Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Таң эми агарып көзүн ушалап турган Чикага бирөө телефон чалды. Тутканын ары жагында чыккан үндүн ээсинин катуу кабатырда экени билинип турду.

– Алло, Чика бекен бул?

– Ооба, дал өзүмүн...

– Менин атым Бахар, Баяндын абалы оор, кечээ баңгизатты ашыкча колдонуп эсин жоготуп калыптыр. Азыр эс-учун билбеген абалда жатат экен. Тез туугандарына чалгыла.

– Эмне? Баянбы?! Каякта, мага дарегин бергиле.

– Москва наркологиялык клиникасында. Мен сага геолокациясын жөнөтүп коём.

– Неме, силер кимиси болосуңар?..

Түүт-түт... Бахар бат эле тутканы коюп салды. Бир мүнөт өтпөй Баян жаткан клиниканын дареги жазылган билдирүү Чиканын телефонуна келди. Бахар өзү тууралуу маалыматты жашырыш үчүн эч нерсе айткысы келген жок. Сойкулукка анын алып келгени билинсе көп ызы-чуу болмок. Анын үстүнө Баянды притондон эс-учун жоготуп жаткан жеринен полиция кызматкерлери табышкан, чуулгандуу окуяга аралашып калбайын деп эртерээк из жашырып кеткиси келди.        

Чика Баян жаткан клиникага келип, анын аты-жөнүн айтып сураштырып баштады. Көрсө, Баян бир жумадан бери оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатыптыр. Дарыгерлер “баңгизатка ууланган, дем алуу органдары, кан басымы, жүрөгүнүн согушу начар, бардык нерсеге даяр болгула” деп эскертишти. Чика дароо Атыргүлгө чалып окуя боюнча кабардар кылды. Атыргүл бир сыйра кайын сиңдисинин абалына кейип алды:

– Чунак кыз, өзүңдү-өзүң кордоп жатасың, эмнеге жолуң катуу болду, бир жакшынакай адамдардын үй-бүлөсүндө чоңойдуң. Апам сага тарбия берүүдө кайсы жерден ката кетирди экен?.. Сени ушундай абалда таштап койсом апаңдын арбагы кечирбейт. Күндө түшүмө кирип жатат, сага кабатыр болуп жатса керек. Байкеңдин кылганы болсо бул, үстүмө токол алып алды. Сабырым кайсы жерден түгөнөр болду экен?

        xxx

Баян эки жума дегенде өзүнө келип көзүн ачты. Ичи аппак, таптаза палатада жатканын көргөн ал:

– Чика, мен каяктамын? Колумду кыймылдата албай жатам го?- деп кабатыр болду.

– Кыймылдаба, Баян, суранам, дарыгерлер сени тынч жатсын дешти.

– Мени ким алып келди бул жакка?

– Полиция кызматкерлери...

– Кантип? Мен алардан качып жүрсөм, алар мени клиникага алып келишиптирби?

– Билбейм Баян, сен өзүң каякта иштейт элең, ошол жерде эс-учуңду жоготуп жаткан жериңден таап келишиптир.

– Аа, эми түшүндүм...

– Баян, суранам, Кыргызстанга кетчи, бул жакта келечегиңе балта чабасың, байкең, жеңең келсин деп жатышат сени.

– Кайсы келечек, Чика, менде келечек калдыбы, кыялдардын баарын мектеп курагымда эле талкалап койгом. Чарчадым чын, Кадыр аке мени куткарбаганда сууга агып, азыр апамдын жанында жүрөт белем?.. Эмнеге мени куткара бересиңер, мен жакшы кыз болгум келбей калды, бул ушунчалык оор жүк экен. Байкем, жеңем, эми сен Кадыр аке экөөңөр мага жабыштыңар да калдыңар. Жайыма койгулачы мени, мен тынч апама кетким келет. Бул жашоодо эч нерсе кызыктырбай калды. Кет бар, эшикти жап, келбе! Полицияны чакыр, мен көп кардарларды алдап тонодум, баңгизат колдонуп сатып жүрдүм, баарын айтып берем, мени камашсын.

– Баян, жинди болбочу!

– Кет! Жоголгула! Эч кимиңерди көргүм келбейт. Мени мындан ары куткарбагыла!

– Баян, жеңең чалып сенин жоголгон балаң табылганын айтты, ушуну сага жеткирип кой кой деген.

– Калп айтпа!

– Чын, Баян. Балаң 5ке чыгыптыр, багып алган энеси катуу ооруп багар эч кимиси жок балдар үйүнө берем деп жатыптыр.

– Менин баламдыбы?

– Ооба, Баян, мага ушинтип айтты.

– Чика, чыныңды айт, мен көп кишиге алданып жүрөгүм катып калган, мени сооротуш үчүн алдап жаткан болсоң кечирбейм!- деген Баян ыйлап жиберди. Анын абалын карап туруп Чиканын да көзүнөн жаш агып кетти.

– Ооба, Баян, сенин балаң табылыптыр. Калганын жеңең айтып берет.

– Чика, берчи телефонуңду, сенде жеңемдин номери бар, ээ?

– Ооба, ме,- деп Чика шашып кол телефонун курбусуна карматты.

 xxx

Палатада жаткан Баян жылмайып улам-улам жеңеси вотсапптан жиберген мотурайган баланын сүрөтүн карап өпкүлөп жатты:

– Жаным, берекем, жакында жаныңа барам, эми дайыма жаныңда болом. Канатым болсо, азыр учуп барбайт белем...

Баян кетем дегенде дарыгерлер коё беришкен эмес. Дарылануу курсун толук аяктамайынча жибербейбиз деп коюшкан. Баян дагы 2 жумадай клиникада калды. Бирок Кыргызстанга кеткенге билет сатып алып, кийимдерин ырастап эчак даярданып койгон. Кетер күнүн күн-түн уктабай күттү.

 xxx

Баяндын келер күнүн күткөн Атыр менен Ильяс үйдө атайын ага бөлмө даярдашты. Баласын шылтоо кылып, алдап чакырышканы менен, баланы багып алган энеси береби-бербейби белгисиз эле. Клиникада иштеген медайым менен Атыргүл сүйлөшүп турчу. Баяндын баласын багып алган келин ал медайымдын кошунасы эле. Бала көчөгө ойногону чыкканда баланы сүрөткө тартып, ал медайым улам Атыргүлгө жиберип турган. Атыргүл ал сүрөттөрдү Баянга жиберип ишендиргенге аракет кылган. Эртең Баян келет деген күнү Атыргүл менен Ильяс кабатыр боло башташты.

– Ильяс, тиги келин баланы көрсөтпөйм, бербейм десе керек, Баянга эмне дейбиз эми?

– Баян менен өзүм сүйлөшөм. Ал баласын тапканына эле сүйүнүп төбөсү көккө жетип жатат. Калган маселени акырындан чечебиз. Ал келин бербесе да Баян баласын көрө тургандай сүйлөшүүгө жетишсек болот да. Же ошолор жашаган жерден батирге чыгып алар менен дос болуп алат.

– Билбейм, калп айтып алдап чакырганыбыз туура эмес болуп калгандай.

– Биз алдап чакырбасак Москвада дагы эмне болуп кетер эле ким билет, чоң кырсыктан сактадык, тескерисинче. Өзүңдү күнөөлүү сезе бербечи, Атыр, өзүмдүн карындашым го, калганына өзүм жооп берем. Бир нерсе десе мени күнөөлүү кылып кой, мейлиби?

– Макул,- башын ийкеди күйөөсүнө ыраазы боло Атыр.

Ушул маалда Ильястын телефонуна чалуу келди. Ильяс Атыргүлдү бир жолу шектүү карап алды. Телефондон Айымдын өңгүрөп ыйлаган үнү угулду.

– Ильяс! Балабыздын талмасы кармап калды, “Тез жардам” менен бара жатабыз, тез келе калчы!

– Эмне болду, кырсыктадыңарбы?

– Жок, 2-3 күндөн бери дене табы түшпөй жаткан, бүгүн дем алганы начарлап, талмасы кармап калды.

– Кайсы ооруканага баратасыңар, азыр барып калам.

Ильяс тутканы коюп эле унаасынын ачкычын издей баштады.

– Эмне болду, Ильяс, Айым кырсыктаптырбы?

– Айым эмес, балам ооруп талмасы кармап калыптыр. Барайынчы... Айым ыйлап жатат.

– Мейли, бар.

Шаша-буша кийинип чыгып кеткен күйөөсүн узата карап калган Атыргүл ичинен кызганып кетти. “Бул шуркуя биздин бүлөгө кирип келгени аз келгенсип, эми Ильясты менин көзүмчө эле өзүнө чакыра турган болду. Өзүң айткандай, токол болуп тиймейинче биздин бүлөнүн тынчтыгын буза берет окшойсуң, бетпак. Кудай көрсөтсүн сага” деп ызаланып отуруп калды.

2 сааттан кийин Атыргүл Иляска чалды, жооп берген жок, вотсаптан жазса да жооп жазган жок. Ичи уйгу-туйгу болгон Атыргүл кайра-кайра чалып жатты, Ильяс акырын тутканы алып “Атыр, бош эмесмин, анан чалчы” деп суз жооп берди.

– Билем эмнеге бошобой жатканыңды. Тиги шуркуяң баласын шылтоолоп үйүнө чакырып, экөөң жыргап жатсаң керек. Жетишет, Ильяс! Калпыңды токтот! Башымды аттаганың аз келгенсип, ээн-эркин ойношуң менен жашайм деп жатасыңбы?

– Атыргүл, балабыз чарчап калды, жигиттер менен бейитте жүрөбүз...

– Ыя? Эмне дейсиң?.. Түүт-түүт...

Ильяс тутканы коюп салды...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1156, 7-13-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан