Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, америкалык ишкер Илон Маск 13-ирет ата статусуна ээ болду. Коомчулуктун көзүндөгү ишкер бул жолу ишмердүүлүгү эмес, жеке жашоосундагы жаңылыгы менен талкууга алынды. Миллиардердин 13-баласынын апасы ким? 26 жаштагы жазуучу, активист Эшли Сент-Клер социалдык тармактагы баракчасына: “Уулумдун атасы – Илон Маск. Баламдын жана өзүмдүн коопсуздугум үчүн бул жаңылыкты жашырып келгем. Бирок ЖМКларда ар түрдүү маалыматтар чыкканы үчүн, тактоо иретинде баарын ачыктоону туура көрдүм. Ушуну менен балам экөөбүздүн тынчыбызды албайсыздар деп ишенем”,- деп жазган.
Эшли менен Масктын мамилеси 2023-жылы соцтармактарда бири-бирине айтылган тамашалуу билдирүүлөрдөн, туулган күндөрү менен куттуктоолордон улам байкалган. Бирок экөө тең сүйүү романы бар-жогу тууралуу сөз козгоодон баш тартышчу. Ал эмес, Эшли Сент-Клер жакындарынан маалымат таратпоо тууралуу документке кол койдуруп алганы белгилүү болду. Жазуучу айым ишкерден уул төрөгөнүн 5 айдан кийин гана ачыктады. Маск болсо 13-баласы тууралуу өзүнүн Х социалдык тармагындагы баракчасына “Ого!” деген гана билдирүү жазган.
Илон Масктын башка балдары тууралуу да айта кетели. Ишкер расмий түрдө 3 жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Жастин Уилсон экөө 2002-жылы Невада аттуу уулдуу болуп, бирок 5 жумадан кийин наристе чарчап калган. 2004-жылы түгөйлөр ЭКО ыкмасы менен Гриффин жана Ксавьер аттуу эгиз уулдуу болушкан. 2006-жылы Дамиан, Саксон жана Кай аттуу үч эм жарыкка келген.
Үчүнчү аялы ырчы, актриса Граймс экөөнүн балдарынын ысымдарына техникалык аталыштар да аралашып кеткен. Уулу X AE A-12 (Экс Эш Эй-Твелв), кызы Y (Экза Дарк Сайдерил), баласы Т (Техно «Тау» Механикус). Y менен Т карын эне аркылуу жарыкка келген.
Neuralink компаниясында топ-менеджер кызматын аркалаган Шивон Зилис 2021-жылы үч эмди жарыкка алып келип, сперманын донору айтылуу Илон Маск болгон. Балдар төрөлгөндөн кийин Маск өз фамилиясын берген. Баатыр ата статусуна эчак жеткен ишкерди куттуктайбыз!