Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай Кыргызстандын 2 ири энергетикалык долбоорун каржылоого 500 миллион доллар бөлөрүн билдирди. Эгер долбоорлор ийгиликтүү ишке ашса, Кытай салчу инвестициянын көлөмү 1 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Министрдин айтымында, аталган акчага Жумгал районунун Кызарт ашуусунда 300 мегаваттык шамал жана 300 мегаваттык күн электр станциялары курулат. Долбоорду Кытайдын мамлекеттик “Shenzhen Energy” компаниясы ишке ашырат. Тийиштүү макулдашууга президент
Садыр Жапаровдун жакында Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлду.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2025-жылы башталат. Ошондой эле алдыдагы пландар боюнча, 2027-жылга чейин өлкөдөгү электр энергиясындагы тартыштыктын жоюлушу күтүлүп жатканын айтат Ибраев. Министр Кыргызстан менен Кытайдын энергетика тармагындагы кызматташтыгы бул эки долбоор менен гана чектелбестигин, жакынкы жылдары бул тармакта дагы бир катар ири долбоорлор ишке ашырыларын да белгиледи.