(Башы өткөн сандарда)
– Кандайсың, Ильяс? Бизден кабар албаганыңдан сага өзүбүз келдик...
– Жымжырттык... Атыр да үндөгөн жок. Жүрөгү канап, күндөшү менен Ильяс жанында турса да ичинен өрттөнүп жатканын сыртына чыгарган жок. Бул саамда Ильяс эмне деп сүйлөөрүн билбей аялын күнөөлүү көздөр менен карады, аны аяды, жаза басканын ал кандай кабыл аларын жүзүнөн билгиси келди. Бирок Атыр муздак жана суз калыпта турду. Башка эмне кылмак? Ажырашам десе 3 чиедей баласын тирүүлөй жетимге айлантып, Айым менен күйөөсүнүн мамилесинин уланышына жол ачып берип коймок. Ортодогу жымжырттыкты бузгусу келген Айым кайра сөз баштады.
– Ильяс, бир нерсе дечи, аябай оор абалда турам. Биздин мамилени аялыңдан башка баары билишет, жашыра турган эмнебиз калды? Колумда наристебиз турат...
Атыргүл үйдү үч көтөрүп чаң-тополоң салса да болмок. Бирок бул тиреште эмоцияга алдырса жеңилерин туйду. Акырын гана “Ильяс, силер сүйлөшө бергиле, акыркы чечим өзүңдө, мен чай коюп келейин” деп чыгып кетти. Атыр бөлмөдөн чыгып кетери менен Ильяс Айымга атырылды.
– Сен такыр уят-сыйыт дегенди жоготтуңбу, Айым, эмнеге үйүмө келдиң? Чыдап турбайт белең, барат болчумун бир күнү?!
– Качан, Ильяс, балаң 1-класска баргандабы? Сени канча күттүм, келгенге аргасыз болдум. Мага жардам бер...
– Айым, мен сени экинчи аялым кылып ала албайм. Атырдан баш тарта албайм, мен сага жазбай, чалбай, жооп бербей койгондо баарын түшүнүп боюнан алдырды го деп ойлогом. Билет элең го үй-бүлөлүү экенимди?..
– Ильяс, мен сенин сүйүүңө ишенгем, балалуу болсок мамилебиз мурункудан да ысык болот дегем. Сенин сүйүүң калп экенин кеч түшүндүм. Мага үйлөн деп мажбурлабайм, азыр мага каржылык колдоо керек. Шаарга кетишим зарыл, 1-2 жыл бала менен тыныгыча батиримдин ижара акысын төлөп берип тур.
– Макул, Айым, бирок ал каржылык колдоону эч ким билбесин. Суранам, экинчи бул үйгө келбечи, бир нерсе керек болсо жазып кой.
Ильяс Айым колуна кармап турган чүрпөсүнүн бетин да ачып караган жок. Тескерисинче, келинди баласы менен эртерээк үйдөн кетиргенге шашты. Ильястын мындай кайдыгерлиги ого бетер Айымдын жүрөгүн оорутуп, көңүлүн суутту. Айымды дарбазадан чыгарып коюп, үйүнө кирген Ильяс дароо Атырдын жанына барып сөз баштады:
– Атыр, жаным, кечир ит күйөөңдү, жаңылдым, бирок сенден кол үзөйүн деген оюм жок. Аталап ээрчиген тырмактай балдарымды тирүүлөй жетим кылбай жашайлычы. Эмне десең баарына макулмун.
– Мен баарын сезип, туюп жашадым, Ильяс, сени күтүп канча жолу жаздыгым суу болгуча көз жаш төктүм. Аялдын жүрөгү сезет экен. Сага айтсам такыр моюнуңа алган жок элең. Минтип канча жашырсаң да баары калкып чыгып калды.
– Атыр, суранам, балдарыбыз үчүн кечир.
– А сен бул келинди боюнда кылып жатканда эмнеге балдарыңды ойлогон жоксуң?
– Иттик менден кетти деп жатпаймынбы...
– Макул, Ильяс, мен сени кечирдим, сени Кудай кечирсин!
xxx
Чика менен Кадыр акеси Москва шаарынын прокуратурасында иштеген кызматкердин жардамы менен мурунку соттун чечимин даттанып, шектүү өз өмүрүн коргоо үчүн кылмышка барганын далилдешкен. Сот Баяндын 7 жылдык жазасын 2 жылга чейин кыскартып берди. Түш эле. Баян бир камерада отурган өзбек кызы Бахар менен тамеки тартып отурган. Бахар көптөн бери айта албай жүргөн сунушун ачыктады.
– Баян, жакында эркиндикке чыкканы турасың. Карыздарым толтура деп жатасың. Менде аябай кирешелүү жумуш бар, мен жаңы Москвага келгенде алектенип кыздарды тартып жүргөм. Ошол нерсе менен алектенбейсиңби? Аптасына 1000 долларга чейин тапсаң болот...
– Ал эмне жумуш, Бахар, сонун болмок, жарым жыл иштеп эле карыздарымдан кутулуп коймокмун.
– Вебкам дегенди уктуң беле?
– Жок...
– Онлайн жыныстык мамиле, буюртма берген кардарларды экран аркылуу кандырасың. Мына мындай болот,- деп телефонунан 2-3 видеону көрсөттү.
– Бахар, жинди болдуңбу, бул нерсенин баары интернетке чыгып шерменде болоюнбу акча үчүн?
– Эч ким көрбөйт, коопсуздук кепилденген, өзүң акчасы жакшы жумуш керек дедиң, мен сунуштадым, досум, калганын өзүң бил. Азыр мурункудай көчөдө туруп денесин саткан кыздар модадан калган, сойкулук да онлайнга өтүп кеткен. Иштей бер да, жарым жыл иштеп акча чогултуп Кыргызстанга кетип каласың.
Баян ойлонуп калды.
xxx
Баяндын эркиндикке чыгарын күтүп жүрүшкөн Кадыр аке менен Чика ага кийим-кече, азык-түлүк алып даярданып калышты.
– Чика, Баян кантсе да 2 жыл абакта отуруп койду. Эми эркиндикке көнө албай кыйналар бекен? Биздин жардамыбыз аябай керек болот бул кызга. Өткөндө телефон аркылуу сүйлөшкөндө такыр эле башка адам менен сүйлөшүп жаткандай болдум. Мурунку Баян кайтып келбейт го баары бир.
– Кадыр аке, билем, эсиңиздеби, сот залында “мени куткаргыла тамекинин түтүнүнө ууланып өлүп калам” дегени. Азыр өзү күндө 3 кутудан тамеки тартып жатыптыр. Өзбек, тажик улутундагы курбуларды таап, орусча сизден да укмуш сүйлөп калыптыр. Арга жок көндү да байкуш кыз.
– Ооба, сен да ал окуяга өзүңдү күнөөлүү сезип көп жардам кылдың, Чика, жакшылыгыңди билсе экен эми...
– Кадыр аке, Кудай билсе болду, мен кылган жардамдарымды милдет кылбайм. Баян Москвада калса дагы бир нерсеге илешет, эртерээк үйүнө кетириш керек.
– Ооба, соттолду деген аты калды, бул жакта жумушка орношуу деле кыйын болот, Кыргызстанга эле кеткени жакшы го..
– Абактан чыгып бир аз эс алгандан кийин акча чогултуп Кыргызстанга кетирели, ээ, Кадыр аке?
– Ошентели, Чика, бул жак соо адамды да бузат. Ансыз деле байкуш кыз көп азапты көрдү.
xxx
Атырдын кичүү баласы катуу сыркоолоп шаардагы балдар ооруканасында дарыланып жатып калышты. Эртең менен баласына ийне сайдырганы процедура бөлмөсүнө кирген Атырдын көзүнө ак халатчан ийне сайган медайым абдан тааныш көрүндү. Жүзүнөн митайымдыгы билинип турган медайым калп жылмайып Атырга минтти:
– Мени тааныгандай аябай карап жатасыз жанатан бери, каяктан көрдүм эле деп жатсаңыз керек. Мен сизди дароо тааныдым. Мурун жеке клиникада иштечүмүн, сиздин кайын синдиңиз биздин клиникада көз жарган, эстесеңиз керек.
Атыр айттырбай түшүндү баарын.
– Сиз кийин да келип бала саткандын акчасын көбөйтүп бергиле деп мага айтпадыңыз беле?
Атыр бир кызыктай болуп, өтмүшүн эстетип, жарасын тырмаган медайымды жек көрүп кетти. Бирок өзүн карманып, баланын чоо-жайы тууралуу билгиси келди.
– Ии, ооба, эстедим, бала жакшыбы, жакшы колдо дедиңер эле?
– Балаңар сонун, азыр 5ке чыкты, бакчага барып чуркап жүрөт. Мага кошуна келин багып алган эле, баласы да зирек, мээримдүү чыкты. Айтор, ал келин күйөөсү каза болгондон кийин жашоонун маңызын ушул баладан тапты. Өзүңдүн кайын сиңдиңчи, котормочу болдубу? Турмушка чыгып балалуу болуп калса керек, ээ?
Атыргүл унчуккан жок, кайын сиңдим азыр Орусияда абакта отурат деп айткандан уялды. Баласына ийне сайдыргандан кийин бат эле медайымдын бөлмөсүнөн чыгып кетти.
xxx
Кадыр акеси менен Чика Баяндын абактан чыгар күнүндө тосуп алганы абакка келишкен. 3-4 сааттай күткөндөн кийин да эч ким чыккан жок. Түрмө администрация кызматкерине кайрылса, ал “Баян деген соттолуучу кыргыз кыз кечээ эле эркиндикке чыгыптыр, силер кеч калыпсыңар” деп жооп берди. Кадыр акеси менен Чика бири-бирин таң калып карап түшүнбөй калышты.
– Кадыр аке, уккан кулагыма ишенбей турам, 2 жыл тынбай түрмөгө алыстан келип азык-түлүк ташыдык, агасы салган акчага жактоочу таап бердик. Эркиндикке чыкса бизге айтса керек эле, ээ?
– Ооба, менимче, айтмак, чыкса чалмак да, кантип эле?
– Балким, башка нерсе болуп жүрбөсүн, чыга элек болсочу?..
Кадыр менен Чика бири-бирин шекшип карап, Баянды каяктан издээрин билбей калышты...
(Уландысы кийинки санда)