Учурда хит болуп жаткан “Бул сүйүүнүн баяны, бүтпөсө экен аягы...” деген саптары бар ырды сиз да уксаңыз керек, окурман. Аны аткарган Алсейит мырзаны тааныштыралы. Каарманыбыз комузда, аккордеондо, флейтада кол ойноткон музыка адамы.
– Кандайсыз, Алсейит мырза? Учурда “Сендей жар сурагам” дуэтиңер хит болуп жатат. Маекти ушул ырдын тарыхынан баштасак...
– Жакшы болот. Ырдын аталышы “Сендей жар сурагам” болсо да, эл аны “сүйүү баяны”, “сүйүшкөндөрдүн сүйүү гимни” деп атап алды. Ыр элге тарасын деп жан талашып жарнамаладык. Мээнетибиз акталды десем болот. Марина (ред.: Алсейит менен дуэт ырдаган кыз) экөөбүздү “Сүйүү баянын” ырдап бергиле деп тойлорго чакыра башташты. Биздин ырыбыз тойдо 2 жаштын вальс бийлешине ылайык экен.
Ырдын тарыхына келсек, 2022-жылы Рыскелди деген иним “менде жакшы обон бар” деп калды, угуп көрсөм жакты. Диктофонума жаздырып алып, ошол бойдон унутуп калыптырмын. Былтыр диктофонду чукулап отуруп ошол обонду таап алып сүйүнүп кеттим. Анан аны Мунарбек Кадыров деген аранжировкачыга бердим. Ырга текст жаздырыш үчүн дагы бир иниме буюртма берип, ырдын мааниси кандай болушу керектигин айттым. Ырда сезимди жеткирүүчү укмуш сөздөр камтылышы керек дедим. Ал ырдын 1 куплетин жазып берди, калганын дагы бир таанышым жазып бүтүрдү. Ырдын мазмуну менин башымдан өткөн сүйүүнү чагылдырат. Жалгыз ырдап чыксамбы дедим, бирок тааныштар дуэт ырдасаңар жакшы болот деп кеңеш айтышты. 3-4 кыз менен дуэт ырдап көрүп, купулума толбоду. Акырында Марина Райч экөөбүз ырдап чыктык.
Баштан өткөн сүйүү демекчи, студент кезде бир кызды катуу сүйгөм. Ал да мени жактырып, келечекте баш кошуп, ширин түгөйлөрдөн болобуз деген максаттарыбыз бар эле. Бирок жолубуз эки башка кетти. Менин жүрөгүмдө ошондогу сезимдер сакталып кала берди.
- “Мен бойдок” деген ырыңызды жеңил-желпи деп сындагандар көп. Кошуласызбы?
– Ал ырды “шаңдуу ыр экен” деп шашылыш эле ырдап калгам. Бойдоктор арасында хит болот деп ойлогом башында. Бирок элде жакшы кабыл алынбады. Бирок телеканалдардан “Сендей жар сурагамдан” башка “Жүрөгүм сунсам дейм”, “Айзирегим сен”, “Түшүнбөдүм” деген ырларым жакшы эле кетип жатат деп актанып койбоюнбу (күлүп). Тойлордо Рыспай Абдыкадыров, Чубак Сатаев, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев агайлардын ырларын аккордеон менен ырдап жүрөм. Негизи комуз менен да ырдайм. Бирок эл мени аккордеон менен ырдаган ырларымды жакшы кабыл алат.
– Элге тааныла баштаганда жоопкерчилик көбөйөт бекен?
– Элге тааныла баштаган адамды эл өзү эле тарбиялап, тескеп, оңдоп коёт экен. Мурун “эл көрсө эмне дейт?” деген ой жок, каалаганымды кийип, кээде ойлонбой сүйлөп жүрө берчүмүн да. Азыр үстү-башымды карап, ойлонуп сүйлөгөнгө, жакшы жүрүш-турушта болууга аракет кылып калдым. Айрым ырчылар табиятынан өң-түстүү болбосо деле экрандан, сүрөттөн жакшы көрүнүп калышат го, мен андай эмес окшойм.
– Кыздар таанышалы деп жазып жатышабы?
– Жазып жатышат. Бирок кафе, ресторанга чакыргандары чыга элек, тамаша (каткырып).
– Угармандар сизден дагы хит ырларды күтүшсө болобу?
– Албетте. Азыркы учурда 2 ырдын үстүндө иштеп жатам. Келечекте репертуарым өзүм түзгөн имиджге туура келип, күйөрман, угармандарымды кубантсам дейм. Чыгармачылыктын үстүндө изденип, өзүмдү өстүрүшүм керек. Азыр карьеранын баштапкы гана тепкичинде турам.
– Байкашымча, эки колуңду чөнтөгүңө салып алмай адатың бар экен. Психологияда бул “нервдик чыңалуудан арылуу, мырзалар өзүнө ишенимди арттыруу үчүн колдонулат” дешет. Чындыгы барбы?
– Чындыгы бар окшойт. Бойдокмун да (каткырып). Тамашасы жок айтсам, кийинки учурларда көп нерселерди түшүнүп, өзүмдү жакшы жакка тарбиялоого аракет кылуудамын.
– Мисалы...
– “Билимге эмес, кийимге карап мамиле жасагандар көбөйдү”, “Баалуу сөзгө эмес, боёнгон көзгө, улууга эмес, сулууга карап калган кез”, “Энесин карабай, денесин караган жаштар көп” деген сыяктуу чындыкты көзгө сайып көрсөтчү сөздөрдү маани берип окуп калам. Биз кыргыз элинин адебин, салтын карманып, адам, кыргыз катары жашап, жөнөкөй болушубуз керек да. Мурун коом күнөөлүү дечү элем, азыр баары өзүбүздөн башталарын билип калдым. Адам 1 градустан болсо да оң жакка бурулуп жүрүп отурса, акыры барып жакшы адам болуп чыгарына көзүм жетти.
– Кайрымдуулук дегенге көз карашыңыз...
– Азырынча элге, карылар же балдар үйүндөгүлөргө үнүмдөн башка эч нерсе тартуулай албайм. Аман турсам кайрымдуулук көп кылам, буюрса. Менин демөөрчүм, “крутой” тааныштарым жок, баарын өзүм жасаганга аракет кылып келе жатам. Менин ишим акча саноо эмес, ырдоо. Ошон үчүн бизнеске баш-отум менен киришим күмөн.
– Кандай тасмаларды көргөн, кандай китептерди окуган жагат?
– Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар, ойлоп табуучулар, чындыкка негизделип тартылган тарыхый фильмдерди, патриоттук тасмаларды көрөм, мотивациялык китептерди окуйм. Алар жан дүйнөңдү, акыл-эс кампаңды байытып, жакшы жакка өзгөрүүңө түрткү болот.
– Азыркы Алсейит менен тааныштык. Кичинекей Алсейит кандай эле?
– Кичине кезимде уялчаак, тартынчаак элем. Атам комуз ийримине катыштырайын деп аракет кылды. А мен “комуз үйрөнүп алсам сахнага чыгарат” деп уялып, көнчү эмесмин. 7-классымда гана ырдоого кызыгуум ойгонуп, ырдай баштадым. Мугалимдер, ата-энем “үнүң жакшы” деп колдоп, майрамдарда ырдатып, сынактарга катыштыра башташты. Ошондо өзүмө ишеним пайда болгон. Нурлан Насип, Ильяз Абдыразаков, Мирбек Атабеков, Курал Чокоевдин ырларын ырдап жүрдүм. Маданият техникумунда окуп жүргөндө комуз менен флейтаны үйрөндүм. Иш-чараларда ырдап, көптөгөн концерттерге катыштым. Комузда майда күүлөрдөн тарта чоң күүлөргө чейин мыкты черте алам. Жалал-Абад аймагында элге бир топ таанылып калгам. Эмил Балтагулов, Арзыбек Бедияров агайлар жакшы кеңештерин айтып, баталарын беришти.
– Ак жол каалайбыз! Ийгиликтериң арта берсин!
Канымжан Усупбекова