Тоо-кен өнөр жайында техникалык инновациялар эксперти, 15 жылдык тажрыйбасы бар тоо инженери Данияр Касымалиев тармакта 2025-жылы өнүгө турган негизги тенденцияларды айтып берди.
Ар түрдүү чийки заттарды өндүрүү боюнча дүйнөлүк операциялардын 40 пайызы жер астындагы шахталарга туура келерин McKinsey & Company’нин маалыматтары көрсөтүп турат. Көмүртектин азыраак зыяны жана ачык ыкмаларда иштеп чыгуу жеткиликтүү болбогон шартта запас иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү – тоо-кен өнөр жайындагы адистер үчүн жер астынан казууну өркүндөтүүгө салмактуу аргумент. Ошону менен бирге коопсуздук жана экономикалык максаттарга ылайыктуулук маселеси башкы планга чыгат. Ошондуктан тармак жер казынасын иштетүүгө умтулуу менен жер үстүндөгү адамдарга эң жакшы шарттарды түзүүгө олуттуу багыт алат деп эсептейт жогорку квалификациялуу тоо инженери, инженер-куруучу, тоо ишин инновациялык өнүктүрүү жаатында эксперт Данияр Касымалиев.
Анын жер астынан кен казган ишкананы ишке киргизүү боюнча жогорку технологиялык ыкмасы 2024-жылы Best Business Awards сыйлыгына татып, Данияр мырза “Эң мыкты инженер” номинациясына ээ болсо, республиканын тоо-кен өнөр жайы ишканаларында вахталык шаарча курууда колдонулуучу түркүктү (винтовые сваи) монтаждоонун новатордук технологиясы тоо ишинде гана эмес, адистер тарабынан тиешелүү башка тармактарда да колдонууга киргизилди.
“Азыркы технологиялык модернизациялар шартында заманбап жабдуулар менен иштөөгө жөндөмдүү гана эмес, өндүрүштүк маселелерди чечүүдө эксклюзивдүү чечимдерди таба билген жогорку квалификациялуу адистерге суроо-талап өсүүдө”, - дейт эксперт.
Долбоорду сактап калган инновациялар
Элестетиңиз, сиз күн сайын миңдеген тонна кен казылган абдан чоң карьердин жээгинде турасыз. Техника сааттай иштеп жатат, а адамдар аткарылбаган иштер боюнча маселелерди чечүүдө. Эми элестетиңиз, ушунун баарынын артында бир киши турат, анын идеялары, чечимдери жана чеберчилиги бул татаал системаны эффективдүү жана туруктуу кылат. Тоо массасы жылып, шиленди коркунучунда калганда вахталык шаарчанын жашоосу үчүн өзүнө жоопкерчилик алган Данияр Касымалиев дал жогоруда айтылгандай адам болуп чыккан.
“Кенге жеткирилген жабдыктар ишке жараган жок, а жаңысын күтүүгө вариант жок болчу”, - дейт Данияр мырза.
Кыска убакытта ал иштеп жаткан бургулоочу станок үчүн уникалдуу переходник ойлоп таап, анын жардамы менен түркүктүү пайдубал орнотуу боюнча бардык иштер болгону бир аптада жасалып бүткөн. Бул иш долбоорду сактап калуу менен бирге командада стандарттуу эмес ой жүгүртө алган адамдын болушу канчалык зарыл экенин көрсөткөн. Касымалиевдин жетекчилиги астында техникаларды оңдоочу чеберканалар курулуп, бетон аралашмасын даярдоочу бункер калыбына келтирилип, 30дан ашык жаңы жана мурда колдонулган техника ишке киргизилген. Аталган долбоорлордун ар бири – бул жөн гана курулуш эмес, кенди мурдагыдан да эффективдүү жана коопсуз кылууга ташталган кадам эле.
– Жер астындагы өндүрүш автономдук технологияларга өтө турганы боюнча тенденция айдан ачык болуп калды,- деген Данияр Касымалиев “жакынкы убакта биз тоо-кен жабдыктарын аралыктан башкаруу системасы мындан да кеңири жайылганына күбө болобуз” деп белгилейт.
Келечектин тренддери
Автономдук технологиялар роботтоштурулган техникалардын, автоматтык башкаруу жана көзөмөлдөө системасынын, тоо иштеринин коопсуз жана эффективдүүлүгү үчүн учкучсуз жабдыктардын кеңири жайылышын шарттайт. Жер астындагы өндүрүштүн санарип “двойниктеринин” жана үч өлчөмдүү моделдештирүү системасынын ролу өсүүдө. Бул технологиялар тоо иштерин так пландоого жана күтүлгөн тобокелдиктерди божомолдоого мүмкүндүк түзөт деген пикирде Касымалиев. Андан тышкары, эксперттин айтымында, жер астынан кен казууда “жашыл” технологиялар тез жайылып жатат: электр транспортторунун ишке кириши, энергияны кайра пайдалануу системасы, калдыктарды азайтуу системасы, эффективдүү желдетүү жана башкалар.
“ESG принциби - Environmental, Social, Governance – бардык өлкөлөрдө мыйзам аркылуу бекемделбегенине карабай жалпыга таандык норма болуп баратат”,- дейт Данияр Касымалиев.
Эксперттин тармактагы 15 жылдык тажрыйбасын эске алсак, анын божомолдору өзгөчө баалуу. Анткени ал божомолдор кен казуунун салттуу ыкмалары сыяктуу терең түшүнүккө да, заманбап технологиялык мүмкүнчүлүктөргө да негизделген. Данияр мырзанын Борбордук Азиядагы ири долбоорлордун бири болгон жер астындагы ишкананы ишке киргизүүдөгү инновациясы Best Business Awards – 2024 сыйлыгына татыган. Бул эл аралык сыйлык жыл сайын тармактагы көрүнүктүү, өзүнүн ишмердүүлүгү жаатына бараандуу салым кошкон жана эң алдынкы жыйынтык көрсөтө алган эксперттерге, топ-менеджерлерге жана ишкерлерге ыйгарылат. Калыстар адистин 3D-моделдештирүү, негизги технологиялык жана функционалдык процесстерди мониторинг кылуу жана көзөмөлдөө боюнча уникалдуу программалык камсыздоосун жогору баалашты. Данияр мырза эки жантайыңкы өткөрмө түзгөн, бул жер астындагы иштерди баштоодо маанилүү кадам эле. Жер астынан кен казуу долбоорун ишке киргизүү акырындап запасы түгөнүп бараткан шартта ачык ыкмада иштеген компания үчүн тобокел мааниге ээ болгон. Анын аракетинен улам кендин иштөө мөөнөтү 20 жылга узарып, Kumtor Gold Company’де туруктуулукту жана адамдар үчүн миңдеген жумуш орундарын камсыздады.
Күчтүү комьюнити
Өз ишин так билген, жоопкерчиликтен коркпогон новатордун жана лидердин түзүлгөн репутациясы Данияр Касымалиевди “Борбордук Азиянын бизнес-лидерлери” сыйлыгынын эксперттик кеңешине алып барды. Бул престиждүү сынак Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Орусиянын көрүнүктүү ишкерлери жана активисттери үчүн уюштурулуп, кеңири чөлкөмдөгү эң келечектүү бизнес-долбоорлорду аныктайт жана муну менен Борбордук Азияда ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Сыйлык 500дөн ашык катышуучунун ичинен мыктыларына тапшырылды.
“Борбордук Азия – ири потенциалы бар аймак”,- деген эксперт “анын эң көрүнүктүү өкүлдөрүн колдоо ишкерлердин күчтүү коомчулугун түзгөндөн тышкары аймактагы ар бир өлкөнүн экономикасын күчтөндүрөт” деп кошумчалады.
Азыркы учурда Данияр мырза Кыргыз тоо ассоциациясы, Кыргыз кен байлыктары эксперттеринин коому, Евразиялык чыгармачыл гильдия жана башка кесиптик бирикмелердин мүчөсү катары өзүнүн тажрыйбасын активдүү бөлүшүп келет. Ал үчүн өзүнүн өсүп-өнүгүшү гана эмес, башкалардын да өсүшүнө жардам берүү маанилүү. Амбициялуу тоо инженеринин пландары – тоо иштерине мониторинг кылуу үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу, өндүрүш процессин башкаруу үчүн кен казууну жана ири маалыматтардын анализин (Big Data) автоматташтыруу жана башкалар.
24.02.2025
Эркин Сексенбаев