КАССАЛЫК ЧЕКТИН ДЕН СООЛУККА ЗЫЯНЫН БИЛЕСИЗБИ?

Күнүмдүк турмушубузда соода-сатык кылганда кассалык чектерди көп колдонобуз. Алар биз сатып алган товарлардын тастыктамасы жана акча сарптоолорду каттоо үчүн керектүү документ болуп саналат. Бир нече секунддук мааниге ээ болгон бул кичинекей кагаз жүздөгөн сооданын, миллиондогон акчанын агымын чагылдырат. Адатта, ал чекти ушалап, мыжыгып таштанды челегине ыргытабыз. Ошол кагаздын курамында ден соолукка зыяндуу, кооптуу химиялык заттар бар экендиги жөнүндө бир ой жүгүрттүңүз беле, окурман?

Кассалык чектеги химиялык заттар

Кассалык чектердин көбү термикалык кагаздан жасалат. Бул кагазга жазуу үчүн сыя колдонулбайт. Кагаз өзүнүн курамындагы химиялык заттардын жардамы менен ысыкка сезгич келет. Термикалык кагаздын негизги курамында бисфенол A (BPA) жана бисфенол S (BPS) аттуу химиялык заттар бар. Бул заттар кыска убакыттын ичинде эле териден организмге оңой сиңип кетет. 

BPA жана BPS деген эмне?

BPA жана BPS – бул пластмасса жана термикалык кагаз сыяктуу материалдарды өндүрүүдө кеңири колдонулган химиялык заттар. Бул элементтер аркылуу кагаз ысып, тез убакыттын ичинде анда жазуулар пайда болот.

Тукумсуздукка таасири барбы? 

Гарвард университетинин изилдөөлөрү боюнча, BPA жана BPS гормоналдык бузулууларга, ошондой эле тукумсуздукка таасир эте турган заттар. Дагы эмнелерге таасири бар?

1. Гормоналдык бузулуулар

BPA жана BPS организмдеги эстроген гормонуна окшош келип, организмдеги гормоналдык системге терс таасир тийгизет. Бул өзгөчө балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу, себеби бул заттардын таасири гормоналдык дисбалансты пайда кылып, өнүгүү процесстерине тоскоол болушу мүмкүн.

2. Эндокриндик көйгөйлөр

ВРАнын эндокриндик бездерге (денедеги гормондорду өндүрүүчү жана жөнгө салуучу бездердин топтому) тийгизген таасири диабет, семирүү жана жүрөк ооруларынын санын жогорулатат. Калифорния университетинин коомдук саламаттыкты изилдөө лабораториясы жүргүзгөн изилдөөлөр BPA жана BPS эндокриндик системдин иштөөсүн бузуп, организмге залака тийгизерин аныктаган.

3. Тукумсуздук

BPA жана BPS`тин организмге тийгизген таасири жыныстык клеткалардын туура иштөөсүн бузуп, тукумсуздук коркунучун жогорулатат. АКШнын Репродуктивдик саламаттык институтунун изилдөөлөрү бул химиялык заттар жумуртка жана сперматозоид клеткаларынын сапатына терс таасирин тийгизерин аныкташкан.

4. Нерв системине таасири

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, BPA нерв системине терс таасир берип, гиперактивдүүлүк жана концентрациянын төмөндөшү сыяктуу көйгөйлөрдү жаратат.

5. Ракка алып келиши мүмкүн

BPA организмде гормоналдык өзгөрүүлөрдү пайда кылып, эмчек жана простата рагы сыяктуу оорулардын пайда болуу ыктымалдуулугун жогорулатат. Химикаттар организмде гормон сымал аракет кылып, клеткалардын өсүү жана бөлүнүүсүнө терс таасирин тийгизишет. Узак убакыт бою жана көп көлөмдө болушса, бул заттар рак оруусун чакырат.

6. Экосистемге зыяндуулугу

Кассалык чектер экологияга да зыянын тийгизбей койбойт. Биринчиден, мындай термикалык кагаздарды өндүрүш үчүн жүз миңдеген дарактар кесилет. Экинчиден, ошол кассалык чектердин курамындагы заттар жерге, суу булактарына сиңип экосистемге да терс таасирин тийгизет. Кассалык чектер өзүнө пластик элементтерин камтыгандыктан, көпкө чейин чирибейт. 

Кассалык чектердин зыяндуулугун азайтуу жана коргонуу жолдору

1. Кол кап колдонуу: Кассалык чектерди дайыма кармаган кызматкерлер үчүн кол кап колдонуу сунушталат. Бул химиялык заттардын организмге өтүүсүнүн алдын алат.

2. Колду жууп туруу: Кассалык чекти кармагандан кийин колду самындап жууп туруу керек.

3. Экологиялык альтернатива: Дүкөндөр жана компаниялар экологиялык материалдардан жасалган чектерди колдонуп же электрондук чектерди колдонуу аркылуу ден соолукка жана айлана-чөйрөгө тийип жаткан залаканы азайта алышат.

BPA жана BPS химиялык заттары менен күнүмдүк турмушта тыгыз байланышта болгондуктан, алардан сактануу ар бирибиз үчүн маанилүү. Сактаналы... 

 

Айзат Лесбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан