Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Түйшүгү түгөнбөгөн жашоонун сырын билген эч ким болбостур. Элес апасынын өмүрү аз калганын укканда нес болуп калды. Ушуга чейин апасына болгон сезими кандай экенин деле жакшы билчү эмес. Сүйүү десе сүйүүгө, жек көрүү десе ага окшобогон кызыктай бир сезим жашачу жүрөгүндө. Балким, апасы аны жалгыз калтырып кеткени үчүн балалык сезиминде таарыныч калгандыктан ушундай сезим менен жашадыбы, ким билет. Апасын издеп барганда да ушундай кош сезимдин ортосунда калган. Элестин бир мүнөзү бар эле – алдында турган маселени чечкиси келчү эмес. Сезимдерин талдап отурганча ошол абалдан качып кеткенди туура көрчү. Апасына болгон сезимин да аныктоого батынбаптыр.

Али Акай апасын үйүнө алып кетиптир. Көрсө, маселени ушинтип деле чечсе болмок тура. Өз апасын алып кеткенге эмнеге эрки жетпеди экен? Анын ордуна ал ишти бейтааныш Али жасаптыр. Өзү апасына жакындай албаган же биротоло жашоосунан чийип сала албаган бул абалды Али чечип коюптур го. Өзү жасай албаган эрдикти дагы да болсо Али жасаптыр. Ыйлагысы келди.

Эртеси күнү Алинин үйүнө барды. Атайын ал жумушта боло турган убакта барды. Апасы ашканада балдагына сүйөнүп алып бир нерсе кылып жаткан экен. Көпкө карап турду. Карып калганын байкады. Көз алдына жапжаш сулуу апасы тартылды.

– Апа?

Зейнеп бурула берип босогодо турган кызын көрдү. Калтылдап жыгылып кете жаздаганда Элес барып кучактай калды. Жылдар бою кучакташпаган экен, экөө тең алгач ыңгайсыз боло түштү.

– Коляскамды жылдырып койчу,- деди апасы.

Элес апасын абайлап отургузду. Эне-бала. Чоочун да боло албаган, жакын да боло албаган экөө сөздү эмнеден баштаарын билбей бир топко үнсүз отуруп калышты.

– Булочка бышып калды, чыгарчы, чай ичели,- деди апасы. Ушул сөздө бир жылуулук бар эле. Куду бала кезиндегидей ордунан леп этип тура калды Элес. Таттууну электр мешинен чыгарып жатып көзүнө жаш тегеренди. Апасы мурун да ага таттууларды жасап берчү. Андан кийин ага деп эч ким эч нерсе жасап бербептир. Чай демдеп алып келди, экөө дасторконго отурушту.

– Али айттыбы?

– Эмнени?

Элес куду кичине кезиндегидей мойнун терс буруп койду. Бир кызыктай кыймыл эле. Апасынын жүрөгү эзилип кетти. Бир нерсени каалабаганда ушундай кыймыл жасачу. Апасы эмнени айтып жатканын түшүнгүсү келбегендей эле. Кучактагысы келди, колу созулуп барып шалдайды.

– Элес, мени кечире албайсың, кызым. Анткени сага эне боло албадым. Жаным менин, мен жашоодогу эң чоң катаны сени таштаганда кетирген экенмин.

– Эмнеге таштадың, мен сага тоскоол болбойт элем, апа? Мен сени менен тең иштемекмин, керек болсо, сени бакмакмын. Сага камкордук кылмакмын. Эмнеге мени өз жашооңдон чыгарып салып кете бердиң? Эмнеге мени эч керексиз буюмдай ыргыттың, жылдар бою кабар албадың? Эмнеге?- деди Элес. Бул суроолор анын көкүрөгүндө жылдар бою жыйылган эле. Зейнеп башын шылкыйтты. Анысы да туура, мунусу да туура.

– Мен сенин атаңды аябай сүйдүм. Кээ бир учурда ушундай бир керексиз, оорулуу сүйүүлөр болот экен жашоодо. Кандай кылсам да, эмне кылсам да анын жашоосунда маанилүү боло албадым. Ызалуу элем, көзүм көр болгондой акыбалда болчумун. Жашоо маанисин жоготкондой болду. Белгисиздикке жол алдым. Ал жолдо эмне болору да белгисиз эле. Сени өзүм менен кошо белгисиздикке сүйрөбөйүн дедим. Таякеңе ишендим. Экинчи себеби – сен атаңа аябай окшошсуң. Сени көргөн сайын жүрөгүмө бирөө бычак сайып эле тим болбостон, аны тилип жаткандай оор эле. Сени көрүп туруп аны унутуш мүмкүн эместей сезилди.

– Эх, апа...

– Азыр ал нерселердин баары маанисиз экенин көрүп турам.

– Москвага барып эмне кылдың? Мени оңой эле унутуп койдуңбу, бир кабар берсең болбойт беле?

– Иштедим. Атаңа деген ичимдеги өрт сезим бир аз сууп баштады. Акча чогултуп алып сага барам деп жатканда кырсык басты. Биз иштеген заводдон өрт чыгып, бутум күйүп, ал айыкпай акыры сол бутумду жоон сандан кестиришке туура келди. Мурун бекер эле жашоо бүттү деп ойлогон экенмин, чыныгы жашоо бүткөнү бутумдан айрылганым эле. Ошентип ойдо жок жерден жарым жан болдум. Оор күндөр өттү. Ошентип сага келе албай калдым, кызым, соо кезимде жардам бере албаган майып болгондо сага эмне керегим бар эле? “Эч ким билбесин бул абалымды” деп ардандым. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт деп ошол жакта өлүп калсам дедим. Бирок Жараткан жашайсың десе жашайт экенбиз. Көп жолу өзүмө кол салдым. Бирок бир нерселер болуп ар жолкусунда аман калып жаттым. Жылдар өттү. Сен бойго жеттиң. Мен сүрүлүп отуруп эптеп Кыргызстанга келип, карылар үйүнө жайгаштым. Кабарымды билгизгим келбей жүргөнүмдө бир тааныш көрүп калып, таякеңе кабар жетиптир. Андан сен уктуң. Ошентип, же өлө албай, же өлбөй коё албай жашап жүрө бердим. Бирок сенин алдыңдагы күнөөмдү дайыма сездим. Мен алсыздык кылдым, кызым. Жашоо менен күрөшө албадым. Тагдырымдын нугун бура албаган бир бечара болдум. Бир өмүр текке кетти. Бирок дагы да Кудайдын боору ачыган экен. Адам экенимди, мени да сыйласа, жакшы көрсө боло турганын жакында эле сездим.

– Али?

– Ооба, Али! Ал мени адам катары кабыл алган биринчи киши болду. Жашоомдо мени инсан катары көрүп, энеси катары кабыл алган, мен үчүн курмандык кылган Алини көрдүм. Жашагым келди. Эне-бала болдук аз убакытта. Анын жалгыздыгына канча даба болдум билбейм, бирок ал менин жашоомдун маанилүү аялдамасы болду. Аттиң, көрсө, өмүрүмдүн акыркы аялдамасы экен. Дагы бир аз убакыт болгондо...

– Айтпа мага. Мен уккум келбейт.

– Элес?

– Сени жаңыдан таптым, жалгызмын, бактысызмын. Көрбөй жатасыңбы? Жашоомдо таяна турган, кармана турган эч бир адамым жок. Ушунча жыл күйөөм деп келген адам да мага чыккынчылык кылды. Мен ушунчалык сага муктажмын.

– Кызым?

– Өлбөйсүң сен! Сен мага бардык мээримиңди бермейинчи, жоготкон убактыбызды кайра толтурмайынча эч жакка кетпейсиң. Мен сени алып кетем. Эң мыкты врачтарга көрсөтөм. Мен сени сагындым, жок дегенде эми мени таштаба.

Элес кыйкырып жатты. Зейнеп кызын кучактай калды. Муз экөө үчүн тең эриди. Апасынын кучагына кулаган кыз өмүр бою жыйнаган көз жашын чыгарып жаткандай ыйлады. Апасынын тизесине башын коюп бугу чыкканча ыйлай берди.

– Баары жакшы болот, кызым. Сен мендей акылсыз эмессиң. Сен биздин каталарыбызды кайталабайсың. Сенде баары жакшы болот.

– Кайталадым, апа, мен экөөңдүн тең катаңды кайталадым. Өз балдарыма зыяным тийди. Алинин тагдырын талкаладым. Мен так эле сендей акылсыз, атамдай жоопкерчиликсиз адам болдум. Кантип күнөөмдү актайм, эми эмне кылам? Кантип жашайм, апа? Мага жол көрсөт.

– Антип айтпа, кызым... Сенин күнөөң жок.

Элес көз жашын сүртө соолуктап барып токтоду да, апасына суроолуу карады.

– Али сизге эч нерсе деп айткан жокпу?

– Эмнени айтышы керек эле?

– Менин айымдан болгонун...

– Жок, мага эч нерсе деп айткан жок.

– Лимон тууралуу да айткан жокпу?

Зейнеп башын чайкады.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1158, 21-27-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан