(Башы өткөн сандарда)
Бир жашка чыга элек наристесин жерге берген Ильяс достору менен Айымдын батирине келген. Куран окутуп келген жакындары Айымга көңүл айтып жатышты. Кеч киргенде элдин саны суюлуп, Ильяс үйүнө кетүүгө камынып калды. Коштошкону Айымдын бөлмөсүнө кирди:
– Сабыр кыл, Айым, бир аз эс ал, мен үйгө кайтайын...
– Акмак, аялынын айтканы менен жашаган “подкаблучник”! Баары сенин айыңдан болду! Чечкиндүү болгонуңда мени балам менен ара жолго таштамак эмессиң! Сенин сүйүүңө ишенгем, “кет, бүлөң бар, аялың менен бирге бол” деп канча жолу айтсам да болбой жалдырап, "сүйөм-күйөм" деп жүрүп мени кош бойлуу кылгансың. Кош бойлуу кезимде кабар алып да койгон жоксуң, баламды көтөрүп барсам аялың экөөң кууп чыктыңар. Элге шерменде кылганың аз келгенсип, туугандарымчы...
– Айым, кечир мени, мен да сени катуу сүйдүм... Сүйдүм деп ойлогом. Бирок үй-бүлөм менен сага болгон сезимдеримди таразага салганда таш сен жакка оогон жок. Сен мага убактылуу болсо да ырахат, мээрим, сүйүү бердиң. Ошонуңа рахмат!
– Сен мени да, аялыңды да сүйбөйсүң, Ильяс, сен өзүңдү гана жакшы көрөсүң! Сүйүү бар жерде жоопкерчилик да болот. Сага кайсы жак ыңгайлуу болсо, кимиси көбүрөөк сүйүү, мээрим берсе ошол жакта жүрдүң. Мен сага убактылуу жылуулук берген уя болдум. Аттиң, кеч түшүндүм. Эми сен эч нерсе болбогондой жашооңду уланта бересиң. А менчи, менин төгүлгөн абийиримди ким калыбына келтирет?
– Айым, суранам, болуп өткөн окуяларга мени күнөөлөгөндү токтот.
– Акмак! Аялың экөөңөргө да Кудай бала менен сыноо берсин!
– Жетишет, Айым! Сен жаш кыз эмессиң, 34 жаштагы ажырашкан келинсиң! Мен сени зордуктап сүйдүрүп, зордуктап мамиле кургандай догурунба. Бейкүнөө балдарды каргаба!
– Аялым мага жубан тийген, энесинен башка өппөгөн жаш кыз алгым келип жүрөт дебедиң беле мага, аялың билеби аны?
– Токтот деп жатам, Айым!
– Токтот дейт. Менин тагдырымды талкалап, жашоомо бүлүк салып, эми эч нерсе болбогондой коштошуп кетип жатасың!- Айым дасторкондун үстүндө турган чайнек менен Ильясты бир урду, ичиндеги чайы төгүлүп, чайнекти Ильяс тосуп калды. Айымга атырылып бараткан Илясты достору токтотуп эшикке сүйрөп чыгып кетишти. Айым ыйлап “менин күйүтүмдү өз балаңды жоготкондо түшүнөсүң, балдарыңдан көр” деп тилинин уусун чачыратып жатты.
xxx
Баян аэропортто Кыргызстанга учуу үчүн учагын күтүп отуруп көзү илинип кетти. Түшүнө сүрөттөгү мотурайган бала кирди. Баласын жетелеп алып талааны аралап качып жүрөт. Чек арачылар “эй, кыз, токто, баланын документин көрсөт” деп кууп алышкан. Аларды укпай Баян баланы жетелеп качканын токтотпойт. Буту канталап чарчаган баласы:
– Апа, болду чарчадым, чуркай албайм, мен үйүмө кете берейинчи, сени чоңойгондо сөзсүз табам, сөз берем!- деп жалооруйт.
– Жок, балам, аз калды, дагы бир аз чыда, жетебиз!- деп жубатып жатат Баян. Аңгыча арттан кууп келе жаткан чек арачылар тараптан “тарс” деген үн угулду. Ал Баянды көздөй атылган ок эле. Баяндын көкүрөгү ысып кетти, ысыган жерин кармаса кан шорголоп жатат. Акыркы деми чыгып баратып да баласын мээрим толгон көздөрү менен карап “балам, мен сага тойбой калдым, экөөбүздүн чогуу өткөрө турган убактыбыз ушунчалык аз беле? Сен менин жашынган бакытымсың. Эми эле таап, кайра жоготуп жатам. Эртерээк табылганыңда келесоо апаң такыр башкача жашоону жашамак. Азыр кеч болуп калды окшойт. Кош, балам, кош бакытым!” деген Баян магдырап баратты.
– Баян, турчу, эмне ыйлап жатасың?- Чика күтүү залындагы отургучта уктап калган Баянды түрткүлөп жатты.
Баян чочуп ойгонуп, эки жагын карап көз жашын сүртүп алды.
– Уфф, Чика, жакшы ойготподуңбу, сен ойготпосоң тиги дүйнөгө кетип калмакмын...
– Жинди болбочу, уктап жатып эле шолоктоп ыйлайсың, буга эмне болду деп корктум.
– Билбейм, жаман түш көрдүм, балам менен эле бир жактарда качып жүрөм...
– Түшүң түлкүнүн богу... Качып жүргөнүң көйгөйлөр болсо керек. Түш-пүшкө маани бербечи. Эми бактылуу болом деп жатканда жаман ойлор менен энергияңды кирдетпе. Сенде баары жакшы болот, мага ишен.
– Макул, учууга канча убакыт калды?
– Жарым саат.
– Кадыр аке коштошкону келген жокпу?
– Чамасы жок, аялы менен ажырашып депрессияда жүрөт.
– Койчу, эмнеге?
– Батирде чогуу жашаган башка эркек менен кармап алыптыр аялын.
– Ии, жаман болуптур, эми кечирип койсо деле болмок. Өзү деле оңго-солго басып жүрсө керек, бири-бирин түшүнөт да.
– Кечирейин, жашайм десе, аялы “кетем, башканы сүйүп калдым, чыныгы эркекти эми таптым” деп болбой коюптур, элестет.
– Ыя, тообо, ошондой да болот бекен?
– Ооба, Баян, Москвада эмнелер гана болбойт. Өкүнүчтүүсү, кашында жашап жүргөн күйөөсү аялынын же аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салган көрүнүш кадимки нерсе болуп калды. Эркектерге го даба жок, алар аялын сүйүшсө деле башкалар менен жүрө беришет. Бирок биз, аялдар, сезим менен жашайбыз да, көзгө чөп салсак “это конец света”, досум, жашоо бүттү дегендик. Аял киши ала жипти жөндөн-жөн эле аттабайт. Эркектердей болуп “самсы жей берип тажап кеттим, бүгүн манты жейинчи” деп жеңил ойлуулук кылышпайт. Ала жипти аттаса, демек, сезимдери бар, башканы сүйүп калды дегендик.
– Жаман болуптур. Кадыр акеңе сен эле тийип ал да.
– Тийгим келсе эчак тийип алмакмын, ал аялын аябай сүйөт да.
– Ии, байкуш, таза куураган турбайбы. Эмнеге мага ушундай “однолюб” мырзалар жолукпайт, Чика? Бүт окшошкон “бабниктер” болушту. Кадыр акедей күйөөм болсо көзүн карап жашамакмын. Тагдырдын адилетсиздигин кара, жакшы мырзалардын аялдары начар болушабы же?
– Аялы деле бир жакшынакай болчу. “Адам аласы ичинде” дейт го, билбейсиң да кимдин оюнда эмне бар экенин. Баса, мен жигит тапкам. Жакында ата-энеме тааныштырам. Сен балаңды таап, иштериңди бүтүрө бер, андан кийин чоң тойду уюштуруу иши моюнуңда турат.
– Жарайт, курбум.
xxx
Атыргүл менен Ильяс Баянды күтүп алганы “Манас” аэропортуна келишкен. Бул убакта Айым да иштеп келгени Түркияга учуп жаткан. Ал жакта эжеси жашачу. Кокусунан күтүү залынан Ильяс менен Атыргүлдү көрүп калды да, жанына барып сөз баштады:
– Ии, сүйүшкөн көгүчкөндөр, эч нерсе болбогондой отурасыңар анан?
Атыргүл чочуп артын караса Айым турат. Унчуккан жок. Ильяс кабагын түйүп, Айымды көргөндө желмогузду көргөндөй кыжыры келди.
– Айым, сөздү ырбатпа! Бутка чалынбай тирилигиңди кыл эми.
– Ыя де, аялыңды уктатып коюп түндө менин үйүмө чалынбай-этпей эле келчү элең го, унутуп калдыңбы? Таң аткыча сүйөм-күйөм деп жалбарганыңчы, “өзүңө окшош кыз төрөп бер” деп суранганыңды унута элексиңби? Эми мышыктай болуп аялыңдын этегине кире качтыңбы? Көрсө, менин коюнумда эле арстан турбайсыңбы, аялың сени мышык кылып койгон тура.
Атыргүл Айымдын ачуу сөздөрүнө чыдап тура алган жок.
– Эй, шуркуя! Өзүң этегиңди ачып берип, эми башкаларды күнөөлөгөндү токтот!
Экөө ошончо элдин көзүнчө жулмалаша кетишти. Айлана-тегеректеги тургандар жаалданган эки аялды ажырата алышпай убара тартып жатышты...
(Уландысы кийинки санда)