбайт. Дүйнөлүк аренада ат салышкан Кыргыз театрынын арабасын сүйрөшүп келе жатканымдын өзү ырахат.
– Жакшы, адатта чыгармачылыктын пайдубалы бала кезден түптөлөт эмеспи, сиздин чыйыр кандай болду бул жаатта?
– Ооба, чыгармачылык бала чактан эле түптөлдү. 16 бир туугандын арасында өскөн үчүн биздин үй дайыма шаңга бөлөнүп турчу. Атам чоң зергер, устачылыктын бардык түрүн билген адам эле. Апам да уз, чебер, сөзмөр адам, учурда 85 жашта. Ушундай адамдардын уулу болуу бактысы буюруп, алардын тарбиясын алдым. Бизде бош отурган убак болчу эмес, отунга бармай, мал карамай, атама көөрүк басып бермей менен күнүбүз өтчү. Баарыбыздын бөлүнгөн милдетибиз бар эле. Атам кечинде чөнтөгүнөн акча алып чыгып кадимкидей баарыбызга маяна таратчу (күлүп). Согум маалы болот эмеспи кышында, ошондо үйгө киши чакырганда Нурайым деген эжем экөөбүз келген конокторго бир саат концерт коюп берчүбүз. Актёрлук – бүгүн чечим кабыл алып, эртең иштеп кетчү кесип эмес. Тээ бала чактан үрөнү себилиш керек. Кыргызда “чымыны бар” деп коюшат. Ошол “чымындар” тынчтык бербей, устатым Дүйшөн Байдөбөтовго келип, андан тарбия алып, кийин Москвага барып актёрлуктун окуусун окуп келдим. Ошентип 25 жылдан бери театрда жүрөм.
– Акыркы жылдары театрлар жанданып, чет өлкөлөргө чейин гастролдоп, фестивалдарга катышып жатасыздар, бул нерсе шыктандырып жатса керек?..
– Албетте, бул бизге чоң эргүү берип жаткан көрүнүш. Эл театрга абдан көп келип, айрым спектаклдерге билет калбай калууда. Биз ушул учурду аябай күткөнбүз. Ажобуз өзү колдоп, маянабыз көтөрүлүп, иштөөгө жакшы шарттар түзүлүүдө. Биз Москвадан окууну жаңы бүтүп келген учурда эл театрга эмес, базарга чуркачу. Ошондо “чын эле туура эмес кесип тандап алган окшойм, ушул боюнча эл театрга келбей калат окшойт” деп ойлочумун. Жаңылган экенмин, азыр эл театрга агылып жатат.
– 3 жыл мурунку окуя эске түштү. “Даңазалуу доордо” Хюрремди ойногон түрк актрисасы Мерьем Узерли Бишкекке келип жолугушуу өткөрүп, сиз ага сахнадан белек тапшырууга үлгүрдүңүз. Олуттуу тартып бараткан кечеге заматта шаң кошуп жиберген элеңиз. Негизи мүнөзүңүз кандай?
– Ооба, ал жолугушууга мага чакыруу келген. Анда мен “Замана” студиясында иштечүмүн. Мерьем Узерли үчүн атайын улуттук стилдеги баштыкча сатып алдым. Таңкы эфирден кийин ошол кечеге барсам “убакыт тар”, “суроо бербегиле”, “жанына жакын барбагыла” деген сыяктуу бир топ шарттарды айтышты. Ичимден буркан-шаркан түшүп “каап, ушул актриса менен сүрөткө түшүп алсам болмок” деп жаттым. Жолугушуу аяктаарда сахнага чуркап чыгып, “Даңазалуу доордо” Сүмбүл аганын үнүн коштогон элем, сизге белегим бар” десем, актриса “ваай” деп кыйкырып жиберип, мени чакырып калды. Жетип барып эле экөөбүз кучакташып калдык. Хан сарайда Хүррем султандын өзүн көргөндөй эле болдум (күлүп). Негизи чечкиндүү жана шайырмын. Достор “Нурдөөлөтсүз кечебиз кызыксыз” деп калышат. Жашоодо ансыз деле көйгөй бүтпөйт, жыргап жашаганга эмне жетсин?..
– Сиз кыялданып жүргөн роль барбы?
– Андай роль жок. Билесизби, эмнеге? Башкалар “Гамлетти ойносом” деген сыяктуу кыялданат экен. “Учур” театрынын жеке сахнасы жок, баары чектелүү. Театрыбыздын ачылганына 25 жыл болсо да имаратыбыз жок, көчө театры болуп жүргөн үчүн менде андай кыял болбосо керек. “Жылкыңа карап ышкыр” дегендей, шартыбызга карап кыялдансак керек деп ойлойм.
– Адам катары кыялдарыңыз канчалык деңгээлде орундалды?
– Жакында бир классташым каза болуп, Куран окутканы бардык. Ошондо бирөө “Нурдөөлөт, сен сонун кесип тандагансың, эң оор көтөргөнүң – микрофон” деп тамашалап калды. Чындыгында, кыялданган нерселериме жеттим. Чет өлкөдөн окусам дечүмүн, ал орундалды. Бактыбек Мамытовдой болуп телекөрсөтүүлөрдү алып барсам дечүмүн, ага да жеттим. Ырдагым келчү эле, учурда ырчылыкка ыктап баратам. Айтор, эмнени кааласам баарынын даамын татып көрдүм. Мекеним тынч, элим, үй-бүлөм аман. Бир өкүнүчүм – атамдын бул дүйнөдөн эрте кетип, үч эжемдин удаа каза болуп калышы.
– Адамдагы кандай сапаттарды жаман көрөсүз?
– Кытмырлыкты жаман көрөм. Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн адамдарга таң калам. Анан жоопкерчиликсиз адамдарды такыр кабыл ала албайм. 9:00гө жолугушууга чакырсаң, 12:00гө келгендер бар, андайда күйүп-кайнап кетем.
– Үй-бүлөңүздө эмне кеп? Балдарыңыздын “чымыны барлары” барбы?
– Үй-бүлөм аман-эсен, шүгүр. Жубайым Зульфия Бейшенова “Учур” театрында актриса болуп эмгектенет. Экөөбүз чогуу иштейбиз. Тун балабыз чарчап калып, кийин уулубузду байырласын деп ысымын Нурбайыр койгом. Учурда 3-класста окуйт, математика жаатында жакшы ийгиликтерге жетип сүйүнтүп жатат. Ага удаа эле Нуршайыр деген кызыбыз төрөлгөн, ал үйүбүздүн шаңы, аябай жароокер кыз. Копоевдер уз, уста болгондуктан экөөнүн тең колу жөндүү, сүрөт тартышат. Азыр “чымындары” билине элек, аларга “жакшы окугула” деген шарт койгонбуз. Айтор, эл катары тиричиликти сүйрөп, чыгармачылыкты артынып алып келе жатабыз.
– Маегиңизге рахмат! Бар болуңуздар!
Нуржамал Жийдебаева