Туугандардыкында тойдо кызматта жүрөбүз. Ашканада топ келиндер бири салат жасап, бири камыр жууруп, бири идиш жууп... Кирип-чыккандар мындан көп, айтор, бөлмө ичи ызы-чуу. Бир маалда кайненем келип:
– Келиндер, жакшысыңарбы? Тамак ичкенди унутпагыла... Асел, алтыным, бутуңдан сыз өткөн жокпу, маасыңды кийип албайт белең. Же мен чечип берейин, кийип ал. Мен жылуу үйдө эле отурам да,- деп калды.
Апам негизи баамчыл, дайыма эмне болгонун байкап турат. Бул жолу да ашканага улам ачылып-жабыла берген эшиктен суук кирип жатканын, менин жука байпагымды байкап койду. Апам кеткенден кийин бир жеңем сөз баштап калды:
– Асел, кандай гана бактылуусуң, ээ?
– Ии, жеңе, ошондой эле болсун. Эмнеден улам айтып жатасыз?
– Деги дейм да. Жанатан бери байкасам, ар бириңердин кайненеңер келип кам көрүп жатат. А меники мен келин болуп келгенче эле каза болуптур да. Азыр силерди карап отуруп суктанып кеттим, менин да кайненем болсо келип ал-абалымды сурайт беле деп.
– Коюңузчу, жеңе! Абам бар да көзүңүздү караган, бир да жолу урушканын көргөн эмесмин.
– Ал го бар дечи. Бирок бала бакканга жок, карабайсыңбы азыр да бири бутума, бири боорума жармашып оокат кылдырбай жатат.
– Абам болбосо Назик эже каралашат, тун балаңызды эже эле багып бербедиби.
– Ой, кайнежемди сен билбейсиң. 40ка чыкса да турмушка чыкпай жүрөт. Анан төрөбөгөн как баш неме балага кандай мээрим төгүштү билип коюптурбу...
Ушул сөздү укканда ток тарткандай дирт дей түштүм. Андан аркы сөздөрү кулакка кирбеди. Назик эженин мээрими кандай билбейм, бирок мен билгенден инисинин балдарын жанындай жакшы көрүп карачу. Анысынан да “как баш” дегени кулагымдан кетпей чуулдап туруп алды. Бул сөз жүрөгүмө, жан дүйнөмө түз тийген ок эле. Болот экөөбүз сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп баш кошконбуз. Кайын журтум сонун адамдар, өз кызынан артык көрбөсө кем көрүшкөн жок. Баары “Асел, Асел” деп эле эркелетип турушат. Биздин бактылуу жашообузду бузган бир кара так бар, балалуу боло элекпиз. 9 жылдан бери тиленгенибиз эле бала. Врачтар көрүнгөндү айтышат, толтура дары жазышат, дарыланабыз, жыйынтык жок. Кайра барабыз, “олуттуу маселе жок, бир күнү болуп калар” деп ийин куушурушат. Мен кыйынмын деген бүбү-бакшы, эмчи-домчу, айтор, барбаган жерибиз, кайрылбаган адамыбыз калган жок окшойт. Турмушка чыккандан 5 жылдан кийин өзүм бир чечимге келип, жолдошума “мени коё бер, башка аял алып тукум ула” деп баштагам. Андай учурда катуу урушуп салчу. Анан кайненем-кайнатам менен чогуу отурганда да айтып көрдүм “мени кечиргиле, кетейин” деп. Кайнатам Болотко окшош кызуу кандуу адам, “кайдагыны айтпай жөн отурчу” деп ачууланып кетти. Апам даанышман дебедимби, ал “кызым, кой антип айтпа. Кудайым көтөргөн кишиге сыноо берет. Башкадан үмүт үзсөң да, Кудайдан үмүт үзбө. Биз сени азыр төрө деп кыйнап жатабызбы? Же бирөө көңүлүңдү ооруттубу? Айт ким экенин, өзүм барып акесин таанытам. Экинчи бул темага кайрылбай, жөн жашагыла” деп жумшак эле айтып туруп кетти. Алар минтип жылуу мамиле кылган сайын “күнөөмдүн” салмагы оорлоп, ого бетер кармана албай шолоктоп кечке ыйлаган элем. Ал темага кайрылбай, бирок жашоомдун ар бир мүнөтүндө эне болууну самап жашап келе жатканыма 9 жыл болуп кетти. Анан жаралуу жүрөгүмө жеңемдин сөзү кандай уу болгонун ким билмек?!
Декабрь аяктап калган. Негедир майрамдардын баарынан Жаңы жыл жагат. Бул майрам урушканды табыштырып, күткөндү кошуп, бири-бирин кечиришип, чачылган үй-бүлөнү бириктирген сыйкыры бардай сезилет. Бул ирет да үйүбүз бака-шака коноктордун үнүнө толуп, майрамдык шаң башталды. Жолдошум экөөбүздүн жаңы жылдык бир ырымыбыз бар, ишке ашпаса деле жасап коёбуз жыл сайын. Болот менин көңүлүм үчүн эле кылсак керек. Жаңы жылга саналуу мүнөттөр калганда көздү ымдап күйөөмдү чакырдым да, бөлмөбүзгө жөнөдүм. Баягы ырымды жасайлы деп. Экөөбүз барак алып жазганга өттүк, тилегибиз бир: “Оо, Кудай, сага кайрылбаганда кимге кайрылабыз?! Бала жытын жыттап, ата-эне болууга ырайым кыл...” Ушул өңүттө каалообузду жазып, коноктордун арасына чуркап бардык. Бокалдарга шампан куюлуп, президентибиз куттуктоо сөзүн айтып жаткан экен. Болот ширеңке алып баягы барагыбызды өрттөдү да, калдыгын экөөбүздүн бокалга бөлүп сала койду. Жакындарыбыз бул кылыгыбызга көнүп калышкан, андыктан таң калуу, суроо салуу деген болбойт. Сааттын жебеси 12ни кагары менен баягы бокалдагыны ичип жибердик калтырбай. Ошентип, жаңы тилек, жакшылык каалап жаңы жылды тосуп алдык. Көчөдө салюттар атылып, балдар кубанып...
Анан жашоонун агымына баш ийген күндөр кайра уланды. Баш кошкондон кийин жума сайын бойго бүттүбү деп тест алып текшере берет элем. Жылдар өтүп аны да албай калгам. Негедир бүгүн дарыканага кирип тест алдым. Өзүмдө өзгөрүү деле жок, көңүлүм деле айланбайт, бирок текшерип көрөйүнчү дедим. Үйгө барып текшерсем, баягы эле бир сызык. Көзүм нымдалышып, эмнеге тест аласың деп өзүмдү жемелей ваннадан чыгып кеттим. Кечинде баарыбыз чогулуп кечки тамакты ичтик, эл туруп кетип, идиш жууганы калдым. Бир маалда Болоттун “Асел! Асееел!” деген кыйкырыгы чыкты. Үнү бир балээге кабылгандай коркунучтуу эле. Учуп жеттим...
– Эмне болду?! Жыгылдыңбы?- оюма жакшы нерсе келбей үстү-башын карап коём.
– Асел, чынбы?! Карачы, чын дечи?!
Эми гана колундагы баягы тестти көрдүм, кайра маанайым чөгө түштү, “ии, бүгүн жөн эле текшерип көрөйүн дегем. Бекер эле кылыптырмын...”
– Эмнеге бекер?.. Ырас кылыптырсың, жаным. Чын эле, ээ? Чын дечи?- Болот мени колуна көтөрүп алып тегеренгенде башым айлана түштү.
– Коё берчи, башым айланып кетти. Эмне эле болуп жатасың?!
– Ай, эмне ызы-чуу, тынччылыкпы? Апам менен атам да кирип алышкан бөлмөгө.
– Апа, Аселдин боюнда бар окшойт. Эки сызык кош бойлуу деген да, ээ? Апа, карасаңыз...
Андан аркы сөздөрдүн мааниси жоктой, көзүм караңгылай түштү. Эсиме келсем керебетте жатыптырмын. Апам “коркпо, кызым, кош бойлуу кезде баш айланат. Мен силерге айткам, Кудайга ишенгиле дегем...” деп токтобой сүйлөп жатты. Колума баягы тестти алсам – эки сызык. 9 жыл күттүргөн 2 сызык. Мен экинчи сызык чыга электе кетип калган окшойм да. Болот менен кайнатам кучакташып ыйлап алышкан. Чоң эле эркектердин жаш балача ыйлаганын биринчи жолу көрдүм.
– Белек деп коёлучу атын...- деген сөз кандай чыкканын билбейм оозумдан.
– Белек, сонун ат...
Бул Жаңы жылдын сыйкыры, Кудайдын бизге тартуулаган белеги болду. Мен эми Белектин энесимин!
Асел