(Башы өткөн сандарда)
Али үйүнө кирди. Зейнеп апанын дайыма аны тосуп алганына көнүп калган экен. Эмнегедир көрүнбөйт.
– Зейнеп апа?
Балдар бөлмөсүнөн апанын алсыз үнү чыкты. Эсин жоготуп жерде жатып калган Зейнеп апаны көргөндө Алинин жүрөгү шуу дей түштү. Башын көтөрө берди. Ал көзүн ачпады.
– Апа, сизге эмне болду?
– Элес...
Али Акай дароо машинесине салып ооруканага жөнөдү. Бир топ убакыт дарыгерлер кароодон өткөрүштү. Палатага киргенде эсине келип калган экен.
– Коркуттумбу сени? – деди апа алсыз күлүмсүрөп.
– Ооба, коркуттуңуз, эмне болду сизге?
– Билбейм, башым ооруп тургандыктан кан басымым көтөрүлүп кетти деп ойлогом. Бирок андай эмес окшойт. Врачтар бири-бирин карашып эле эч нерсе айтпай коюшту. Сага бир нерсе дештиби?
– Анализдерди алдык дешти. Мен тааныйм, кыйын врач, жакшы болосуз, буюрса. Мага да азырынча эч нерсе деп айтышкан жок.
Бир күндөн кийин Али доктурдун кабинетинде отурду.
– Бул адам кимиңиз болот?
– Аа-апам сыяктуу... Жакын адамым. Эмне болду?
– Башында залалдуу шишик бар, метастаз болуп кетиптир. Ушул абалга чейин жүргөнү деле таң калычтуу.
– Абалы оорбу?
– Муну айтпасам болбостур, алты айлык гана өмүрү бар, анда да жакшы каралса. Операция же башка бир дарылоо түрүн сунуштайт элем, бирок акчаңар менен убактыңарды бекерге коротпогула деп жатам.
Али эч нерсе дей албай туруп калды. Аз убакытта энеси катары болуп калган эле, жүрөгү ачышып чыкты.
– Такыр үмүт жокпу?
– Менимче, жок. Башка врачтарга да көрсөтүп көргүлө, бирок мен айтканды эле айтышса керек.
Врачтын диагнозу жазылуу кагазды карап Али Акай эмне кыларын билбеди. Зейнеп апаны үйүнө чыгарып келди. Бирок кантип айтуу керек, эмне деп айтуу керек, ооруган адамга “сенин алты айлык гана өмүрүң калыптыр” деп кантип айтууга болот? Эзилип жатты. Кыраакы адам эмеспи, апа өзү да сезди. Али Акайды чакырды.
– Эмне болду, балам? Врачтар эмне дешти? Мага бир нерсе айта албай жаткандайсың.
– Мен...
– Жашырба, жашоомдо мен бардык нерсени көрдүм, эч бир нерсе мени коркута албайт.
– Эмнеге?
– Ал эмне дегениң?
– Мен өз тагдырымды түшүнбөйм. Кичинемден эле жалгыздыктан аябай коркчумун. Элдикиндей бир туугандарым болсо дедим. Болбоду, кийин эс тартканда “апам жанымда болсо эле болду, башка эч нерсени каалабайм” дедим. 19 жашымда апам кайтыш болду. Аябай өксүдүм. Атама таарындым. Кийин Элести жолуктурдум, биздин балдарыбыз болду. Биринчи жолу бакыт деген эмне экенин ошондо сездим. Дайым "ушуларым аман болсун, алардан ажырап калбасам экен" деген коркунуч бар эле. Кийин... Балдарым жоголду. Элес кетти. Кайрадан капкараңгы туңгуюктун ичинде калдым. Жакында сизди таптым. Сиз үйдө болгондо, ашканадан тамактын жыты келгенде ушунчалык кубанчу элем. Анткени жалгыз тамак жеп жатканда тамактын даамын да сезбей калгам. Менин абалымды сураган, качан келет деп күткөн бир адам бар экенине кубангам. Эми сизден да ажыраганы турам...
Шылкыйган Али ага кагазды сунду. Зейнеп апа алып окуду. Баш көтөрбөй шалдырап жанында отурган Алинин тизесине коомай колун койду.
– Уулум...
Али анын жүзүн карап алып таң кала түштү. Аябай сүйүнүчтүү кабар уккандай жүзү жаркыйт.
– Мен Жаратканга чексиз ыраазымын, анткени жападан жалгыз эмес, сендей мээрман уулумдун колунан кеткени жатам. Өлбөй дүйнөгө түркүк болот белем, мындан бир нече жыл мурун жанымдан кечким келген, бирок жанын кыйган күнөө дегендиктен кыя албагам. Мен азыр өлүмгө даярмын. Дүйнөдөн таарынган, ыза болгон, адамдарды жек көргөн абалымда кетпей калганыма кубанам. Азыр сени таптым. Сендей жакшы адамдар бар экенине кубандым. Элесимдин кандай аял болгонун билдим. Мен үчүн бул бактылуу өлүм, сен эч капа болбо.
– Сиз таң кала турган адамсыз. Өлүмдү сиздей кабыл алган адамды биринчи жолу көрүшүм. Күчтүүсүз.
– Жок, мен эң алсыз аялмын, жаман эне болдум, Али. Күйөөмө ыза болгонумдан кең дүйнөгө батпай, кызымды таштап кетип калдым. Менин ошол катамдын айынан Элес туура эмес адамдарга жолукту. Мен эң жаман энемин. Кечириле турган бир абалым жок. Бирок сенден бир нерсе өтүнөм.
– Айтыңыз.
– Элеске кабар бер.
Али башын чайкады.
– Билем, ага ызалуусуң. Сеники да туура, бирок сенден суранам, аны жалгыз калтырба. Сенден башка адамга табыштай албайм. Келечекте аны менен чогуу болбосоң да алыстан байкай жүр. Көз кырыңда болсун. Анан менин абалымды ага айт. Менин да, анын да бири-бирибизге айтчу кептерибиз бар.
Али жок дей албады. Ошол күнү эле Элестин үйүн таап барды. Эшикти ачкан ал Алини көрдү. Таң калган жок, жылмайып гана койду.
– Салам.
– Жакшы, мен...
– Эч ким жок, үйгө кир, сүйлөшөлү.
Азим менен ажырашканын, бул үйдө жалгыз жашап жатканын Али билчү. Алинин кабардар экенин Элес да билди.
– Сени келбесе керек дегем.
– Келбейт элем, бирок абал ушундай болуп калды.
– Али, биз бактылуу жашадык, ээ, туурабы?
– Ооба.
– Эгерде сен менин өтмүшүмдү толук билсең, биз бактылуу боло алат белек ошончолук?
– ...
– Көрдүңбү, сен мени кабыл ала алмак эмессиң. Бактылуу да боло албайт элек. Ошон үчүн өзүм тууралуу эч нерсе айтпадым.
– Балким, бактылуу болбойт элек, бирок бири-бирибиздин ишеничибизге доо кетпейт эле. Туура деген нерсеңдин баары ката экенин, жашооңдо ак деген адамың кара экенин билүү кандай оор. Жалгандын үстүнө курулган бакыт же чыркыраткан ачуу чындык, кайсынысын тандайсың десе, экинчисин тандайт элем.
– Сен ошол үчүн Алисиң.
– Калп айттың, анан?
– Аз да болсо бакыт эмне экенин билдим. Сен да билдиң. Мен биз бактылуу болсок, башкасынын мааниси жок дегем. Ошого ишенгем. Азыр миң жолу айтсаң да баары бир ошол абалда ошондой кылганым туура болгон деп эсептейм. Эгерде балдарыбыз жоголбогондо...
– Эгерде сенин мурунку эркегиң Лимон аларды уурдабаганда десең, – деди Али. Элес кашын жыйрып алды. Оор тийди.
– Сен мени эч качан кечирбейсиң, билем.
– Билгениңе шүгүр.
Али ачуусун баса албай жатты. Канчалык өзүн колго алайын десе болбой, алдында турган аялга кыжыры кайнап баратты. Жанын коёрго жер таба албай кетет мунун жанында... Бирок келбей, кабар албай да коё албайт. Жашоосунан чийип салып да жашап кете албайт. Бул эмне деген азап эле?
– Кыскасы, апаң чакыртты сени. Ошого келдим.
– Апам?
– Ооба, менден жашырган, кабарын билбейм деген апаң. Сенин апаң! Сенин таякеңе жолугуп, апаң жашаган карылар үйүнө баргам. Апаң менен ошол жерден тааныштык. Төрт ай мурун үйүмө алып келгем. Жакында катуу жыгылыптыр. Врачтар...
– Мен барбайм! – деди баш чайкаган Элес.
– Хе, сенден башка эмнени күтүүгө болот?.. Өз балдарыңды...
Али дагы ашыкча бир нерсе деп жибербейин деп карманып калды. Эшикке бет алды. Кайра кайрылып, колундагы кагазды столго таштады.
– Башында шишик бар экен, алты айлык гана өмүрү калды дешти. Барбасаң өзүң бил, мен болгону Зейнеп апанын аманатын аткардым.
(Уландысы кийинки санда)