ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 17-февралдан 23-февралга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү сезимтал келип, айланаңызда болуп жаткан окуяларды жан дүйнөңүзгө жакын кабыл алышыңыз мүмкүн. Мурда жасап көрбөгөн ишке киришсеңиз, ийгилик сиз тарапта болот. Андыктан жумуш ордун алмаштырам дегендер үчүн ийгиликтүү апта. Аласа-бересе иштерин артка калтырбай, карыздардан эрте кутулганга аракет кылыңыз. Жакын адамыңыз менен пикир келишпестик чыгышы күтүлөт, бул окуядан кийин кимдин ким экенин билесиз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Букачарларды гармониялуу апта күтөт. Иш билгилигиңиздин арты менен кандай жумушту колго албаңыз, жыйынтыгына өзүңүз ыраазы болосуз. Анан да жеке жашоодо мурдатан бар, же болбосо жаңыдан жаралган маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүк жаралат. Бойдоктордо кызматтык роман башталышы мүмкүн. Үйүңүздө жылдап сакталган, бирок кереги тие элек буюмдардан арылууга убакыт жетти. Эскинин ордун жаңы басарын унутпаңыз. Апта аягында конокко чакыруу аласыз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Кайсы бир нерседен өзүн-өзү чектөө сунушталбайт. Андан көрө жүрөгүңүз эмне каалап жатса, ишке ашырыңыз. Бул сиздин ички энергияңызды толтуруп, жашоого жаңы көз караш жана жаңы дем менен кароого мүмкүнчүлүк ачат. Жумуш деп жүрө берип жеке жашоого бош орун калбай баратканын байкайсыз. Финансы жаатында туруктуулук күтүлөт. Эмоцияңызды ичке катпай, жакын деп санаган адамдар менен бөлүшсөңүз, жеңилдеп каласыз. Апта аягы сизди жагымдуу сюрприз күтөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жумушта сиздин кыжырыңызга тийген факторлор жоголбогону менен, өз эмгегиңиздин жемишин көрүп кубанасыз. Анан да башкаларга кызуу кандуулугуңузду көрсөтпөй, эмоцияны ооздуктай билсеңиз, көп балээден кутуласыз. Чөнтөгүңүздү томпойто турган каржы булагы ачылат, акча түштү деп коротуп жибербей, сактап коюңуз. Аптанын экинчи жарымында балдардын түйшүгү менен алек болосуз. Үйдө отурган кожойкелерге курбулары менен жолугуп, сергип келүүгө мүмкүнчүлүк чыгат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Башыңызда жаралган көптөгөн идеяларды ишке ашырууга ресурс жетпей кыжалат болосуз. Сизге кеңеш: баарын бир учурда эмес, майдасынан баштаңыз, бара-бара чоңу да ишке ашат. Гуманитардык тармакта эмгектенген, окугандар үчүн ийгиликтүү апта. Бойдоктор сүйүү талаасында мыкты экенин далилдегенге туура келет, болбосо сүйүктүүңүздү атаандашка алдырып жибересиз. Жакындарыңыздын мээримине, сүйүүсүнө, камкордугуна муктаж экениңизди сезесиз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Апта сизден уюштуруучулук, тактык, жоопкерчиликти талап кылат. Жумушта идеяларыңызды ачык айтыңыз, кесиптештер тарабынан колдоо табасыз. Сырттагы жашооңуз иреттүү өткөнү менен, үйдө баш аламандык күтүлөт. Күтүлбөгөн себептер менен конок тосушуңуз мүмкүн, же болбосо той камылгасы менен жүрөсүз. Уйкуңуз канбай, мунун айынан нервдик чыңалуу орун алат. Аптанын аягында үйдө отурбай, дос-курбулар менен табият коюнунда жолугуп эс алуу сунушталат.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Дүйшөмбүдө каржы жаатында толуктоолор күтүлөт. Түгөйүңүздү жаныңыздан табасыз, айланадагыларга жакшылап назар салып жүрүңүз. Же болбосо ал адам өзү сизге келет, негизгиси, өзүңүз издебеңиз, жолуңуз болбойт. Илим-билим жаатындагылар максатына жетип кубанышат. Башкаларга кеңеш айтууда “менин кеңешиме муктажбы?” деп өзүңүзгө суроо сала билиңиз. Сизге таарынып жүргөн адамдардан кечирим суроого мезгил жетти. Аптада иш сапары менен алыскы жолго чыгышыңыз мүмкүн. 

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жеке жашоодо түшүнүксүз мамилелерге чекит коюп, баарын ачыктагыңыз келет. Бул маселеде түгөйүңүз менен бетме-бет отуруп ачык сүйлөшүү сунушталат. Жумушта кандай милдет тагылбасын, аны аткарууга күчүңүз да, мээңиз да жетет. Андыктан алга! Документ иштеринде сизден сактык жана тактык талап кылынат. Бирөөгө сын айтууда оройлукка жол бербеңиз, көңүлүн оорутуп аласыз. Дем алыш күндөрү үйдө отурбай, жаңы идеялардын аркасынан түшүңүз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Көптөн бери көрүшө элек досуңуз менен жолугуп кубанасыз. Бул аптада оюңузда эмне турса баарын ачык айтуу сунушталат. Жөнөкөйлүк көрсөтүп жатам деп башкалардын сизди кыянаттык багытта колдонуп алуусунан сак болуңуз. Романтикалык мамилелерди курууга жана бекемдөөгө ылайыктуу мезгил. Комфорт аймагынан чыгып, жаңы жерлерге барууга, жаңы нерселер менен алектенүүгө аракет кылыңыз. Анан да өсүү багытында окууларга, ийримдерге барганыңыз жакшы.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Түйшүктүү аптага даярданыңыз. Балким, сизде толук көңүл бурууну талап кылган маанилүү тапшырмалар же долбоорлор бар. Баарына жетишүү үчүн көңүлүңүздү топтоп, уюшкандыкта иш алып баруу керек. Бирок тыныгуу алып, өзүңүзгө кам көрүүнү биринчи орунга коюуну унутпаңыз, антпесе баарынан тажап, стресс абалына түшүп каласыз. Жардам сурагандан уялбаңыз. Аптанын экинчи жарымында каржылык абалыңыз жакшырып, өзүңүз каалаган нерсени алып кубанасыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Аптада эркиндикте, кыжалат кылган нерсе жок, бирөөнүн камкордугунда, мээриминде болосуз. Сизден болгону өз ден соолугуңузга кам көрүү керектелет. Үлп эткен жел дагы коркунуч жаратышы мүмкүн. Жумушта максатка жетүү үчүн сөзмөрлүк, айлакерлик талап кылынат. Тобокелдикке коркпой бара бериңиз, натыйжасы жемиштүү болот. Узак стресс кылган абал оң жагына чечилип, бир топ жеңилдеп каласыз. Апта аягы күнүмдүк үй жумуштары менен алек болосуз.

Балык
(20.02–20.03)

Аптанын башында эч кандай динамикалуу окуялар күтүлбөйт, тескерисинче, убакыт жылбагандай сезилет. Шаршемби, бейшемби күндөрдөн тарта энергия толуп, активдүү боло баштайсыз. Бул учурда жаңы долбоорлорду колго алып, же болбосо тил үйрөнүүнү баштаганыңыз жакшы. Ашказан-ичегисинде өнөкөт оорусу барлар сак болуп, тамагын мүнөздөп жеши керек. Жашооңузда өзгөрүү болушун каалайсыз, жаңы адамдар менен таанышууга, жаңы жер көрүүгө ачык болуңуз.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан