Дүйнөлүк чарттарды багынткан “Сигма-бой” ырын жайылтууга депутаттар каршы...

Сигма, сигма-бой, сигма-бой, сигма-бой,

Каждая девчонка хочет танцевать с тобой.

Сигма, сигма-бой, сигма-бой, сигма-бой,

Я такая вся, что добиваться будешь год.

Европарламентте, Орусиянын Мамлекеттик Думасында “Сигма-бой” ырын жайылтууну токтотуу тууралуу маселе каралды. Өспүрүм кыздардын аткаруусундагы чыгарма эмнеге саясатчыларга, активисттерге жакпай калды? Анда сөз башынан болсун. 2024-жылдын октябрь айында 11 жаштагы Betsy (чыныгы аты-жөнү Светлана Чертищева) жана 12 жаштагы Мария Янковскаянын аткаруусунда “Сигма-бой” ыры жарык көргөн. Ыр аз убакыттын ичинде 70 миллиондон ашык кароо топтоп, андан сырткары бул ырдын кайырмасынын коштоосунда тартылган видеороликтердин саны да миллиондук көрсөткүчтөрдү ашып өткөн эле. Орусияда эле эмес, ондогон мамлекеттен көрүүчү топтогон чыгарма дүйнөлүк Billboard Hot Dance/Pop Songs чартынын ондугуна кирип (орус шоу-бизнесинде аталган чарттын ондугуна кирген чыгарма жок), Билли Айлиш, Ариана Гранде, The Weekend сындуу популярдуу ырчылардын катарынан орун алды. Орус шоу-бизнесин дүйнөлүк деңгээлге чыгарып жаткан ырга Европарламенттин да көңүлү бурулду. Эмнеге? Немистердин Volt партиясынан депутат Нела Риль “Сигма-бой” ыры патриархалдык жана орусиячыл көз караштарды жайылтууда” десе, радикалдык православдык “Сорок сороков” кыймылынын активисти “ыр өспүрүмдөргө сексуалдык мүнөздөмө берип, жаштарды адепсиздикке жана бузукулукка үндөйт” деп, Башкы прокуратура чыгарманы текшериши керек деген. Мамлекеттик Думада да бул чыгарманын таасири жөнүндө сөз болуп, аны актагандар, тагыраагы, “бул жөн гана өспүрүм кыздардын маанисиз ыры”, “орустардын маданияты дүйнөлүк деңгээлге чыгышына ич күйдүлүк кылып жатышат” деген эл өкүлдөрү болгон. Анан да “дүйнөдө башка маселе жок калгансып, Мамлекеттик Думада, болгондо да фракция лидерлери бул чыгарма тууралуу маселе көтөрүп чыкканы туура эмес” деген Коопсуз интернет лигасынын жетекчиси Екатерина Мизулина.

Ырды Betsy’нин атасы композитор Михаил Чертищев жазган. Чыгарма жаштардын тили менен айтканда, брейнрот-контентке (түзмө-түз котормосу “мээни чиритүү”) кирет да, мааниси – маанисиз нерсе болуп саналат. Олуттуу бир тема камтылган эмес, болгону сигма – кыйын, өз максатына жете билген бала катары сүрөттөлөт, ошол эле учурда ал кыздардын көңүлүн бурдуруу үчүн 1 жыл керектиги айтылат. Айтор, ырдан маани деле таппайсың.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1156, 7-13-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан