“ОХ, БАШЫМ-ММ...” Белгилүү актёрлор киного тартылууда кандай жаракат алышкан? 

Көшөгөнүн арты... Тагыраагы, видеокамеранын артындагы түйшүк, сыноо жана коркунучтар тууралуу сүйлөшөлү. Белгилүү актёрлор жаркырап экранга же кызыл килемге чыкканга чейин, башкача айтканда, киного тартылуу учурунда кандай жаракаттарды алышканын айтып беришти. 

Адилет Акматов, каскадёр: “Өрттөнүп кеткенимде өз өмүрүм үчүн чындап коркком”

– Кичинемден Жеки Чандын, каскадёр Үсөн Кудайбергенов агабыздын трюктарына кызыктым. Менде устат болгон жок, ошондуктан трюктарды жасоону өз алдымча үйрөнүүгө аракет кылып көп жаракат алдым. Бир жолу моюнум сынган, ошону такыр унутпайм. Машыгууларда, кинолорго тартылуу учурунда жалпы 50дөй жаракат алдым, анын 30дайы киного тартылуудагы жаракаттар жана сыныктар. “Кудай өзү сактады” деген учурлар дагы болот. Орусиянын “Гаишники” деген сериалына тартылып жаткам. Сценарий боюнча, бир нерсе жарылып өрт чыкканда, мен экинчи кабаттан секиришим керек эле. Тартуучу топко “бутум сыртка көрүнгөндөн кийин жардыргыла” дегем. Бирок алар эрте жардырып жиберишти. А мен өрттө калып, кийимим күйүп 2-кабаттан секирип түштүм. Ызы-чуу түшүп сууну көздөй чуркаганымда кууп жетип, мени басып жыгылып өрттү өчүрүшкөн. Негизи күйүктөн сактоочу атайын каражаттар болот. Мен аны колдонгон эмес элем. Сакалым, чачым, буттарым күйгөн. Ошондо өз өмүрүм үчүн чындап коркком.

Мурат Мамбетов, актёр: “Ээрдин кашын сүзүп чекем жарылган”

– 1972-жылы режиссёр Юрий Борецкийдин “Ак куулар конгон айдың көл” тасмасына тартылып, анда баш каарман Мукайдын ролун ойногом. Тартуу учурунда атка минип жатканымда бутум үзөңгүдөн тайып кетип, чекем менен ээрдин кашын катуу сүзүп, чекем жарылып кеткен. Ошондо жаракатым айыккыча тартуу иштерин токтотуп, 1 апта күтүшкөн. Мындан башка жаракаттарга кабылган жокмун, Кудай сактап жатты окшойт. 

Аскат Сулайманов, актёр: “Пулемёттун огунан ичим, бутум көгөрүп...”

– Режиссёр Нурсултан Зарыловдун “Полчан-3” тасмасында башкы каарманды, Рэмбонун ролун ойнодум. Ошондо пулемёт менен аткан жерим бар. Ал эпизодду репетиция, анан съёмка учурунда “холостой” октор менен тытыратып атып аткардым да. Атып жатканда пулемёттон ыргып чыккан гильзалар денеге катуу тийип, терини көгөртүп жиберет экен. Ичимден бутума чейин оорутуп, көгөрүп кетти. 15 күндөй укол алып, дары ичип жакшы болгом. Продюсер дарылануума кеткен каражатты төлөп берди. Тасмага 3-4 саат эле тартылганда ушунча болду, согушта чыныгы октор менен атышканда кандай болот экен деп аябай таң калдым. 

Арнис Кыдырмышев, актёр: “Кол-бут кайрылган, көгөргөн учурлар көп эле”

– Тасмага тартылганда элдин эсинде калсын, таасирдүү болсун деп образга кирип, берилип аткарасың да. Репетиция, тартуу иши учурларында күтүлбөгөн жерден кол-бутумду кайрып, сыйрып, көгөртүп, тарамыштарды чоюп алган учурлар болот. Чоң жаракатка кабылбай эле коёюн, Кудай сактасын.

Азамат Арыков, актёр: “Башымды жара тепкен”

– 2012-жылы “Аят-2” тасмасына тартылып жатып жаракат алгам. Тоодо “разборка”, чоң мушташ чыккан эпизод бар. Бирөө мени башка тээп, мен жыгылмакмын. Репетиция убагында ошол эпизодду актёр башымдын тушунан өткөрүп тээп, мен жыгылымыш болуп көнүктүк. Анан “камера, мотор, баштадык” дегенде тигил актёр чындап эле катуу күч менен башка тээп салып жатпайбы?! Көзүм караңгылай түштү, чекем жарылып, канап кетти. Башым 2 күндөй ооруп жүргөн ошондо. 

Улан Султангазиев, актёр: “Бетонго сүздүрүп салышып эсим оогон”

– Киного тартылам деп жаракат алган, өнөкөт оору тапкан учурлар көп эле болду. Түштүк Кореялык бир продюсердин “Жамгырдан кийин” фильмине тартылгам. Анда кароосуз калган эски бетон имараттардын ичинде мушташып, башымды дубалга сүздүргөн эпизод бар. Репетиция кылып жаткан учурда тиги актёрго жин тийгенсип, бетон дубалга башымды күч менен чындап эле катуу сүздүрүп салбаспы?! Көзүмдөн от чагылышып, эсим ооп кулап түшкөм. “Тез жардам” келип, ооруканага алып кетебиз дешти, тартуу иши токтомой болду. “Жок, токтотпогула, мага оорутууну сездирбөөчү укол сайып беришсин” деп болбой койдум. Врач уколдун таасири 2 саатка жетет деди. Мен болсо “тартуу ишин 2 саатта бүтүргүлө, чыдайм” дедим. Анткени ал күнү тартылууга актёрлордон тышкары спецназ, “массовка” үчүн көп адам келген эле да. Тасма тарткандар чыгымга учурашпасын деп ойлодум. Бирок ошол травмадан бери башым ооруйт.

2019-жылы Сауд Арабиясында өткөн “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалында көргөзмөлүү оюндарды тартуу үчүн репетиция жүрүп жаткан. Түн, ипподромдо ат чаап келе жатсам жарык өчүп калды. Эч нерсе көрүнбөй, тайказандын сыртын цементтен жасашкан экен, атчан барып ошону сүзүп куладым. Жарык күйгөндө кайра атка минип репетицияны уланттым. Бир бутум ысып, ооруксунуп жатты. Репетиция бүткөндөн кийин бут кийимди чечсем бутум көгөрүп, шишип кетиптир. “Тез жардам” кызматы кошо жүргөн, аларга көрсөтсөм, ооруканага алып барып рентгенге тарттырыш керек дешти эле, көнбөдүм. Бутум сыздатып оорутуп, аксап калдым. Бирок анымды режиссёрго билгизбей, анын көзүнчө түз басып калам. Фестиваль бүткөндөн кийин Бишкекке келип текшертсем, таманымдан жарака кетиптир. 

Тынчтык Абылкасымов, актёр: “Аттан жыгылып, белим ташка катуу тийген”

– “Боз салкын” тасмасы тартылардан 1 жыл мурун пилоттук тартуу иштерин кылганбыз. Ошондо ат чапкан эпизодду тартуу учурунда катуу кулагам. Ат чаап баратканда басмайыл үзүлүп кетип, ээр-токум менен кошо аттан шыпырылып, белим чоң ташка катуу тийген. Кудай сактап, оор жаракат алган эмесмин, бирок канча дарыланбайын белим азыркыга чейин ооруйт. Белим ооруган сайын ошол тартуу учурун эстейм.

Канымжан Усупбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1154, 24-30-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан