Кыргызстанда 21-январдан тарта дин боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Тийиштүү мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр декабрда кабыл алган, ага президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлду. Сөз болуп жаткан мыйзам буга чейин “үйлөрдү кыдырып даават кылууга тыюу салынганы жатат” деп талкууга түшкөнү белгилүү.
Никаб...
Мындан ары коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн таанылгыс кылып жапкан кийим кийип жүрүүгө болбойт. Мисалы, паранжа, никаб жана башка. Ал эми жумушка, кызматтык милдетке байланыштуу же дарыгерлердин көрсөтмөлөрү боюнча жүздү жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салынбайт. Кимдир бирөөнүн дин тандоосуна тоскоолдук кылгандарга, мажбурлап, психологиялык күч колдонгондорго, өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулук кылгандарга, башка динге ишенгендерди же бейтарап адамдарды өз динине киргизүүгө аракет кылгандарга чара көрүлөт.
Даават...
Ошондой эле муфтияттын уруксатысыз карылар үйлөрүнө, абактарга, аскер бөлүктөрүнө барып диний чогулуштарды же иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Үйлөрдү кыдырып, бала бакча, мектептерге, мамлекеттик уюмдарга барып же коомдук жайларда диний китептерди, аудио жана видео материалдарды таратууга жол берилбейт.
Саясат жана дин...
Булардан тышкары диний негизде саясий партияларды түзүүгө, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштеринде диний маалыматтарды колдонууга, партияларды чет өлкөлүк партиялардын, чет элдик юридикалык жана жеке жактардын, диний уюмдардын каржылашына тыюу салынды. Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер да үгүт иштеринде диний маалыматтарды колдонсо болбойт, бул үчүн тийиштүү мыйзамдарга атайын нормалар киргизилди.
Садыр Жапаров: “Мыйзамдын бир эле талаштуу жери бар”
Президент Садыр Жапаров коомчулуктагы каршылыктарга карабай өлкөнүн келечи үчүн аталган мыйзамга кол койгонун соцжеледеги баракчасына жазды.
– Мыйзамдын бир эле талаш жери бар. Ал – үймө-үй кыдыруу маселеси. Бизде ушул кыдыруу маселеси жолго коюла элек болуп жатат. Кыдырууга чыгууга ким уруксат берет, кимдер даават айта алат, билими кандай болушу керек, аларды ким текшерет деген сыяктуу суроолор тартипке салына элек. Кыдыруу эрежесин так аныктап алышыбыз керек. Дааватка эч ким каршы эмес, азырынча мечиттерде, тойлордо, базарларда айта бергиле, – деди Жапаров.