Жаш курак кризистери: Бала төрөлгөндө эле кризиске кабылат

Жаш курак кризиси – бул адамдын психологиясында, жүрүм-турумунда өзгөрүүлөр менен коштолгон мезгилдер. Бул кризистер адам наристе болуп төрөлгөндөн карыганга чейин жашоонун ар кайсы этаптарында коштолот. Бул санда төрөлгөндөн 7 жашка чейинки кризистерге токтолобуз, кийинки санда теманы улайбыз...

Депрессия эмес

Көпчүлүк кризис деген сөздү депрессия менен алмаштырып алышат. Депрессия – бул адамдын психикасынын бузулушу, туруктуу эместиги болуп саналат. Ал эми кризис бир этаптан экинчиге өтүү деп түшүнүү керек. Жаш курак кризиси – адамдын белгилүү бир куракта инсандык өзгөрүүлөргө байланыштуу ички конфликттерди башынан өткөргөн абалы. Адамдын жашоосунда бир циклден экинчисине өткөн учур болот. Ошол биринчисинен экинчисине өтүп жатканда боштук жаралат: мурда актуалдуу болуп келген нерселер маанилүүлүгүн, баалуулугун жоготот. Жаңы баалуулук, максат али белгисиз. Бул учурда адамда физиологиялык, психологиялык төңкөрүш орун алат. Эмоционалдык кризис кайсы бир окуяга, жаракатка байланса, жаш курак кризиси мезгилге байланат. Ар бир адам жаш курак кризисине кабылат, болгону бириники байкаларлык, экинчисиники билинбестен эле өтүп кетет.

Жаш курак кризиси бир нече этапка бөлүнөт:

1. Жаңы төрөлгөн баланын кризиси

2. 3 жаштагы кризис

3. 7 жаштагы кризис

4. Өспүрүм курак

5. Жаштык кризиси (20-35 жаш)

6. Орто курак (44-60 жаш)

7. Улуу муундун кризиси (60+)

Жаңы төрөлгөн баланын кризиси

Баланын жарыкка келген маалынын өзү кризис болуп саналат. Эненин курсагында бала ыңгайлуу, жылуу, тамактанам, дем алам дегенди ойлонбой коопсуздукта жатат. Анан төрөлгөндө чоочун, муздак чөйрөгө туш болуп, жаңы нерселерди: дем алганды, тамактанганды, көңүл бурдурганды жана башка нерселерди үйрөнүшү керек болот. Негизгиси, ал өзүн мурдагыдай коопсуз сезбей калат. Нерв системи көптөгөн дүүлүктүргүчтөргө дуушар болуп, иммундук систем начарлайт. Ымыркайдын толук алсыздыгы чоңдорго болгон көз карандылыктын ортосундагы карама-каршылык менен мүнөздөлөт. Бул өзгөрүү же кризис бала чоңдор менен байланыш муктаждыгын кабыл алганда, жашоонун биринчи айынын аягында жоюлат.

3 жаштагылардын кризиси

Адамдын жашоосунда экинчи кризис 3-4 жашка чыкканда башталат. Дал ушул курактан баштап окуяларды эстеп калуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Сиз 3-4 жашта кезде болгон окуялардын айрымдары эсиңизде барбы? Баланын өнүгүүсүндөгү бул маанилүү этап психологиядагы жана жүрүм-турумдагы кескин өзгөрүүлөр менен коштолот. Бала дүйнөнү жана өзүн аң-сезимдүү изилдей баштайт. Өзүн өзүнчө адам катары сезип, өз эркин билдиргенге жарап калат. Мүмкүн болушунча көбүрөөк үйрөнүүгө умтулат жана эксперимент жасай баштайт. Буга чейин байкалбаган өжөрлүк, кежирлик, нааразычылык (каяша айтуу, укпай, жасабай коюу), эмоционалдык туруксуздук (бат таарынып, бат ыйлап, бат күлүп, кызганып же тескерисинче киши жактырбай калуу жана башка) сапаттар пайда болот. Бул өзгөрүүлөр чоңдор менен чыр-чатакка, түшүнбөстүктөргө алып келет.

Бул куракта балага дүйнөнү өз алдынча изилдөөгө мүмкүнчүлүк берүү, ага тоскоолдук кылбай, жардам берүү маанилүү. Ата-энелер сабырдуу болуп, авторитардык мамиледен ("чоңдордуку туура, мени угушуң керек" дегенден) алыс болушу керек. Баланын кызыгууларын жана өз алдынчалыгын өнүктүрүү, шыктандыруу, баарлашууда биргеликте оюн ыкмаларын колдонуу, жүрүм-турум эрежелерин жөнөкөй жана жеткиликтүү түрдө түшүндүрүү, тыюу салууларга жана жазалоого эмес, иш-аракет кылууга позитивдүү маанайда басым жасоо, ошондой эле конфликт жаралган кырдаалдарда компромисс издөө сунушталат. Көпчүлүк ата-энелер баланын өзүлөрүнө тоскоол болбогонуна карап сыналгынын алдына отургузганга же гаджеттерди берип кутулганга аракет кылышат. Мындай балдар өздөрүнүн жашоосун компьютерге жана гаджеттерге байлаганга туура келет, анткени алар бардык жаңы нерселерди аларды курчап турган чөйрөдөн, адамдардан эмес, гаджеттерден үйрөнүп калышат.

7 жаш кризиси

Бул курактагы кризисти коомго аралашуу мезгили десек болот. Баланын ата-эне менен болгон байланышы алыстап, оюн жашоосунан жаңы коомго – мектепке өтүп, окуучуларга кошулат. Өзүн үй-бүлөдө гана эмес, коомдо да өзүнчө адам катары тааный баштайт. Коомдогу өзгөрүүлөргө жараша анын да ой жүгүртүүсү, маалыматты кабыл алуусу, эске тутуусу, өзүнө баа берүүсү өзгөрөт. Мүнөзүндө эч нерсени жактырбоо, кыжырдануу, улуулардын сөзүн укпоо, башка бирөөнү тууроо, өзүң чоң адамдай сезүү сыяктуу өзгөрүүлөр байкалат.

Буга чейинки адаттарын да өзгөртүшү мүмкүн, мисалы, мурда жакшы көрүп жеген тамагынан баш тартат же көп ойногон оюнчугун кармабай калат. Баланын мүнөзүндөгү кескин өзгөрүүлөрдү ойготкон факторлордун негизгилеринин бири – мектепке ыңгайлашуу процесси болушу ыктымал. Кээ бир балада окуу материалын түшүнүүдө кыйынчылыктар жаралса, айрымдарда психологиялык жардамга муктаждык пайда болот. Чоңоюуга даяр эмес бала жүрүм-туруму, психологиялык абалы аркылуу каршылык көрсөтүп баштайт.

Эмне кылуу керек?

Балдар кризисинин чоңдордон айырмасы – бала өзүн, эмоциясын жана аны курчап турган дүйнөнүн эрежелерин жакшы түшүнбөйт. Аны түшүнүү үчүн чоңдордун жардамы керек. Балалык кризистер болгон учурда СҮЙЛӨШҮҮ абдан маанилүү роль ойнойт. Балага эмне болуп жатканын, маселени чечүү жолдорун, чечим дайыма бар болорун, коркпош керектигин, кеңешүү, айтуу, суроо керектигин, жалгыз эместигин дайыма айтып, түшүндүрүп туруу керек. Эч качан баланы жалгыз калтырбаңыз жана жалгыздыкта экенин сездирбеңиз (кээ бир ата-энелер баланын жанында болгону менен, көңүл бөлбөгөндүктөн, бала өзүн жалгыз сезет). Бала менен конфликт жаралган учурда өзүңүздүн аброюңузга, жаш курагыңызга, үй-бүлөдөгү статусуңузга басым жасап үстөмдүк кылбаңыз. Бала сиздин абройду талашпай эле, болгону коомдогу ордун ушундай конфликт жолу менен издеп жатат. Мындай учурларда ата-энелерден чыдамкайлык жана ийкемдүүлүк талап кылынат. Чоңдордо диалог куруу үчүн бир аз көбүрөөк тажрыйба жана ички ресурстар бар экенин эстен чыгарбоо керек, талаш-тартыш же истерикалар болгон учурда компромиссти чоңдор тапканы туура.

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан