Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн агай бар эмеспи? Ошол каармандын прототиби Таластын Кара-Буура районунда жашап өткөн мугалим Дүйшөн Качканаков. Анын кызы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Бардагүл Качканакова бүгүн биздин маектешибиз. Атасы, анын атактуу Айтматов менен бирге иштегени жана башка кызыктарды айтып берди.
«Кышында 4 чакырым алыстагы мектепке каттап окудум»
– Дүйшөн атамдын артында 2 баласы калдык. Агам Барпыгул учурда 77, мен 71 жаштамын. Биз Талас өрөөнүнүн Кара-Буура районуна (ред.: азыркы Айтматов району) караштуу Арчагул айылында туулганбыз. Үйдө атам Дүйшөн, апам Токтогүл, чоң атам, чоң энем, агам, анан мен алтообуз турар элек. 10 чакты кой, бир бээ, көк бөрүгө чабылчу 1 ат, 1 уюбуз бар эле. Апам тамекиде иштеп жүрдү. Биз да кол-аякка жарагандан тамекиде иштедик. 5-класска чейин айылыбыздагы мектепте, анан 4 чакырым алыстыктагы Көк-Сай айылына жөө каттап окуп, 10-классты бүтүргөм. Совхоздун борту бар жүк машиналары кышта бошоп калган учурда бизди ташып калчу. Калган күндөрү үшүп-тоңуп өзүбүз барабыз. Бороон, катуу суук болгон күндөрү атам “кызым тоңду го” деп ат менен келип алып кетчү. Андайда атама “ат менен келбеңиз” дечүмүн, уялар элем.
«Врач болом дечүмүн, бирок...»
– Мектепте жалаң “5ке” окудум. Ошол кездерде жогорку класстын мыкты окуучуларын ар класстан 2-3төн кылып чогултуп, Ысык-Көлдү айлантып экскурсияга алып барып келишчү. Мен да 3 жыл барып калдым. Адегенде жүк машиналардын бортуна саман төшөп, ошол жакка отургузуп алып барышчу. Кийин автобуста алып бара башташты. Врач болом деп мектепте химия, биологияны берилип окудум. Бирок мектепти бүткөнүмдө атам “мугалим болосуң” деп Бишкектеги кыз-келиндер педагогикалык институтуна тапшыртып койду. Ошентип физика-математика факультетинде окуп калдым. Окууну бүтүп келип айылга ишке орноштум, турмушка чыгып бала-чакалуу болдум.
«Согуштан кайтып келсе аялы башкага тийип кетиптир»
– Атам Дүйшөндүн туулган жылы, өзүнүн айтымында, 1913-жыл. Чоң атабыз Качканак Мамбеталиевдин 1 кыз, 2 уулу болгон. Атам районубуздагы Грозный, азыркы Аманбаев айылындагы орус-тузем жатак мектебинде 7-класска чейин окуптур. Анан Казакстандын Олуя-Атасынан (азыркы Тараз) мугалимдик курстан окуп, 1927-жылдан тарта мугалим болуп иштей баштаптыр. Ал кезде 7-классты бүтүү азыркы институтту бүткөнгө тете болгон экен да. Атам орто бойлуу, келбеттүү, токтоо, сүрдүү, бир сүйлөгөн, тартипке бекем, каада-салтты баалаган адам эле. Бизди урушуп, жазалачу эмес. Анын бир айтканы, бир көз карашы гана жетиштүү эле. Атабыз согушка кеткенге чейин Сүйүнбү деген аялга үйлөнүп, бирок балалуу болбоптур. Согушка 1942-жылы етип, 1943-жылы кабыргасына ок тийип кайтып келет. Келсе, аялы башкага тийип кетиптир. Анан биздин апабызга үйлөнөт. Апам да токтоо, чебер жан болчу. Шырдак, кийиз жасап, агама фуфайка тигип берчү.
«Чыңгыз Айтматов мугалимдиктин оордугун Дүйшөн агайдан улам билдим деген экен»
– Атам мугалим болуп иштеп баштаганда эле аны директор кылып шайлашат. Ал кезде айылыбызда 4-5 эле мугалим болуп, алар бардык предметтен сабак өтүшчү экен. Атабыз кыргыз тили жана адабияты, тарыхтан берген. Орус тили мугалими керек болуп, атам 1943-жылы Шекер айылынан мугалимдикке Чыңгыз Айтматовду жана анын досу Сейталы Бекмамбетовду чакырат. Чыңгыз Айтматов досу экөө Арчагул айылына жөө каттап иштей башташат. Чыңгыз Айтматов 1,5 ай иштеп, анан айылдык кеңештин катчысы ишине кетет. Арчагулда иштеп жүргөн кезде Чыңгыз Айтматов “мугалимдик кесиптин ушунчалык кыйын экенин Дүйшөн агайдын иш-тажрыйбасынан билдим” деген экен. Атамды “агай” деп абдан сыйлаган. Мектептин тегерегинде чоң-чоң таштар болор эле. Танаписте атам ошол таштарга сандарды, сөздөрдү жазып, аны окуучуларга коштуруп-кемиттирип, талдатчу тура. Чыңгыз Айтматов “Дүйшөн агай танаписте да балдарды жөн койбойт” дечү экен. Атам ишине абдан берилип иштечү. Сабакка барбай калган окуучулардын үйүнө чейин барып, тапшырма берип кетчү.
«Жазуучу чыгармада атамдын фамилиясын атайын өзгөрттү болуш керек»
– Чыңгыз Айтматов кийин “Биринчи мугалимди” жазды. Таякем анын китебин атама алып барып көрсөтсө, бир сыйра барактап көрүп “китепте менин аты-жөнүм аталганы менен, бул ошол кездеги Кыргызстандагы жалпы биринчи мугалимдердин иши, турмушу, билим берүүсү сүрөттөлгөн чыгарма” дептир. Мактанып дардаңдап кетпептир. Повестте атамдын фамилиясы Таштанбеков деп жазылат. Таштанбек менен Качканак бир тууган, Мамбеталы бабабыздын балдары. Мүмкүн, Чыңгыз Айтматов ошол кезде “жазуучу бир адамды реалдуу каарман кылып көрсөттү” деген сын айтылбасын деп атамдын фамилиясын атайын өзгөртүп Таштанбеков деп жазгандыр. Анын үстүнө атам Таштанбек атабыздын колунда да азыраак жүрүп калган экен. Балким, ошол жагдай себеп болгондур.
Мектептин тегерегин көрктөндүрүү үчүн атам 1 күндө өзү баш болуп 100 терек, 100 кара тал, 50 алма, 50 өрүк тиктирген. Атамдын демилгеси менен жогорку класстын окуучулары 25 чана жасап, ага кенже класстын окуучуларын отургузуп, мектепке ташыган күндөр да болду. Чыңгыз Айтматов кийин бир гезитке берген маегинде “Биринчи мугалимде” мен Арчагулдагы ошол мектепти жана аз убакыт мугалим болуп иштеген күндөрүмдү баяндагам. Арчагулдагы жеткинчектерге 1943-жылы кышында сабак бердим” деп айтканы бар.
Атам өмүр бою мугалим болуп иштеп, 60 жашында дүйнөдөн өттү. Айылдагы бир көчөгө атамдын аты ыйгарылган. 1993-жылы Арчагул мектебине атамдын аты коюлган. Кийин мектептин алдына агам эстелигин тургузду. Шекер айылындагы ачык асман алдындагы музейде Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын айкелдери бар. Арасынан кинодогудай кылып башына шлем кийгизип койгон атабыздын эстелигин да көрүүгө болот. Агам ветврач, кийин совхоздун директору болуп иштеди. 5 баласы, 18 небереси, 2 чөбүрөсү бар.
«Түйшүктүү кесипти 40 жыл аркаладым»
– Атамдын жолун жолдоп, жоопкерчиликтүү, татаал кесиптин жүгүн 40 жыл аркалап, өмүрүмдү балдарга арнадым. Математика мугалими болуу менен катар комсорг (ред.: комсомолдук уюштуруучу), профорг (ред.: профсоюздук уюштуруучу), окуу бөлүмүнүн башчысы, 15 жыл мектеп директору болуп иштедим. Көптөгөн жаш мугалимдерге чыгармачылык менен сабак өтүүнү, тактыкты, өткүрлүктү, балдарга туура мамиле жасоону үйрөттүм. Эл да, бир кезде мен окуткан окуучуларым да сыйлап турушат, мындан өткөн сыймык барбы? Эл агартуунун отличниги, “Улут сыймыгы” ордени жана башка көптөгөн сыйлыктарга ээ болдум. Балдарымдын ичинен 3 кызым мугалим. Демек, айтылуу Дүйшөн агайдын жолу уланууда...
Канымжан Усупбекова