Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Азим кадимкидей эле буркурап ыйлап жатты.

– Ар кимдин өз чындыгы бардыр,- деди да, Элес өз бөлмөсүнө кирип кетти. Бөлмөсүндөгү терезени ачып жиберип кенен дем алды. Асман туптунук. Тоолор шаңкайып, бийиктен бийик. Ааламда баары өз мыйзамы менен баратат. Жашоо уланууда. Жашоонун кыпындай бир бөлүгү болгон Жараткандын пендеси дагы деле тыбырчылап, жашоосун иреттей албай келет. Эмнелерди гана көргөн жок Элес. 10 жашында апасы аны таякесиникине таштап кетти. Таякеси жакшы киши болчу, бирок таажеңеси күн көрсөткөн жок. Өз кыздарын Элес менен гана салыштырып күн өткөрчү. Элестей сулуу, жакшы окуган, акылдуу жана күчтүү кыздары болбоду, бирок ал дал ушундай кызы болушун каалачу. Андай болбой калганда жинин, күчүн Элестен чыгарчу. Түзүк тамактарды катып, кээде Элеске каткан нан гана калтырып койчу. Бирок Элес анын эч бирине кабагым-кашым дебеди. Ичинде кандай буркан-шаркан түшүп жатса да, эч бир жан туйбаган мүнөзүн ошондо калыптандырган окшобойбу. Анын эмне ойлоп жатканын эч ким сезе алчу эмес. Ал тургай Али Акай дагы. Аны ушунчалык сүйгөн убагында да ачыла албады. Жүрөгүнүн тереңинде сактаган сырларын эч качан бөлүшө албады. Анткени Али таптакыр башка тарбияда өскөн адам эле. Бардар үй-бүлөдө чоңойгон. Энеси бөпөлөп баккан. Аны жашоосунда эч кандай саткындык, алдамчылык болгон эмес. Ошондуктан ал Элестин караңгы тарабын түшүнбөйт деп ойлочу. Сүйүүсү өчүп калат деп коркчу. Акыйкатта ушул адам үчүн жанын бергенге даяр болсо да негедир ачыла албады. Анткени наристе кезинен баштап адамдар анын алсыздыгын билсе таштап кетет деген ишеними бар эле. Ал дагы башка балдардай атасын, апасын сагынчу. Бирок эч бир заман ыйлап-сыктап, сезимдерин сыртка чыгара албады. Жашоо аны ушинтип күчтүү кылды. Бирок ал өмүр бою чындыкка ишенбей жашады.

 

xxx

16 жашында таякесиникинен качып кетти. Жай мезгили эле, курбусу экөө Чолпон-Ата шаарына барып кафелердин бирине жумушка орношту. Алыска кетсем таба албай калышат деп ойлогон. Кафеде иштеп жүргөндө шектүү чөйрөгө аралашып калды. Баары бир жаштык кылат да, кайдан жүрүп аларга чырмалып калды өзү деле билбейт. Өзүнөн бир топ жаш улуу кыздар болчу. “Жүрү, биз менен барасың” деп кошуп алышты бир күнү. Каякка, эмнеге барышарын да билген жок. Тигилердин майрамдагыдай жасанып алганына суктанып, көңүлү ачылып алар менен жөнөп кетти. Эки кабат үйгө келишти. Кечеге келе жатам деп ойлогон. Бир аздан соң эркектер келишти. Баары эки-экиден жупка айланышты. Эки жагын каранып корко баштады. Бардык эркектер аны кызыга тиктеп жатканын көрүп жаман болуп кетти.

– Ага кызыкпай эле койгула, ал шефтики,- деди каткырган Гулия.

– Хм, бизге силерге окшогон токумун жеген карышкырлар эле жарашат дечи.

– Кыйын болсоң, шефиңден биринчи озунуп көр.

– Өлө албай жүрүптүрмүнбү?

Биринин сөзүн бири жулуп алып Элеске таптакыр түшүнүксүз сөздөр сүйлөнүп жатты. Тигилерди ээрчип алганына өкүнгөн кыз бир бурчта жалдырайт. Эмне болуп жатканына өзү да түшүнбөй калды, шериктери бирден-экиден сыртка чыгып отуруп акырында бөлмөдө жалгыз калды. Бир убакта эшик ачылып жашы отуз бештердеги бир адам кирип келди.

– Салам!- деди ал эзелки таанышындай.

Эч нерсе деп айта албады. Эшикке эптеп жетсе, андан ары дыр коюп качканга даяр. Тиги анын ниетин түшүндү окшойт, жылмайып гана койду.

– Чыга албайсың, убара болбо.

– Мен булардай эмесмин!- деп өктөм унчукту Элес.

Тиги кашын серпе жылмайып койду.

– Көрүнүп турат.

– Алдап алып келишти.

– Машинеден өз бутуң менен эле түшүп жаткансың. Эч ким сени зордогондой болгон жок. Күлүп-жайнап эле кирип келдиң. Мен сени карап турдум.

– Ооба, бирок мен...

Элес сөз таба албай калды. Калтыраган колдорун кайда катарын билбей элеңдеген кыздын кебетесин көрүп тиги ого бетер сонуркады.

– Атың ким?

– Элес.

– Элестей кайып кете турган жан экенсиң.

– Ия?

– Эч нерсе. Жөн эле бир ыр саптары эске түшүп кетти. Канчадасың?

– Он алтыдамын.

Тиги таң кала ышкырып койду.

– Жок дегенде 18 бар деп ойлодум эле. Кичинекей турбайсыңбы? Бул чөйрөдө эмне кылып жүрөсүң? Атаң, апаң кайда, малышка?

Ошол ошол болду, Лимон аны дайыма “малышка” дечү. Кийин “мага антип айтпачы” десе деле болбой ушинтип эркелетчү.

– Атам, апам жок.

– Кимдин багуусундасың?

– Өзүмдүн.

Тиги күлүп калды.

– Эмнеге күлөсүз, өзүмдү өзүм багам. Англис тилине кичине балдарга сабак берем, официант болуп иштейм.

– Кимдин колунда жашачу элең?

– Таякемдин үйүндө жашачумун, качып кеттим.

– Эркиндикке чыкканыңа канча убакыт болду?

– Бир ай.

Лимон кызды аяп да, жакшы көрүп да карап турду. Элге зөөкүр көрүнгөн бул адамдын жүрөгүн Элес багынтты. Биринчи көргөндөн баштап, дал ошол күндөн баштап Элес анын эң алсыз тарабы болчу. Эч жеңе албаган кумары, эч коё бере албаган байлыгы, эч баш тарта албай турган адамы эле. Бул анын эч күнөөсүз өспүрүм абалында таанышканы үчүн же эч кимди сүйбөгөн, эч кимиси жок адамдын сүйүүгө, мээримге болгон кусасы болсо керек, ким билсин?.. Элестин алдында гана бет кабын чече алганы үчүн, балким, кымбат болгондур. Кыскасы, ал ошол күнү Элеске тутулган болчу.

 xxx

Али Акай Элестин апасын үйүнө алып келди. Буту баспаганы менен, Зейнеп апа абдан тың адам экен. Тамагын жасап, үйүн жыйнап, кичине чарбагын да гүлдөтүп жиберди. Эң башкысы, Алини өз уулундай аздектеди. Ал дагы жалгыздыктан кыйналган эле. Тунжураган үйүнө келип балдарынын сүрөтү менен гана сүйлөшүп жашаптыр ушуга чейин. Тамак ичсе ичип, ичпесе ачка жүрө берчү. Зейнеп апа келгенден бери түрлөп тамак жасап, кийимдерин жууп, иреттеп, үттүктөп койчу болду. Эң башкысы, Алини үйдө күткөн бирөө бар эле. Билинбегени менен экөө тез арада эне-бала болуп кетишти. Жумуштан чыкканда үйдө аны күткөн бирөө бар экенин билүү деле адамды бактылуу кылат тура. "Буту жок туруп ушунча иш жасайт, буту бар болгондо эмнелерди гана кылбайт эле?.." деп Зейнепти аяп кетет.

– Мен сизди алып келгенде кантип багам деп кабатырландым эле, сиз мени багып жатасыз го,- деди бир жолу тамашалап.

– Бир бутум менен таканчыктап, балдак менен бир аз убакытка тура алам. Араба менен жылып жүрүп иш кыла берем. Анын үстүнө чарчай турган деле жумуш жок.

– Сизге балдардын бөлмөсүн бөлүп бергеним жакшы болуптур. Күн жакшы тиет.

– Балам...

– Ии?

– Балдарыңдын буюмдарынын сакталып турганы...

– Сакталып турсун, апа, аларга тийбеңиз,- деди Али Акай так кесе.

– Сага эле жеңил...

– Балдарым табылат! Бир күнү ушул үйгө киришет, буюмдарын таанышат. Кызым 5 жашта болчу, жок дегенде ошонун эсинде калган болуш керек.

– Али...

– Алар табылат. Бир күн болбосо бир күн алар келишет... Сөзсүз!

Али ушуларды айтып жатып кантип көзүнөн жаш салаалап агып кеткенин байкабай калды. Зейнепке көрсөтпөйүн деп аракет кылса да болбой шолоктоп ыйлап алды.

– Алар келишет, чынбы, Зейнеп апа?

– Ооба, уулум, алар сөзсүз келишет.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан