“Кырк жылы кабарсыз кетсем да, кыйкырып алдымдан чыгарым” деп акын Анатай Өмүркановдун ыр саптарында айтылгандай, эне – жашообуздагы эң маанилүү адам. Бизди жарык дүйнөгө алып келиши, ысык-сууктан калкалап, тарбиялап чоңойтушу не деген зор эмгек. Белгилүү ырчы Айбек Касымов апасы, анын мүнөзү, тамактары тууралуу айтып берди.
«Кызыл жоолукчан апам...»
– Апамдын аты Чынара, учурда 69 жашта. Үч баланын энеси, эң улуу баласы менмин, менден кийин эки иним бар. Балалык элестер адамдын жүрөгүндө терең сакталат эмеспи, апамдын айылда кызыл жоолук салынып, кызыл көйнөк кийип жүргөн элеси көз алдыма көп тартылат. Биз айылда жашачу элек, кийин Балыкчы шаарына көчүп келгенбиз. Айылга көнүп калган жаным айылды сагынам. Сагынганымды сезип калабы, апам мени каникул сайын айылга алып барчу. Ойноп, антип-минтип, шаарга кайра кетиш керек болгондо кетким келбей кыйылып жаман болчумун. Көзүмдүн жашын кылгыртып аялдамада турчумун, “машине чыкпай калса экен, бүгүн айылда калсак экен” деп тиленчү элем. Бирок тилекке каршы, машине келип, биз шаарга кетчүбүз (күлүп).
Алгач мектеп босогосун аттаганымда колума сирень гүлүн үзүп берип, жакшылап даярдантып алып апам колумдан жетелеп мектепке алып барган. Алиппе майрамында “С” тамгасы болгонум да эсимде. Апам экөөбүз ал майрамга катуу даярданган элек. Апа дегенде мына ушулар көз алдыма тартылат.
«Апам сындайт жана колдойт»
– Апам жакшы ырдайт, мыкты үнү бар. Айылда ыр кеселердин “жылдызы” болчу. Ырдап жүргөн адамдын музыкага болгон табити да башкача болот экен, апам ырчы болуп калса жакшы ырларды тандап ырдамак беле деп ойлойм. Кээде мага эски ырларды сунуштап, “Айбек, ушу ырды эч ким ырдай элек, угуп көрсөң, аябай жакшы. Сен ырдап чыксаң жакшы болот” деп калат. Чындап эле апам сунуш кылган ырды ырдасам үнүмө отуруп калат. Элге да алынып кетет. Чыгармачылыгымды колдойт дагы, сындайт дагы. “Ушу жакшы болду, жок, бул ырды мындай ырдабаш керек эле” деп өз пикирин айтып турат. Апамдын музыкалык табитине ишенгендиктен, сынын чын дилим менен кабыл алам жана дароо оңдоп кеткенге аракет кылам. Эски ырларды ырдап калганым да апамдын эски ырларды жакшы ырдаганынан болушу керек. Апамдын чыгармачылыкка болгон ышкыбоздугу, үнүнүн кооздугу мага өтсө керек. Бирок мүнөзүм окшобойт, инилерим апама окшоп кетет.
«Апамдын тамагы»
– Көлдүктөрдө кургак кесме деген тамак бар. Билишимче, башка жерлерде бул тамак жасалбайт. Ошол тамакты апам аябай жакшы жасайт. Ошондой эле суюк кесмени да келиштирип жасайт. Негизи эле камыр тамактарды, камыр жайып, кескен жагынан алдына киши салдырбайт. Эсимде, кичине кезимде суюк кесме жасатып алып иччүбүз. Аны ичип алып алка-шалка түшүп тердечүбүз. Азыр деле апамдын жанына барганда ушул кесмелерин жасатып жыргап калам. Шаарда келинчегиме “апам жасагандай кесме жасап берчи” деп суранып калмайым бар.
«Тентектик кылган жокмун»
– Мүнөзүм атамды тартып калыптыр, атам жоош киши. Эстесем, бала кезде тентектик кылбаптырмын, ата-энемди мектепке чакырткан учурум деле болбоптур. Сабакты жакшы окуп, тынч отурган балдардын бири болчумун. Чийинден такыр чыкпаган балдар болот эмеспи, ошондой элем.
Адамдын тагдырында апа өзгөчө жан болот экен. Ушунча жашка чыгып, 5 баланын атасы болсом деле апам үчүн баламын. Балдар кээде “апама таарындым, атама таарындым” деп калышканын угам. Менде эч андай сезим болбогон экен. Бар экенине шүгүр кылып, кубанып эле жашап келем. Балким, апам мен таарына турган эч бир нерсе кылган эмеспи, билбейм. Апамды мен таарынтып алган учурум болгон болуш керек, бирок мен такыр таарынган жокмун.
«Апамдын эсимде калган белеги саат болгон»
– Союз учурунда туулган күн же башка бир даталарга азыркыдай маани берилчү эмес. Апам мага 11-классты бүтүп жатканда саат белек кылганы эсимде. “Электроника” деген саат болчу. Апам менен атам күн мурун эле алып даярдап коюшкан экен, мага күтүлбөгөн жерден берилген белек болду. Мектепти бүтүрүү кечесинде чыгып белек кылып колума тагышкан. Ушундай бир сүйүнгөн элем, ал учурда мындай сааттар сейрек эле. Ошол сезим дагы деле жашайт, эстегенде кудуңдап сүйүнүп алам. Мен апама кандай унутулгус белек кылдым, эсимде жок. Туулган күнү сайын белек берип сүйүнтүп турабыз, бирок кайсынысына өзгөчө сүйүнгөнүн билбейм.
«Апам мага караганда келини менен көп сырдашат»
– Менин мүнөзүм аябай уяң. Кичинемден эле тартынчаак, уяң, эч кимге батына албаган бала болуп чоңойдум. Апам тескерисинче, тарсылдаган катуураак аял. Ошондуктанбы, апам экөөбүз батынып деле сырдашып жиберген жокпуз. Бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз, бирок тим эле сырдашып, бири-бирибизге ички дүйнөбүздү ачып-чачып жиберген учурубуз болгон эмес. Менин оюмча, мени менен тең муундун баары болбосо да, көбү эле ушундай өскөн.
Келинчегим Аида жаңы келин болуп келгенде апам менен мамилеси анча жакшы болгон жок, ачык айтканда (күлүп). “Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт” деген макал бар эмеспи. Же эки аялдын энергиясы бир үйгө батпайт деп коюшабы. Кыскасы, Аида жаңы келгенде бир аз келише албай жүрүштү, анткени апам бир аз катуураак адам. Таң калганым, жылдардын өтүшү менен экөө аябай жакын болуп кетишти. Бири-бирин түшүнүштүбү же ынтымак болуу керек экенин сезиштиби, айтор, азыр ынак. Апам мага караганда келинчегим менен көбүрөөк сырдашат. Андан апам тууралуу бир фактыларды угуп калган учурларым болот. Бала кезимде кандай болсом, ошондой уяң боюнча эле калдым. Бирок бул апам экөөбүздүн мамилебиз солгун дегендик эмес, бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз. Апама дайыма ден соолук каалайм, балдарынын төрүндө батасын берип бактылуу карылыкта жашаса экен деп тилейм.
Нуржамал Жийдебаева