Түйүлдүк кезде өсө баштаган алгачкы сөөк – ОМУРТКА

• Чынында эле эненин жатынында жаткан түйүлдүктүн эң алгач өсө баштаган сөөгү – омуртка болуп эсептелет. Омуртканын өсүшү жана калыптанышы адам 20-22 жашка чыкканга чейин созулушу мүмкүн.

• Адамдардын омурткаларынын саны ар кандай болорун билдиңиз беле? 33төн 35ке чейин. Бул омуртканын куйрук жак (копчик) учундагы омурткаларга байланыштуу, 3төн 6га чейин болушу ыктымал.

• Омурткаларда 120дан ашык булчуң бар. Ошон үчүн адам ийкемдүү келет.

• Эртең менен жана кечинде биздин боюбуз 1-2 сантиметрге айырмаланат. Адам күнү бою туруп жүрсө, демек, омурткаларга тартылуу күчү таасир берет. Адамдын өз салмагынын таасири астында омуртка аралык дисктери кысылып, бул бойдун бир аз төмөндөшүнө алып келет. Штанга же башка оор нерселер менен интенсивдүү машыгуудан кийин бойдун 2-3 сантиметр кыскарышы байкалышы мүмкүн. Ал эми түнкү эс алууда булчуңдар бошоңдоп, омуртка аралык дисктер кеңейет, ошондуктан эртең менен кечкиге салыштырмалуу боюбуз 1-2 сантиметрге жогорулайт.

• Омуртканын жашы ийкемдүүлүк даражасы менен аныкталат жана адамдын биологиялык жашынан көз каранды эмес. 60-70 жаштагы гимнасттардын жана йога менен машыккан адамдардын омурткасынын абалы 16 жаштагы өспүрүмдөрдүн абалы менен бирдей. Эгерде 30 жаштагы адам аз кыймылдап, спорт менен машыкпаса, анын омурткасы 45-50 жаштагы адамдыкындай болушу мүмкүн.

•Адам менен акыралардын моюн омурткаларынын саны бирдей.

•Омуртка сөөктөрү абдан бекем келет. Жүргүзүлгөн эксперименттерге ылайык, бел омурткасы максималдуу 450 килограммдык жүккө, ал эми омуртка аралык диск 130 килограмм салмакка туруштук берет.

•Кадимки ийинге көтөрүп жүргөн баштык булчуңдардын уюп оорутуусунан баштап сколиозго чейин ар кандай көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Адистер баштыкты колду ылдый таштап көтөрүп жүрүүнү жана баштыктын салмагы 3 килограммдан ашпоосу керектигин айтышат. Анан да салмакты эки колго тең бөлүштүрүп көтөрүү туура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1154, 24-30-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан