Каарманым, жаш актриса Мадалена Абдрахманова 90-жылдарды көз алдыбызга тарта турган “Ашыгым” тасмасында башкы каармандын ролун жаратты. Аны менен кино, келечек, жашоо тууралуу баарлаштык. Жаш болсо да олуттуу ойлорду ортого салды.
– Мадалена, “Ашыгым” тасмасындагы жараткан ролуң карьераңдагы олуттуу ролдордун бири болду окшойт?
– “Ашыгым” – мен башкы ролду ойногон үчүнчү тасма болду. Башка тасмалардан айырмасы – сүйүү сценалары көп, аты эле айтып тургандай, ашык болгондор тууралуу тасма. Биздин ата-энелердин доорун, 90-жылдарды камтыган кино, ашыктык эле эмес, достук, жашоого болгон көз караштар тууралуу. Тасмага тартылуу сунушун жолдошум Нуркулга айтышыптыр, кастингге бардым, жактырышты. Билишимче, кастингге көп кыздар катышкан экен, роль жаратуу мага буюруптур.
– Режиссёр менен иштешүү жеңил эле болдубу?
– Мурунку тартылган “Жылкычы чымчык” тасмасын тарткан жигит режиссёр эмес болчу, анын биринчи тасмасы эле. Андыктан көп деле талап болгон эмес. “Ашыгымды” тарткан Манас Халдаров байке абдан башкача экен. Режиссёр кинодогу негизги адам экенин ушул тасмада түшүндүм, талаптары, киного көз карашы жакты.
– Болочок журналист деп билчү элем, бирок сени мындан ары актриса катары тааныйт окшойбуз...
– Ооба, журналистикада 3-курста окуйм. Азыр так чечим жок, туман болуп жатат биягы (күлүп). Блогер катары иш алып барамбы же актрисалык менен кетемби, балким, журналистикадан өзүмдү табамбы, билбейм. Өзүмдү ушул тармактарда издеп жаткан кезим. Кээде "жашмын, баарына жетишем, үчөөнү тең бирдей алып кеткенге болот" деген да ойлор келет.
– Журналистикага өз каалооң менен тапшырдың беле?
– Негизи башынан эле актриса болгум келчү, бирок ата-энем анча каалашпады. Алар мага “врач же мугалим бол” дешкен. Медицина тармагында өзүмдү көрө албадым, мугалим да болгум келген жок. Чыгармачылыкка жакын деп журналистика тармагын тандап алгам. Ата-энемдин мага "актриса болбой эле кой" дешкенинин себеби – алар ошол тармактын түйшүгүн жакшы билишет. Ошондуктан “жеңил эле кесип аркаласын” дешсе керек. Баары бир кино жакка жүрөк тартып, актриса катары күчүмдү сынап жаткан кезим.
– Атактуу болгуң келеби, кайсы чекти элестетесиң?
– Актриса катары атактуу болууну каалайм. Учурда атактуулуктун деле чеги жоктой сезилет. Ошентсе да реалдуу карасак, биринчи өз элибиздин жарымына атыбыз чыгып таанылып алалычы, калганын кийин көрөбүз.
– Чыгармачылыгыңа учурда ата-энеңдин көз карашы кандай? Балким, сыймыктанып жатышат...
– Алар актриса болуума түздөн-түз каршы чыгышкан эмес да, “такыр болбойт” дегендей тыюу жок эле. Кайсы кесипти тандасам да макул болушмак. Тескерисинче, кичине кезимде театрга ээрчитип барып, кээде роль да аткартышчу. Бирок алар мени блог алып барат, кинолорго тартылат деп ойлошкон эмес. Эл көзүнөн алыс, тынч жашоомду каалашса керек. Турмушка чыгат, мугалим же стоматолог болот деп эле ойлошкон чыгар. Азыр аларда кандай сезимдер болуп жатат билбейм, сураган эмесмин (күлүп).
– Энелик жоопкерчилик оор бекен?
– Азыр сезиле элек, кызыбыз бир жарым эле жашта. Жумшакмын, ушуга чейин бир да жолу урушуп же кыйкырып көргөн жокмун. Жолдошум Нуркул мага караганда катуурак болот, менимче. Мен кызым менен курбу болсом керек. Бир нерсени так билем, кызымдын каалаганына коём. Анткени мени ата-энем абдан катуу кармашкан. Эч кайда чыкчу эмесмин, курбулар менен жолугушууга, киного же кафеге баруу менин түшүмө да кирчү эмес. Менден кийин эки сиңдим бар эмеспи, аларды карап эле үйдө отурчумун. Өспүрүм куракта эки жакка чыгып, курбулар менен жолугушууну абдан каалачумун, анткени бир нерсеге тыюу салып койсо ошого огобетер кызыгып каласың да. Курбуларым, мисалы, “бүгүн кофейняда кофе ичтик” десе деле мага кызык боло берчү. “Ай-ий, ошондой болдубу?” деп тамшанып кала берчүмүн. Кызымды мага окшоп "көрбөй калдым, билбей калдым" дебей чоңойсун деп эркин өстүргүм келет. Албетте, таптакыр эле бош коё берип жибербесем керек, бирок ашыкча чектебейм.
– Ата-эне деле балабыз жакшы болсун дейт да...
– Ата-энеме бир да жолу каршы чыккан жокмун. Мен ата-энесин уккан 90-жылдардын акыркы мууну болушум керек (күлүп). Ошол жылдардагы эрежелер, ыкмалар менен чоңойдум. Бир нерсени ойдогудай кылбасаң уруш угасың дегендей.
– Турмушка чыкканда эркиндикти сездиңби анан?
– Жок, кайдан?.. Ата-энемдин ордунда жолдошум болуп калды. Нуркул катуу кармайт, ата-энем катуу кармагандыктан мен үчүн бул нормалдуу эле нерседей кабыл алынды окшойт. Мага оор деле эмес бул нерсе. Жолдошумдун мүнөзүн жакшы билем, жок десе жок, бир сүйлөйт. Менин ата-энем деле актёр, актриса эмеспи, бирок алардын мамилеси гармониялуу, бизде бир аз тирешүү бар. Бирок ичимден мен артка чегинишим керек экенин дайыма билип турам.
– Ата-энесинин мамилесинин үлгүсүн кээде айымдар өзүнүн турмушунда эреже катары колдонууга аракет кылышат эмеспи, балким, сенде да болду?
– Башында биздин үй-бүлөгө киргизгенге аракет кылдым. Ошондо Нуркул айтты, “ар бир үй-бүлөнүн өз эрежелери болот. Сенин үй-бүлөңдүн эрежелери башка, менин үй-бүлөмдүн эрежелери башка. Ошондуктан биз башкалардын эрежеси менен эмес, өз эрежебиз менен жашайлы” деди. Макул дедим, башка аракет кылган жокмун.
– Жолдошуң сенин чыгармачылыгыңа чектөө киргизсе макул болосуңбу?
– Азыр эле Нуркул тараптан “токтотосуң го” деген нерселер башталып жатат (күлүп). Карьера, кино деп үй-бүлөмдү курмандык кылбайм да. Албетте, үй-бүлөмдү тандайм.
– Тасма ашыктык тууралуу болсо, жолдошуң кызгандыбы?
– Башында кызганган эмес, бирок азыр кызганып жатат окшойт. Анткени тартуу иштеринин башында мага кошулуп келип жүрүп, кийин келбей калган. Тасманын толук вариантын эми көргөн үчүн ошондой сезим болуп жатат окшойт. Башында “эгерде мен кызганган сценалар болсо, анда сен ролду жакшы аткарган болосуң” деп айтып жаткан. Демек, жакшы аткарган окшойм.
– Кызыктуу маек куруп бергениң үчүн рахмат. Чыгармачылык эргүү каалайбыз!
Нуржамал Жийдебаева