Баңгизатка каршы күрөш: 1 жылда 961 адам жоопкерчиликке тартылды

Өлкөдө 2024-жылы баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында 15 тоннадан ашык баңгизат жана психотроптук каражаттар мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган. Бул тууралуу ИИМ маалымдады. Ошондой эле былтыр көмүскө иштеп жаткан 10 мыйзамсыз наркологиялык лаборатория жоюлуп, 98 кылмыштуу баңгитоптун ишине бөгөт коюлганы айтылды. Баңгизат кылмышына айыпталып издөөдө жүргөн 12 жаран, уюшкан кылмыштуу баңгитобунун 16 мүчөсү кармалган. 

– Жалпы 961 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган, анын 17си жашы жете элек балдар, дагы 17си чет өлкөнүн жарандары, – деп айтылат маалыматта.

Баңгизатка каршы күрөшүүчүлөр өздөрү бул жаатта кылмышка шектелип кармалган окуялар да кездешүүдө. 2024-жылы 7 милиция кызматкери баңгизат менен байланышкан коррупциялык иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылды. Жалпы алганда, бир жыл ичинде мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө байланыштуу 89 укук бузуулар аныкталып, 1,1 миллион сом суммасында айып пулдар салынган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1154, 24-30-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан