Кой
(21.03–20.04)
Бул аптада жумушта, үй иштеринде же сүйүү жаатындагы кандай гана демилге болбосун жакшы кабыл алынат. Жаңы долбоорлорду ишке ашыра аласыз же мурда бүтпөй келген жумуштарды колго алсаңыз болот. Романтикалык сезимдерди ачыкташ үчүн биринчи кадамды мен кылбашым керек деген ойдон алыс болуңуз. Ким биринчи аракет кылса, жеңиш ошонуку экенин эске тутуңуз. Аптанын аягында нерв кылдарын “черткен” окуяга туш болушуңуз ыктымал.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Энергияны жогорулатуу, толтуруу үчүн арт-терапия сыяктуу чыгармачылык менен алектенип көрүү сунушталат. Негизгиси, бир орунда турбаңыз, көңүлүңүзгө жаккан нерсе менен алек болсоңуз, чарчаңкы абалдан кутуласыз. Иш күндөрү пайдалуу таанышуулар орун алмакчы. Жумушта демилгечи болуңуз, жетекчилик тарабынан колдоо табасыз. Каржылык жаатта олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт, андыктан карыз сурап калбоо үчүн соода-сатык иштеринде сарамжал болуңуз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Финансы жаатында абайлашы керек болгон жылдыздардын дагы бири – эгиздер. Тапканынан короткону көп деген фазадан чыгып, тапканынын бир бөлүгүн көбөйтүү үчүн сактаган фазасына киришиңиз керек. Көрө албастардын негативине, терс энергиясына кабыласыз, андыктан бул күндөрү менталдык ден соолугуңузга кам көрүп, эмоционалдык жактан туруктуу жана күчтүү болуңуз. Эс алууга убакыт таппай кыйналасыз, убакытты туура бөлүштүргөнгө аракет кылыңыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Өзүңүзгө кам көрүүгө ылайыктуу учур. Күнүмдүк түйшүк, бүтпөгөн жумушту жылдырып, саякатка чыгыңыз, массажга барыңыз, гардеробду жаңылаңыз. Түйшүктөн аз да болсо алаксыганыңыз сизге күч, энергия тартуулайт. Катаны моюнга алып, аны түзөгөнгө аракет кылыңыз. Бирөөнүн жашоосуна кийлигишип кеңеш айтып алып, жакын адамыңызды таарынтып алышыңыз мүмкүн. Тамак-аштан уулануу коркунучу бар, андыктан жеген тамагыңыздын сапатына көңүл бөлүңүз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жумушта ката кетирбегенге аракет кылыңыз, болбосо аны оңдойм деп убара тартып каласыз. Бул күндөрү карызга акча сурап келгендерге сылык гана баш тартып коюңуз, болбосо ала албай кыйналасыз. Апта жалпысынан сиз үчүн позитивдүү маанайда өтөт. Жолдо жүргөндө кырсыктардан алыс болуу үчүн ички туюмуңузга ишениңиз. Ишемби, жекшемби күндөрү чоң нерсе пландабай, өз үйүңүздө тынч эс алганыңыз жакшы. Болбосо, кийинки аптада кыйналып каласыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Кызганычтын айынан түгөйүңүз менен пикир келишпестик жаралышы ыктымал. Абалды курчутпай, компромисске барганга аракет кылыңыз. Жаңы иш баштап жаткандар жалкоолук дегенди унутуп, тобокелчиликти алдыга кармап эмгектенүү сунушталат. Аптанын экинчи жарымында бейтааныш адамдан өзүңүзгө пайдалуу маалымат угасыз. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселелер чыгышы мүмкүн, андыктан кайсы учур болбосун документ иштеринде так болуңуз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Таразалар бул аптада өтө токтоо болуп, материалдык нерселерден руханий нерселерди артык көрүшөт. Өзүңүзгө эс алууга жана көңүл ачууга мүмкүнчүлүк бериңиз, түгөйүңүз менен романтикага жол бериңиз. Болбосо, жеке жашооңузда кыйынчылыктарга туш болосуз. Апта эсте каларлык окуяларга бай өтөт. Жумушта өз дареметиңизди толугу менен көрсөтүп, жакшы жыйынтыкка жете аласыз. Ката кетирдим деп капа болбоңуз, негизгиси, ал катаны кайталабоо керек.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жумушта, үйдө, окууда болобу, сиздин аралашууңуз зарыл болгон маселелер чыгып, жетишүү үчүн ар тарапка чуркап чарчайсыз. Адамдарды талдай билиңиз, болбосо алданып калуу коркунучу бар. Күтпөгөн адамдан көптөн бери эңсеп келген белек алып кубанасыз. Каржы жаатында көңүлүңүзгө толорлук өзгөрүүлөр орун алат. Достор арасында өзүмчүлдүк сапатыңызды ооздуктаңыз, болбосо пикир келишпестиктин артынан жакын адамыңыздан айрылып, өкүнүп калышыңыз толук мүмкүн.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптада көбүрөөк башкалардын кеңешине кулак салуу сунушталат. Айрым маселелерди ошол кеңештердин жардамы менен чечип коюу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бойдоктор жаңы таанышууларга көп үмүт артпай деле койсо болот, романтика көпкө узабайт. Ал эми үй-бүлөдө жана достор арасында мамилелер бекемделет, гармония орун алат. Муктаждарга канчалык жардам колун көп сунсаңыз, ийгилик ачкычы сиз үчүн каалаган эшикти ачып берет дешет жылдыздар.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Позитивдүү нерселер жөнүндө ойлонуп, көбүрөөк кыялданып, терс ойлорго, адамдардын терс пикирлерине көңүл бурбоо керек. Иш күндөрү динамика жогорулап, көп нерсени бүтүргөнгө жетишесиз, дем алыш күндөрдү утурлай тынчтыкты самап, уйкуну кандыргыңыз келет. Атаандаштар тарабынан сизди каралоо иш-аракеттери болушу мүмкүн, баамчылдык сапатыңызды ишке киргизип, алдыга койгон максаттарды чала тааныш адамдар менен бөлүшүүдөн сак болуңуз.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Апта сизге өзгөрүлмө учурларды тартуулайт. Бир туруп ийгиликке жетишип, кайра жасаган жумушуңуздан жакшы натыйжа көрбөй чарпылышыңыз ыктымал. Жумуштан сырткаркы жашооңуз кубанычтуу окуялар менен коштолот. Жакындарыңыздан жагымдуу белек алып кубанасыз. Эки адамды элдештиргенге себепчи болушуңуз мүмкүн. Дем алыш күндөрү бирөөнүн айтканы боюнча эмес, өз акылыңыз менен иш кылуу сунушталат, ички туюмга ишениңиз.
Балык
(20.02–20.03)
Акылмандык, кырдаалга сергек баа берүү – мунун баары бул аптада жакшы убакыт өткөрүү жана анын ичинде көп нерсеге жетишүү үчүн зарыл болот. Сиз үчүн жагымдуу апта. Этият болушуңуз керек болгон бир гана нерсе бар – капчыгыңыз өтө тез бошоп калышы мүмкүн. Андыктан соода-сатык түйүндөрүнөн алыс болуңуз. Бул күндөрү романтикалык жагдайлар жумушту экинчи планга жылдырат, көңүлүңүздү, убактыңызды үй-бүлө куруу, же болбосо аны бекемдөөгө арнаганыңыз жакшы.