“СЕЙИТБЕК БАЛДАРЫН АТ ҮСТҮНДӨ ЧОҢОЙТУУДА”. Белгилүү улакчы менен жубайынан блиц-маек 

Көк бөрүчү, улуттук курама команданын оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу жубайы Айпери айым экөө жакында уулдуу болушту. Наристе жытына балкып, кубанычка бөлөнүп турган жан шериктерди кепке тарттык. 

 

– Бешик боо бек болсун! Үйүңүздөрдө толуктоо болуп, кубаныч толуп турган маал экен...

Сейитбек: – Ассалом алейкум, жалпы окурмандар. Чоң рахмат, албетте, өзгөчө сезимдер болуп жатат. Кудайга шүгүр, үчүнчү уулдуу болуп кубанып турабыз. Жубайым Айпериге таазим кылам, ыраазычылык гана билдирем. Мага ушундай эр-азаматтарды төрөп берип, биздин тукумубузду улап жатат.

– Дагы бир улакчы жигит жарыкка келген турбайбы...

– Ооба. Буюрса, үйдө жер улакка (ред.: үч адам бир команда болуп ойнолуучу оюн) команда топтолуп калды (күлүп).

– Айпери, эне-баланын абалы жакшыбы?

Айпери: – Жакшы. Сонун эмоцияларды баштан кечирип жатам. Ар бир аял үчүн эне болуудан өткөн өзгөчө сезимдер жок го дейм. Негизи 2025-жылдын башында төрөмөкмүн. Бирок ден соолугума байланыштуу жыл аягына жылып калды. Буюрса, абалыбыз жакшы. Негизи адамдан адам жаратуу оңой эмес да. Кыйналган учурлар өтүп кетти, баланы кучагыңа алгандан кийин кыйынчылыктын баарын унутуп коёсуң. Кудайга шүгүр, баламды колума алып, кучагым толуп отурам.

– Кандай ысым ыйгардыңыздар?

С.: – Эрнамыс деген ысым ыйгардык. Намыска бек болсун, кыргыз элибизге, кыргыз жерибизге кызмат кылган, эл керегине жараган, желегибизди бийикке желбиреткен уулдардан болсун деген ниет менен улуу балам экөөбүз кеңешип ушул ысымды тандадык.

– Кызыңыз өзүнө сиңди күтүп жаткан жокпу?

А.: – Кызым өзүнө шерик күтүп жаткан. Башында биз деле кыз болот го деп ойлогонбуз. Алдын ала текшерүүдөн өтүп, уул экенин билгенибизде кызым “дагы эркек төрөйсүзбү, эки эркек бар го, кыз төрөсөңүз жакшы болмок” деп капа болду. Баары бир кыз да, азыр бир тууганын жакшы көрүп эркелетип эле жатат.

– Айрым айымдар төрөттөн кийин эркелеп күйөөсүнө тигини, муну алып бер деп шарт коюшат экен. Сизчи?

А.: – Биз бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз. Аны алып бер, муну алып бер деп деле кыйнабайм. Өзү деле каалаганымды жок дебей алып берет. Баарына шүгүр кылам.

– Сейитбектин көк бөрүдө кандай оюнчу экенин билебиз. Үйдө кандай ата?

– Буга чейинки уулум Рустам менен кичинекейибиздин ортосу 5 жаш. Баары бир наристени сагынып калат экенсиң. Сейитбек сонун, мыкты ата. Үй иштерине каралашат. Өзү да абдан баласаак. Негизи эле кичинекей балдарга абдан жакын. Кичине торолтуп, аттын үстүнө отура алгыдай кылып койсом эле, Сейитбек эки баласын чоңойткондой эле бул балабызды деле ат үстүндө чоңойтуп алат (күлүп).

– Сонун, бактылуу болуңуздар!

 

Динара Акимова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1153, 17-23-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан