Кыргызстанда ар бир бешинчи нике ала качуу жолу менен түзүлөт. Бул тууралуу 2023-2024-жылдарга карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, “БУУ-Аялдар” жана Европа биримдиги чогуу даярдаган “Кыргызстандагы гендердик теңдик боюнча баяндамада” айтылат.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ала качуу кылмыш деп саналат. Кыз ала качууга күнөөлүү деп табылгандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Статистика көрсөтүп тургандай, мындай жаза дагы кылмышты биротоло токтото албай келет. Жакында, 7-февралда Бишкектен кыз ала качууга аракет кылган 2 жаран кармалып, учурда териштирүү жүрүүдө. ИИМ ала качуу кылмыш экенин эскертип келет. “Кыз ала качуунун же мажбурлоо менен никеге тургузуунун Кыргыз маданиятына жана каада-салтына эч кандай байланышы жок” деп билдирди жакында ИИМ.
Буга чейин парламенттин айрым депутаттары тийиштүү мыйзамдагы “Никеге туруу максатында ала качуу” дегенди, “Никеге туруу максатында адам уурдоо” деп өзгөртүүнү сунуштап чыгышкан.