Аймактарга ипотекалык үйлөр курула баштайт

2025-жылы өлкөнүн аймактарына - Баткен, Кадамжай, Ноокат, Айдаркен жана Талас шаарларына ипотекалык үйлөр курула баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 21-январда Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жаңы кеңсесинин ачылыш аземинде билдирди. Иш-чарага катышкан Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ипотекалык үй алуудагы кезекке туруунун калыстыгына, күтүүсүз кырдаалдар жаралып, үй алган жарандар ипотекалык төлөмдөрдү төлөй албай калышса кандай чечимдер болоруна кызыгышты. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү санариптик кезек ачык-айкын экенин билдирип, кезеги жете электерге үй берилип кетпейт дешти.

Буга чейин мамлекет жетекчилиги өлкөдө 40 миңдей үй-бүлөгө үйлөр курулуп жатканын билдиришкен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1154, 24-30-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан