Азыркы заманда “Баатыр эне болгум келет” деген айымдар аз. А биздин каарман, ырчы Кызсайкал Кабылова дал ушундай жакшы тилектин ээси. Жакында экинчи баласын жарыкка алып келип чыгармачылыкта тыныгууга чыккан ырчы айым менен кеңири форматта маектешип кайттык.
– Кандайсың, Кызсайкал? Жакында уулдуу болдуң, уулга эне болуунун өзгөчөлүктөрү болот бекен?
– Жакшы, бул жолку кош бойлуулугум абдан жеңил өттү. Баланы көтөрүү, төрөгөндөгү процесс, баары жолдошуңдан көз каранды экенин түшүндүм. Анткени жан дүйнөм тыптынч, каалаган нерсемди жеп, ичип, жолдошумдан коргоону, колдоону сезгенден улам жеңил өттү деп ойлойм. Кызым Альфияны көтөргөндө мурдум барбайып, шишип, урушчаак тартып, аябай кызыктай болуп кеткем. Уулумду көтөргөндө, тескерисинче, сулуу болуп кеттим. “Уулду көтөргөндөр сулуу болуп кетишет” дешсе ишенчү эмес элем, чын эле ошондой тура. Төрөгөнгө чейин тойлордо жар-жар айтып жүрүп, бир күн калганда гана токтоттум (күлүп). Баары “кош бойлуу эместей эле тың жүрөсүң го” дешип таң калып жатышты. Төрөтүм да жеңил өттү. Мындай жеңил болсо жыл сайын эле төрөй берет окшойм деген ойлор жаралды. Уулдун апасы болуу сезими башкача экен, уулдар апасына жакын болушат деген сөздүн да чындыгы бар окшойт.
– Төрөттөн кийинки депрессия деген бар эмеспи, ага кабылбай эле өтүп кеттиңби?
– Ал депрессия деле кароого, камкордукка байланыштуу болуш керек. Кырк күн төркүнүмдө болдум, абдан жакшы тыңытышты. Баламды апам, жеңелерим карашып, мен эмизип эле берип жаттым. Көз тийбесин, депрессия сыяктуу маселе болгон жок. Уулубуздун атын Рамиль деп койдук, апама (ред.: кайненеси) “небереңиздин атын сиз коюңуз” дегенбиз. Кайнатам каза болуп калганына байланыштуу, бул милдетти апама ыйгарганбыз. Апам тандаган ат бизге да жакты.
– Аман болсун, Рамиль кимге окшош?
– Уул тай жагын тартат дейт экен го, Бекзат байкеме окшош. Кебетеси атасына окшоп кетет, бирок кыймыл-аракети, мүнөзү тайларын тартат окшойт, байкашымча. Чырылдак жагы бар (күлүп).
– Альфия сени инисинен кызганган жокпу?
– Жок, ортосу алты жыл болгон үчүнбү, кызымда кызганыч сезими болгон жок. Аябай жакшы көрөт. Инисин эркелеткенин көрүп мен таң калып кетем, укмуш сөздөрдү айтат. “Жүрөгүм, эжесинин жаны” деп эркелетет. Ырчылар түндө иштейбиз да. Күндүз эрте тура албай калсам, өзү инисин көтөрүп керебеттен жерге түшүрүп, сүтүн даярдап ичирип, көтөрүп жүрө берет. Мени “уктап алсын” деп аяйт окшойт. Кыз бала күйүмдүү болот да баары бир.
– Кызың менен атасын видеого тартып социалдык желеге жарыялап калчу элең, ал азыр деле атасына жакынбы?
– Кыз менен атанын жакындыгы түбөлүктүү экен. Мени эбак бөлүп коюшкан экөө (күлүп). Биз ишке кеткенде кызым дайыма атасы менен машинада жүрөт, уулум мени менен. Кызым учурда бир аз сыркоолоп ооруканада жатат. “Кызым, терезени карачы, мен бул жактамын” деп атасы биринчи күнү айланып-тегеренип эле ошол жакта жүрдү. Мен бир күндө бир жолу барсам, жолдошум үч-төрт жолу барат. “Эмне жейсиң, эмне ичесиң?” деп каалаганынын баарын сатып берет. Мейли, атасынын эле кызы болуп жүрө берсинчи, көз тийбесин.
– Тажрыйбага таянып айтып берсең, аял-күйөөнүн биримдиги, ынтымагы эмнеде экен? Же жубайлардын өз ара мамилеси канткенде бекемделерин байкадың?
– Бул деле жогоруда айткандай, эркектен көз каранды. Аял киши эмоционалдуубуз да, уруш чыгаргыбыз келип эле чукчуңдап турабыз. Андайда алар бизге теңелбей коюшу керек. Мирлан менин уруш чыгаргым келип турганын кебетемден эле билип коёт. “Эй, Саку, бүгүн экөөбүз катуу урушуп кетишибиз мүмкүн, жөн эле туралычы” дейт. Ошону менен өзүмдү басып калам. Аялдын милдети – үйдү таза кармоо, балдарды жакшы тарбиялоо, өзүн жакшынакай алып жүрүү эле экен. Ал эми үй-бүлөнү сактап калуу, коргоо эркектен көз каранды экенин билдим. Мисалы, мен тууралуу жаман-жакшы сөздөр айтылып калган учурлар болот. Мирлан анын бирин мага тийгизген жок. Мени ар кимден, алыстагылардан, жакындагылардан, жаман көз, жаман сөздөрдөн, айтор, бардык нерседен коргоду. Мындай адамдын жанында кантип уруш чыгарасың (күлүп)?
– Жолдошуңду абдан сонун сүрөттөйт экенсиң...
– Жолдошум “добряк”. Мирландын мага эки сапаты жагат, ар бир эркекте ушул сапаттар болсо, кыргыздарда бүтүн аялдар бактылуу болушмак деп ойлойм.
– Ал кандай сапаттар?
– Бардык иште менин оюмду сурап, кеңешет. “Билбейм” десем, ал ишти кылбайт, “ии, абдан сонун идея экен, макул, кылалы” десем, дароо ошол ишти жасагысы келет. Экинчи сапаты – тапканынын баарын үй-бүлөсүнө ташыйт. Апам бардык уулдарын ушундай тарбиялаптыр. “Жаманыңды дагы, жакшыңды дагы Сайкалга айт, ошондо сенин ишиң жүрүшөт. Айтпай жашыра берсең ортодо конфликт чыгат” деп турат. Уулдарынын баарын жакшы тарбиялаган, жолдошум эркектин же аялдын жумушу деп бөлбөй бардык иште жардамдаша берет.
– Атасынын эрке кызы эми жолдошунун эрке жубайы болуп жаткан турбайбы?
– Ооба, төркүнүмө барганда атама, агаларыма эркелейм, Мирландын жанында ага эркелейм. Жолдошумдун эркелеткенин, мээримдүүлүгүн, апама жардам бергенин атама окшоштурам. “Кыз болочок жолдошун атасына окшоштуруп тандайт” дегенге дагы ишенип калдым.
– Кичинеңден эле тыпылдаган тың кызсың, ырчылык, ишкерлик жана башкалар. Сенден күйөрмандарың дагы да кызыктуу долбоорлорду күтсө болобу?
– Мен дүйнөдөгү эң чоң долбоорлорду жасайм. Гүлнара Кахарова эжекебиз менен мелдешип алгам (күлүп).
– Чыгармачылык боюнчабы?
– Жок, Гүлнара эжеге чыгармачылык жактан жетпейм го. Мен “бала төрөө боюнча сизден ашып түшөм” деп, экөөбүз кадимкидей кол алышып мелдешкенбиз. Ал Баатыр эне да. Аны басып өтүшүм керек эми, бала төрөө деген чоң долбоор менен алек болот окшойм. Тамаша, Кудайдын бергени, бирок кичинемден көп балалуу болгум келет. Буюрса, Баатыр эне болом.
– Өкүнүч барбы?
– Убакыттын өтүшү менен мен үчүн убагында оор сезилген нерселер деле жакшылык экенин түшүндүм. Адам бышыш үчүн, жакшылыкка жетиш үчүн ошондой сыноолорду басып өтүүгө туура келет экен. Ошондуктан азыр эч нерсеге өкүнбөйм, артты карап кылчактабайм. Баары эртеби-кечпи жакшы жагына чечилет деген зор ишеним менен жашайм.
– Тилегиңе жет! Буюрса, Баатыр эне болушуңа тилектешпиз.
Нуржамал Жийдебаева