“Жапайы робот” мультфильмин көргөн адамдардан “мен ыйладым” деген сөздү көп уктум. 2024-жылдын мыкты анимациялык долбоорлорунун катарын толуктады, анан да эң кассалуу тасмалардын ТОП-5тигине кирди. Жаш-карынын жүрөгүнөн орун таап, эмоция чакырган мультфильмдин жаралуу тарыхы да кызык болсо керек.
Тарткан өлкө: АКШ
Чыккан жылы: 2024-жыл, 27-сентябрь
Жанры: анимациялык илимий- фантастикалык фильм
Тарткан: DreamWorks Animation студиясы
Чыгарган: Universal Pictures
Режиссёру: Крис Сандерс
Узактыгы: 102 мүнөт
Бюджети: 78 миллион доллар
Топтогон каражаты: 325 миллион доллар
Үй-бүлөлүк тасма
Азыр ата-энелер китептен балдарына жомок окуп береби билбейм, бирок менин балалыгымда жомокторду көп уккам. Анан да сүрөттүү жомок китептер жагар эле. Сүрөттөгү жаныбарларды элестетип, азыр да көрө элек жандыктар боюнча чыныгы жашоодо да ошондой келбетте деген ишеним бар. Анан техниканын заманы келди, мультфильмдердеги каармандарга да ушунчалык “жан кирди”. Спецэффекттер, компьютердик графикасы жакшы болуптур же жаман болуптур деп сындап калдык. “Жапайы робот” мультфильминде жаратуучулар кайра балалыкка жетелегендей болду. Каармандар, жаратылыш акварель боёгунун жардамы менен тартылган таасир сакталыптыр. Анан да жаныбарлардын мамилесиндеги келишпестик, жөнөкөйлүк, боорукерлик, роботту да жибиткен энелик мээрим, сүйүү сыяктуу эмоциялар адамды кайдыгер калтырбайт.
Энеге айланган робот
Мультфильмди көрө электер үчүн спойлер. Universal Dynamics компаниясына таандык роботторду ташып бараткан кеме деңиз бороонуна туш болуп чөгүп кетет. Роботтор салынган контейнерлер ар кайсы жакка чачырап, көбү жараксыз абалга келип, арасынан Роззум-7134 кыскача Роз аталышындагы роботту деңиз толкуну белгисиз аралга алып барып таштайт. Жээкке чыгып калган Розду суусарлар кокустан активдештирип алышат. Роботтун негизги кызматы – кожоюну берген тапшырманы аткаруу болуп эсептелгендиктен Роз ага тапшырма берчү жандыктарды издейт, жаныбарлардын тилин да өздөштүрөт. Бирок токой жандыктары андан коркуп, жакын жолобой качышат. Эч ким анын жардамына муктаж эмес экенин билген Роз, өзүн чыгарган компанияга белги берип кетейин деп чечкенде ага чагылган тиет. Кайра активдешкен учурда айрым тетиктерин еноттор уурдап кеткенин билет. Еноттордун артынан кууган Роздун алдынан гризли аюу чыгат. Аюудан качкан робот кокустан бакты жыгып, анын кесепетинен жумуртка басып жаткан каз эне өлүп калат. Аман калган жалгыз жумуртканы Финк деген түлкү алып качат. Роз акыры Финкке жетип, жумуртканы сактап калат. Андан аман-эсен каздын жөжөсү чыгып, роботту энеси катары кабыл алат. Эми Розго тапшырма берилет – ал каздын жөжөсүн чоңойтуп, учканды үйрөтүшү керек. Убагы келгенде ал башка каздар менен жылуу жакка кыштаганы учуп кетишет. Роз менен Сарытумшук деп атап алган каздын жөжөсүнүн алдында дагы далай кызыктуу, коркунучтуу, аянычтуу окуялар күтүп турат...
1 жылда даяр болгон
“Мультфильмдин негизги тарбиялык мааниси – боорукерлик жашоо үчүн күрөш болгон жерде негизги курал болушу керек” дейт анимациянын режиссёру Крис Сандерс. Режиссёр “Жапайы роботтун” китебин кызынын колунан көргөн. “Жапайы робот” жомогунун автору Питер Браун, жазуучу бул чыгармасын 2016-жылы чыгарган. Бир нече жыл мурун кызы аркылуу таанышкан романды экрандаштырууга чакырык алганда режиссёр чындап таң калып, дароо макулдугун берген. Тартуу иштери 2023-жылдын сентябрь айында башталып, бир жылдан кийин даяр долбоорду көрөрманга сунушташты. Алдыда мультфильмдин экинчи бөлүмү тартылат дешет жаратуучулар. Киносынчылардын дээрлик 98 пайыз жакшы пикирине татып, кошумча прокатта бюджетин 4 эсе актаган биринчи бөлүмү “Оскар-2024түн” кайсы бир номинациясында жеңишке жетет деген үмүт чоң.
Эмнеге көңүл буруу керек?
1. Мультфильмден кызыктуу визуалдык көрүнүштөрдү көрөсүз. Техника менен жаратылыштын айкалышуусу, бири-бирин толуктоосу жакшы чагылдырылган. Керекпи, Роз өзүн техника эмес, ошол аралдын тургуну катары эсептеп баштайт.
2. Энелик мээрим, сүйүү. Роботту өзгөрткөн энелик инстинкттин күчтүүлүгүн байкайсыз. Баланы өстүрүүдө даяр нерсени берип коюунун ордуна баарын чогуу жасоо, сүйлөшүү баалуу болорун билет, күнүгө бала тарбиялоо боюнча программасын толуктап, жаңылап турат. Сүйүү жана мээримсиз бала тарбиялоо мүмкүн эместигин түшүнөт. Роз менен Сары тумшуктун мисалында адамдардын ата-энелик мамилеси кандай болушу керектиги, сабак алчу учурлар чагылдырылган.
3. Коомдогу орду. Мультфильмде ар бир жандыктын коомдогу ролу, орду анын жашоосуна чоң таасир берери көрсөтүлгөн. Мисалы, Роз, Сары тумшук жана түлкү Финк өз коомунун “өгөй балдарындай”. Биринчисин жансыз техника, желмогуз катары көрүшөт. Сары тумшукту болсо алсыз, ата-эне, бир туугансыз, робот баккан башкача каз деп өгөйлөшөт, ал эми түлкүнүн болсо достору жок. Анын жамандыгынан эмес, болгону кантип дос күткөндү, ким менен кантип сүйлөшүү керектигин билбейт. Мына ушундай коомчулук “өгөйлөгөн” 3 каарман биригип үй-бүлөгө айланышат.
4. Адамгерчилик. Тасмада адамдар катышпаганы менен, баштан-аяк биздин күнүмдүк жашообуз, бири-бирибиз менен болгон мамилени көрүп жаткандай сезим жаралат. Каарман күлсө күлүп, кайгырса кайгырып...
5. Юмор. Мультфильмде балдарга эле эмес, чоңдорго да арналган юмор көп.
Кыскача фактылар
* Жазуучу Питер Браундун “Жапайы робот” китеби 20дан ашык тилге которулган. Бул чыгармасы үчүн автор көптөгөн сыйлыктарды алган. Питер бир күнү бактагы роботтун сүрөтүн тартат. Өз эмгегин карап отуруп “робот жапайы аймакка түшүп калса эмне болмок?” деген ой жаралып, ушул идеянын аркасы менен “Жапайы робот” чыгармасын жазган.
* “Жапайы робот” DreamWorks Animation студиясы өз күчү менен тарткан акыркы тасма. Мындан ары студия башка анимациялык компаниялар менен иштешмекчи. Себеп: финансылык тартыштык. Анан да бул мультфильм студия үчүн юбилейлик 50-долбоор болуп калды.
* Романдагы кээ бир каармандар мультфильмге кошулбаган же тескерисинче, мультфильмде бар каарман романда жок учурлар кездешет.
* Робботтун Роззум аталышы славяндардын “розум – мээ, акыл-эс” деген маанини берген сөзүнөн алынган.
* Мультфильмдеги графиканын көбү колго тартылган. Жаратылыш фону, пейзаж, каармандардын баары сүрөтчүлөрдүн колу менен тартылган. CGI’дын жардамы Роздун кээ бир эпизоддорунда гана колдонулган.
Асыл Орозбекова