“Аксыдан чыккан Жеңижок, Айтышарга теңи жок. Таластан чыккан Жеңижок, Таймашаарга теңи жок” деп эл оозунда айтылып жүргөн айтылуу төкмө акын Жеңижок (Өтө Көкө уулу) тууралуу тарыхый тасма тартылды. Тасмада Жеңижоктун жаш кезин ойногон актёр Амангелди Шерикул уулу менен маектештик.
– Саламатсызбы, Амангелди? Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз...
– Саламатчылык. Мен Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Айгыр-Жал айылынан болом. Бирок Бишкекте төрөлүп-өстүм. Жашым 24тө, 4 жылдан бери Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенем, кинолорго да тартылып жүрөм. Андан тышкары радиодо жана теледе иштейм.
– “Жеңижок” тасмасындагы Жеңижок акындын образы сиздин алгачкы чоң ролуңуз экен, тарыхый инсандын ролун аткаруу оңой болбосо керек...
– Ооба, оңой болгон жок. “Жеңижок” тасмасындагы роль мен үчүн чоң сыноо болду. Албетте, жакшы жагынан сыноо, өзүмдүн дараметимди билүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк жаралды. Анткени тарыхый тасмага тартылуу сиз айткандай, оңой иш эмес, жоопкерчилик чоң. Мисалы, Жеңижоктун образын таап чыгуу оор болду. Анткени ошол замандын атмосферасын берүү керек эле. Ал заманда адамдар кандай ойлонушкан, кантип сүйлөшкөн, жүрүм-турумдары кандай болгон, ушунун баарын изилдеп чыгуу керек болду. Акындын адамдарга, сүйүүгө мамилесин чагылдырып берүү да жеңил болбоду. Анткени ал заманда адамдар жашоого олуттуу карашкан эмеспи. Эң оору – акындын айтыштарын чагылдырып берүү болду окшойт. Тасмада айтыш учуру тартылган үч-төрт эпизод бар, ошого жакшы даярданыш үчүн ырларды жаттадым. Тартуу учурунда өзүмдү да, тартуучу топту да кыйнап койбоюн, шыр тартылып кетсин деген ойдо алдын ала жаттап чыктым. Негизи тарыхый фильмде башкы каарманды ойноо ар бир эле актёрдун кыялы болуш керек. Менин да кыялым болчу, буюрса, орундалды.
– Жеңижоктун жаш чагын ойноого кастингден өтүп тандалдыңызбы?
– Ал күнү адаттагыдай театрда жүргөм, спектакль коюлмак. Репетиция учурунда Паризат эже (ред.: тасманын режиссёру Паризат Жакыпбекова) келип калды. Учурашып, акыбал сурашкандан кийин “сага жакында биздин кыздар телефон чалышат, кастинг болгону жатат, келип катышып кет” деди. Макулдугумду бергем, анан чакырышты, жолугуп сүйлөштүк. Ошондо режиссёр Жеңижок акындын ролу мага ылайык экенин айтты. Күтүүсүз жаңылык эле мен үчүн, дароо макул деген жокмун. Тасма боюнча маалымат берилди, кайсы жакта тартылат, кандай болот, баарын айтышты. Анан үйгө барып катуу ойлондум. "Жеңижок чыгаан тарыхый инсан болсо, кыргызга аттын кашкасындай таанымал адам, а мен жаш актёрмун, кантип ойнойм? Жеткиликтүү аткара аламбы, кийинки муунга кала тургандай образ жаратып бере аламбы?" деген сыяктуу ойлор түйшөлттү. Театрга барып агайларымдан кеңеш сурасам алар “сен актёрлуктун окуусун 4-5 жыл окудуң. Театрда иштеп жатасың, ойношуң керек” деп колдоого алышты. Комуз черткенди билбейм, ал жагы кандай болуп калат деп да санааркадым. “Балким, төкмө акындарды, же комуз черте алган актёрлорду чакырасыз” деп режиссёрго айтсам, “бул ролдо сени көрүп жатам” деди. Ошентип тартылып калдым.
– Тасма кайсы жакта тартылды?
– Жеңижок атабыз жашап өткөн Аксыдан тарттык. Андан тышкары Таластын Үч-Эмчек айылынан, Суусамырдын жайлоолорунан, Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылынан тартылды.
– Алдын ала ыр жаттадым деп калдыңыз, даярданууга канча убакыт берилди?
– Даярданууга 2 жарым ай убакыт беришти. Сунуш түшкөндөн кийин акындын бала чагынан тарта изилдей баштадым. Комуз чертүү боюнча ырчы, төкмө акын Максат Кулуев байке, тартуу учурунда тасманын режиссёру Паризат Жакыпбекова, экинчи режиссёру Мурат Мамбетов мага чоң жардам беришти. Тасмада Жеңижок айтышкан учурларда белгилүү дастанчы Өмүрзак Кайыпов агабыздын үнү кетет, ошол агабыздын үнүн дубляж кылдык. Бул дагы абдан чоң иш экен.
– Дегеле азыркы кыргыз кинолоруна көз карашыңыз кандай?
– Азыркы кинолордун деңгээли салыштырмалуу жакшы. Мындан 5 жыл мурунку кинолор менен азыркы кинолорду салыштырганда жылыш бар экени байкалат. Бирок жеке капчыкты гана ойлоп кино тарткандар да бар. Ишкерлер демөөрчүлүк кылып кино тарттырышып, андан пайда көрүүнү максат кылган фактыларды эч жерге ката албайбыз. Бизнес сыяктуу болуп кетти да. Ошол эле учурда акчадан бийик нерселерди ойлонуп, чыныгы чыгармачылык көз карашта кино тарткандар бар. Мен да коомдогу олуттуу темаларды козгогон же тарыхый тасмалар көп тартылса деп тилейт элем. Жеңил-желпи эмес, мазмундуу, тарбиялык мааниге ээ, берейин деген ою бар кинолор көбүрөөк тартылса жакшы болмок.
– Жеңижок менен Көксулуунун махабаты даңазалуу дастан эмеспи. Толкундантты болуш керек?
– Туура айтасыз, сүйүүсүнүн тазалыгы үчүн тарыхта калса керек. Анткени Жеңижок Көксулууну өмүрүнүн акырына чейин сүйгөн да. Жашоодон баласыз өткөнүнө да кайыл болуп сүйгөн. Чоң сүйүү да бул. Азыр жубайлар балалуу болбосо көпкө күтүп отурбай эле дароо ажырашып кетип жатышпайбы. Жеңижок менен Көксулуунун махабаты тасманын негизги бөлүгүн ээлейт. Кыргыздын салты менен кудалап койгон жерине алып кетсе да, Жеңижок артынан барып сүйгөнүн алып кеткен. Буга да чоң эрдик, курчтук керек. Көксулууну актриса Анара Таалайбек кызы ойноду. Экөөбүз театрда чогуу иштейбиз. Абдан таланттуу, такшалган актрисалардын бири, ошондуктан тасмада сезимдерди жакшы эле ачып бере алдык деп ойлойм.
– Тасмада го түгөйүңүз бар экен, чыныгы жашоодочу?
– Жашоодо деле түгөйүм бар. “Жеңижок” тасмасына тартылууга даярдык иштери жүрүп жаткан учурда сүйлөшкөн кызымдын колун сурадым. Ушул учурга туш келди. Ошентип тасмага тартылып, алган гонорарымды калыңга жумшадым (күлүп). Айтор, тасма мен үчүн ак жолтой болуп, тапканым жакшылыкка, тойго иштетилди.
– Кадимки сиз менен Жеңижоктун окшош жактары бар бекен?
– Көк беттиги, өжөрлүгү окшош окшойт (күлүп). Мен дагы дал ошондой өжөр жигитмин.
– Сиздин оюңузча, Жеңижок тасмасын көрүүчү эмнеге көрүшү керек?
– Кыргыз болгондон кийин тарыхыбызды билишибиз керек. Акындын өмүр таржымалы элдин тагдыры менен жуурулушуп, түздөн-түз байланышат. Жакшы тасма болду деп ойлойм. Калганын кино экранга чыкканда байкайлы. Колдон келишинче аракет кылдык, бааны эл берсин.
Нуржамал Жийдебаева