Эми кыймылсыз мүлк сатууда жарандан салык боюнча маалымкат талап кылынбайт

2025-жылдын 24-февралынан тарта Мамлекеттик салык кызматы кыймылсыз мүлк боюнча келишимдерде салык карызынын жоктугу тууралуу маалымкат алууну талап кылууну токтотот. Эми жарандар кыймылсыз мүлк сатууда салык органдарына кайрылбай туруп, автоматтык түрдө бардык керектүү маалыматтарды “Кадастр” мамлекеттик мекемесинен ала алышат. Эгерде салыктан карызы бар болсо, анда карыздын суммасын ошол жерден көрүп, онлайн төлөп, кийинки кадамдарды жасоого болот. Салык кызматы бул салык төлөөчүлөргө жеңилдиктерди алып келет деп билдирди. Ошондой эле мындай кадам салык системин жеңилдетет, административдик тоскоолдуктарды жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтат деген ишеничте мекеме. 

Буга чейин кыймылсыз мүлк сатып жаткан жаран салык органдарына кайрылып, салык боюнча (жер салыгы, автоунаа салыгы жана башка) карызы жок экендиги тууралуу маалымкат алып келүүгө тийиш эле. Ансыз мамлекеттик каттоо кызматы жарандын мүлкүн сатууга байланыштуу келишим түзүүдөн баш тартчу. Маалымкатты алуу үчүн жарандар бардык карыздарын бир учурда жабууга аргасыз болчу. Бул процесс жарандарга ыңгайсыздыктарды, салык органдарынын мекемелеринде узун кезек күтүүлөрдү жаратып келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1158, 21-27-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан