Эртең эмне болорун, алдыда кандай сыноолор күтүп турганын эч ким билбейт. Ырчы Алмаз Шаадаев да турмуштук сыноого кабылып, бир мүдүрүлгөн убагы. “Ушул маек менен ал темага чекит коёлу” дейт ырчы мырза.
- Кутман күн, Алмаз мырза! Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө канча жыл болду?
- Саламатсыздар, чыгармачылыкка келгениме быйыл 15 жыл болду. Убакыт шуу деп өтүп кетти, билинбей эле ушунча жыл болуп кетиптир. Бир кезде жаш ырчылардын катарында болсок, азыр орто муундун катарына кирип калдык окшойт (күлүп).
- 15 жыл мурунку максаттар кандай эле? Аларга жеттиңизби же дагы деле алдыдабы?
- Чыгармачылыктын башында атактуу болуу үчүн ырдачумун. Атактуу болуу - кыялым эле, мени эл таанысын, ырларымды эл жакшы көрүп уксун деген тилектер болчу. Азыр ошол тилектер ишке ашып отурат. 15 жыл ичинде ырчылык менин кесибиме айланды. Азыр эми кесибимди сүйгөн үчүн, аны жакшы алып кетүү үчүн сахнага чыгам, ырдайм. Ырларыма аяр жана сүйүп мамиле жасайм.
- Бул жылдар сизге эмне берди жана сизден эмнени алды?
- Угармандарымды таптым, элдин сыйына ээ болдум. Кесибимдин аркасынан дос-жар күттүм, тиричиликти жолуна салдым. Кыскасы, көп эле нерсе таптым. Эмне жоготтум десек, эч нерсе деле жоготкон жокмун. Болгону мээнет, курманчылыктар, уктабаган түндөр гана эске түшөт. Сырттан оңой көрүнгөнү менен чыгармачылыктын түйшүгү оор, билген кишиге. Мисалы, ырдын клиби үч мүнөттүк эле видео, бирок ошол үч мүнөттүн артында канча деген эмгек жатат.
- Азыр интернет заманы. Багы ачылып бир эле ыры менен элге тааныла алган ырчылар бар, аларды көрүп ичиңиз тыз дей түшпөйбү?
- Жок, андайым жок. Кээ бир ырчылар 10-15 жыл эмгек кылып араң таанылса, кээ бирөө үй өрттөп жиберип деле бүт өлкөгө таанылып кетип жатпайбы. Биздин заманда теле жана радиого көз каранды элек. Азыр андай эмес, бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Заман агымынан кайда качмак элек.
- Араңардан кимдир бирөөнүн “огородуна” таш ыргытылса, ага болушуп коргогон маанай анча жок ээ шоу-бизнесте?
- Инсан болгондон кийин ар бирибиз жаңылат экенбиз. Бирөө тилинен, бирөө жүрүм-турумунан, бирөө дагы башка нерседен сыналат окшойт. Башкаларды билбейм, бирок мен кесиптештеримдин бири жаңылып, элдин баары аны сөгүп жатса абдан капа болом. Кээде бир нерсе дей албай турган учурлар дагы болот. Чет өлкөлүк шоу-бизнесте атайын хайп жаратуу үчүн команда түзүшөт. Ойлонушат, кантип пиар же кара пиар жасап жиберсек деп. Ошол нерсе биздин элде такыр иштебейт. Андыктан ырчылар ансыз эле жашашы керек. Болбосо биротоло хайптын арты менен “өлтүрүп” салат (күлүп).
- Ырлары миллион көрүү топтой алган кыргыз ырчыларынын алгачкыларынын бирисиз, ийгилик эмнеден улам жылмайды деп ойлойсуз?
- Туура айтасыз, ошол учурда мага атактуу көп ырчылар телефон чалышып “муну кантип “накрутка” кылып жатасың?” деп жатышты. Эч нерсе кылган эмесмин, өзү эле ушундай болуп кетти. “Эми мага баары бир” деген ырым 50 миллион көрүү топтой алды. Бул нерсе өзүмө деле табышмак.
- Таанымал ырчы болушуңузга салым кошкон 3 адамды атап бере аласызбы?
- Ата-энем, бир туугандарымдан тышкары ким десем, оюма биринчи мугалимим Роза Арыкова эжей келди. Андан кийин чыгармачылыктын башында шоу-бизнестин “кайыгына” салган Анара Чилетирова эже болду. Ага да абдан ыраазымын. Клиптеримдин сценарийин жазып берген Индира Исаева эжеге ыраазымын. Негизи айта турган көп адам бар, азыр бирин айтсам, бири калып кетип таарынып калышпасын. Ошондуктан баарына ыраазымын.
- Тагдырга жазылгандан адам кача албайт. Жубайыңыз менен эки айрылыш жолго түшүпсүздөр...
- Тилекке каршы “Алмаз мындай ыр жыздырды” деген жаңылыкка караганда элди “Алмаз ажырашты” деген жаңылык көбүрөөк кызыктырат экен. Меникиндей сыноого кабылгандар көп, “ар бир үйдө таз бала” дегендей эле. Маселе ошол сыноодон сынбай, андан ары жолду улап кетиште. Кудайга шүгүр, ортодо кызыбыз бар, учурда он ай болуп калды. Аргасыздыктан азыр анын жанында боло албай жатам, бирок өмүр бою жанында болом деп ойлойм. Кызымдын ата мээримин көрбөй калышын каалабайм. Миң жаман болсом да атасымын, ага менчелик эч ким мээрим төгө албайт.
- Ажырашуунун себеби эмне болду?
- Чоң деле себеп болгон жок, болгону маңдайыма ушинтип жазылыптыр, муну сыноо катары кабыл алдым. Аялзатка кол көтөргөн эркектерден эмесмин. Кандай болуп кетти, эмне болуп кетти, өзүм деле жакшы түшүнбөй калдым. Болору болду, менде эч кандай таарыныч жок. Көптөр “ажырашканда аял кыйналат” дешет, бирок эркектерге деле оңой эмес экенин сездим. Оор таасир этет экен. Кызымды көп ойлойм.
- Үй-бүлөнүн бекем болушу үчүн эмнелер маанилүү экен?
- Эки адамдын бири-бирин түшүнүшү маанилүү экен. Колдоп, аракетин баалап турса экөө тең жашап кеткенге тырмышат тура. Үйдөгү нерсе үйдө калышы керек, ага башкалар аралашып кетсе эле чыр чыгарын түшүндүм. Болгон көйгөйдү күйөө аял экөө эле чечиши керек негизи. Кемчилик кимде болбойт, аны жаап-жашырып коюу - даанышмандык. Аял-күйөө үйдө бири-бирин кечире алат, бирок маселе сыртка чыгып кетсе кыйын болуп калат турбайбы. Сөзүмдү көп кайталанган “чымчыктын да уясы бузулбасын” деген кеп менен бүтүрөт окшойм.
- Туура айтасыз, эч кимдин уясы бузулбасын. Ачык-айкын маек куруп бергениңиз үчүн рахмат.
КЫСКА-НУСКА
- Эл билбеген таланттыңыз...
- Футболду жакшы ойнойм.
- Эч кимге айтпаган сырыңыз...
- Сыр жок, эч нерсе жашырбайм.
- Таарынычыңыз...
- Эч кимге таарыныч жок.
- Инстаграмда “левый” аккаунтуңуз барбы?
- Бар эле, бирок учурда жок. Бир эле аккаунт менен жүрөм.
- Жарандык позицияны билдирүүдө активдүүсүзбү?
- Мурун активдүү элем. Азыр “чымчыкты сойсо да касапчы сойсун” деп калдым. Бирок олуттуу маселе жаралса сөзсүз пикиримди айтам.
- Жан дүйнөңүз учурда эмнени каалап турат...
- Тынчтыкты.
- Эмнеден ырахат аласыз?
- Достор менен жолуккандан.
- Акыркы жолу өзүңүзгө кандай белек кылдыңыз?
- Өзүмө көптөн бери белек кыла элекмин.
Нуржамал Жийдебаева