Балдарда да, чоңдордо да кездешчү, белгилери билинбей өөрчүп кетчү илдет тууралуу маалымат берели дедик. Ал – гидронефроз оорусу.
Макаланы даярдоого Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн жетекчиси Болот Эсенбаев көмөктөштү.
Жалпы мүнөздөмө берсек
Гидронефроз – бөйрөктөгү чөйчөкчө-күлтүкчө системинин оорусу. Бөйрөктүн ички көңдөйүндө чөйчөкчөлөр (чашечки) жана алардан чыккан пирамидалар, күлтүкчө (лоханка) жана башкалар жайгашкан. Пирамидадагы атайын бөлүкчөлөр кан аркылуу келген суюктукту соруп, андан заараны чыпкалап, бөлүп алып турат. Заара адегенде чөйчөкчөлөргө чогулуп, анан күлтүкчөгө куят. Күлтүкчөдөн заара чыгаруучу канал аркылуу сыртка чыгарылат. Бөйрөк аркылуу 1 суткада 180 литр кан чыпкаланып, 2 литрдей заара иштелип чыгат. Гидронефроз – ошол чөйчөкчө менен күлтүкчөдө зааранын ашыкча чогула берүүсүнөн улам алардын кеңейип кетиши. Чогулган зааранын чыгышы кыйындап, бөйрөк өз милдетин аткара албай, иштеши бузулуп, акырында биротоло куурап калат – гидронефроздун коркунучу ушунда.
Балдардагы гидронефроз
Балдардагы гидронефроз тууралуу кеп кылалы. Бул илдет Кыргызстанда орточо 500-600 баланын биринде кездешет. Дарт тубаса жана кийин пайда болгон түрү деп экиге бөлүнөт.
Тубаса түрү
Ооругандардын 80 пайызы дарттын тубаса түрүнөн жабыркашат. Тубаса түрүнүн жаралышынын себептери төмөнкүлөр:
• Баланын бөйрөгүнүн ылдый жагында кошумча кан тамырлуу болуп төрөлүшү. Бул тубаса гидронефроздун негизги себеби. Кошумча кан тамыр заара чыгаруучу түтүкчөнүн үстүнөн өтүп, басып, кысып калат
• Түйүлдүктүн заара чыгаруу системиндеги бир органдын туура эмес түзүлүшү. Мисалы, заара чыгаруучу каналдын тубаса ичкелиги
• Чөйчөкчөнүн күлтүкчөгө өткөн жеринин нормадан ичке болушу
• Тукум куучулук фактор
• Кош бойлуу аялдын тамеки чегиши, ичимдик ичиши, баңгизат колдонушу, айрым дарыларды врачтын сунуштамасы жок колдонушу. Бул жагдайлар түйүлдүктүн туура өөрчүшүнө терс таасир бериши толук мүмкүн. Балада гидронефроз бар экендиги түйүлдүккө 16-18 апта болгондо УЗИден билинет
Кийин пайда болгон түрү: Жаракаттан абайлоо керек
Балдарда гидронефроздун кийин пайда болгон түрү аз кездешет. Кийин жаралышына көбүнчө төмөнкүлөр себеп болот:
• Бөйрөк, табарсыкта пайда болгон таштар, рак, бөйрөктүн кистасы. Булар заара чыгаруучу түтүкчөнү жаап калышы мүмкүн
• Бөйрөктүн жаракаттары
• Уретероцеле – заара чыгаруучу түтүкчөнүн табарсыкка кирген жеринин ичкерип кетиши
• Пиелонефрит дарты. Бул бөйрөктүн чөйчөкчө жана күлтүкчөсүнүн инфекциялардан улам сезгенип, ириңдеп, бөйрөктүн ткандарынын эриши. Ооруну ичеги жана кургак учук таякчасы, энтерококк, стафилококк, стрептококк, микоплазма, козу карын сымал микроорганизмдер, вирустар козгойт. Инфекциянын булагы – тиштердин кариеси, тонзиллит, мастит, уретрит, цистит, простатит сыяктуу оорулар. Бул дарттарды убагында дарылабаса оору козгогучтар кан, заара чыгаруучу түтүкчө, лимфа аркылуу барып бөйрөккө өтүп кетет.
Гидронефроздун кийин пайда болгон түрүн кара жумушту көп жасоо, туздуу тамак-ашты, туздалган, маринаддалган жашылчаларды, майлуу жана куурулган тамак-ашты көп колдонуу күчөтүп жиберет
Оорунун 4 даражасы бар
Бөйрөктүн канчалык жабыркаганына карап дарттын даражалары аныкталат:
1-даражасы. Күлтүкчөнүн азыраак кеңейиши
2-даражасы. Күлтүкчөгө кошо чөйчөкчөнүн да билинерлик кеңейиши
3-даражасы. Чөйчөкчө, күлтүкчөнүн олуттуу чоңоюшу, бөйрөктүн шишиши. Бөйрөктү сыртынан каптап турган эттин 50 пайызга чейин жукарышы
4-даражасы. Чөйчөкчө, күлтүкчөнүн абдан чоңоюшу, бөйрөктүн мурдагыдан да көп шишиши. Бөйрөктү сыртынан каптап турган эттин 50 пайыздан ашып жукарышы.
Дарт бир бөйрөктө же 2 бөйрөктө тең кездешиши мүмкүн. Бейтаптардын 25 пайыздайында 2 жактуусу кездешет.
Дарт адегенде оорунун белгилери жок өнүгө баштайт. Гидронефроздун бар экендиги адатта бөйрөктү УЗИге текшерткен кезде билинет.
Дарт өөрчүп кеткенде...
• Бел уюп, сыздатып ооруйт. Оорутуу курсакка чейин сезилет. Кээде ич катуу сайгылашып, карыштырып оорутушу да мүмкүн
• Заара кан аралаш чыга баштайт
• Дене шишик тартат
• Зааранын өңү өзгөрүп, күңүрт, киргил тартат
• Дааратканага бат-баттан бара баштайт
• Тамакка табит жоголуп, көңүл айланып, куску келет
• Дене табы көтөрүлөт. Бирок 38-39 градустан ашкан учур аз кезигет
• Адам алсырап, уйкусурайт
• Ымыркайдын курсагынын бөйрөк тушун басып көргөндө бөйрөктүн шишип калганы колго урунуп билинет
• Кандын, зааранын биохимиялык анализинен лейкоциттердин, белоктордун көптүгү билинет
Дартты аныктоо ыкмалары
Балдардагы гидронефроз дартын аныктоо жана дарылоодо балдар урологунан сырткары нефролог, эндокринолог, педиатрдын текшерүүсү, кеңештери, дарылоо ыкмалары керектелет. Дарт адатта 1 жашка чейинки балдарда, анын ичинде эркек балдарда көбүрөөк кездешет. Тубаса түрү кээде түйүлдүккө УЗИ (скрининг) жасоо кезинде да аныкталып калышы мүмкүн. Эгер дарттын оор формасы бар боло турган болсо, түйүлдүктү алдырып салуу сунушталышы ыктымал. Анткени кийин дарылоо баары бир натыйжа бербейт.
Диагноз үчүн кошумча керектелет:
• Экскретордук урография. Бул венага контрасттык затты куюу менен бөйрөктүн абалын рентгенден текшерүү.
• Цистография. Бул контрасттык затты колдонуу менен табарсыкты текшерүү
• Цистоскопия, МРТ, КТ же УЗИ.
Бөйрөктү УЗИден текшерүү табарсык толо кезинде жана заара кылгандан кийин жүргүзүлөт.
• Кандын, зааранын биохимялык анализдери
Дарылоодо стент коюлат
Дарттын 1-2-даражасын дары-дармек жана эндоскопиялык ыкма менен дарылап, калыпка келтирүүгө болот. Табарсык аркылуу оптикалык системи бар эндоскоп киргизилип, бөйрөк менен табарсыктын ортосуна стент коюлат. Стент зааранын бөйрөктөн табарсыкка тоскоолдуксуз агып өтүүсүн шарттайт. Дарылоодо витаминдер топтому да колдонулат.
Илдеттин 3-4-даражасы операциялык жол менен дарыланат. Операциянын 2 түрү бар: ачып жасалуучу жана лапароскопиялык ыкма аркылуу.
Лапароскопиялык ыкмада бөйрөк туш бир нече жеринен тешилип, лапароскоп түтүкчөсү киргизилет. Ал аркылуу заара чыкпай буулуп жаткан жер кесилип, стент коюлуп, кайра тигилет.
Эгер дарт өтүшүп кетип, бөйрөк иштен чыгып калса, анда операция жардам бере албайт. Бөйрөктү алмаштырууга же гемодиализге муктаждык жаралат.
Албетте, ооруну дарылап айыктыргандан көрө анын алдын алуу жеңил. Андыктан кош бойлуу аял курсактагы баланын ден соолугун УЗИден текшертип билип турушу зарыл. Ал эми дарттын кийин пайда болгон түрү бар же жок экендигин билүү үчүн баланын ички органдарын убак-убагы менен УЗИден өткөрүү, урологго текшертүү зарыл.
Канымжан Усупбекова