Таттуу бал арыктаганга жардам береби? Бал жесе тез арада көп өлчөмдө арыктап кетсе болот дегенден алыспыз. Бирок таттууну жакшы көргөндөр арыктоо үчүн диета кармаганда сүйүктүү азыктарынан баш тартканга туура келет. Ошол таттуулардын ордун басканга жана арыктоого жардам бере турган бал суусундуктарын сунуштайбыз.
Сүт, куркума, бал
Диета көп кармагандар куркуманын таасирин жакшы билишет. Организмден шлак, токсиндердин чыгышын шарттаган татымалга сүт жана бал кошсоңуз, таттуу жана пайдалуу суусундук даяр. Ал үчүн:
Суу – 50 миллилитр
Сүт – 1 стакан (200 миллилитр)
Куркума – 1 чай кашык
Бал – 1 чай кашык
Алгач сууга куркуманы кошуп жай отто 5 мүнөт кайнатуу керек. Андан кийин сүттү кошуп, жакшылап аралаштырабыз да, оттон алабыз. Суусундук 70 градустан жогору ысыбашы керек (толук кайнатпайбыз), антпесе пайдалуу таасирин жоготуп жиберет. Аягында балды кошуп, толук эригенден кийин таң эрте тамактын алдынан жарым саат мурун ичип алыңыз.
Лимон + бал
Эң оңой жана көп колдонулган рецепт. Эртең менен сүт кайнатканга убактысы тарлар жылуу сууга 1 чай кашык бал жана 1 чай кашык лимон ширесин кошуп ичип алса жакшы. Бул суусундукту кечинде жатарда да ичип, болгону 1 чымчым корица да кошуп коюңуз. Лимон суусундугу ашказаны ооругандарга сунушталбайт.
Бал + имбирь
Организмде зат алмашууну жакшыртып, иммунитетти көтөрө турган суусундук имбирь менен бал кошулуп жасалат. Кечкисин ичүү сунушталбайт, анткени имбирь адамга энергия тартуулап, активдүүлүктү талап кылат. Андыктан эртең менен ичиңиз.
Имбирь – 8-10 грамм
Лимон – 2 жука кесим
Бал – 1 чай кашык
Суу – 500 миллилитр
Имбирь менен лимонду майдалап туурап, чайнекке салабыз да үстүнөн жаңы кайнаган сууну куябыз. Соңунда бал кошуп, жайлуу отуруп алып суусундукту ичсеңиз болот.