Каржы министрлигинин “Граждандык бюджет” документине караганда, 2025-жылы Кыргызстанда орточо эмгек акы 38 336 сомду түзөт. Министрликтин божомолуна ылайык, 2026-жылы бул көрсөткүч 40 876 сомго жетсе, 2027-жылы 43 585 сомду түзмөкчү. Ошондой эле жашоого зарыл болгон минималдык керектөө куржуну да өсөт деп белгиленет документте. Министрлик маалымдагандай, 2025-жылы төмөнкү керектөө куржуну 7963 сом деп эсептелсе, 2026-жылы ал 9100 сомго чейин жогорулайт. Ал эми 2027-жылы 9500 сомго жетери айтылат. Мындай динамика инфляциянын жана чыгымдардын көбөйүшү менен байланыштуу экени айтылууда. Экономисттер айлык акынын өсүшү реалдуу жашоо деңгээлин жакшырта алабы же жокпу, инфляциянын таасирине жараша болот деп белгилешет.