Мицеллярдык суу
Эгер тоналдык крем кийимге жаңы эле шыбалса, анда кадимки макияжды кетирүүгө арналган мицеллярдык сууну колдонсок болот. Кебез дискин мицеллярдык суу менен нымдаштырып алабыз да, булганган кездемени катуу баспай суулайбыз. 5 мүнөт аралыгында улам-улам булганган кездемени суулап туруу керек. Андан соң таза кебез диски менен тоналдык кремдин ордун аарчып, ошол кир болгон аймакты гана таза суу менен жуу керек. Аягында кир жуучу машинага салып коюңуз.
Лимон ширеси
Лимон ширесин да крем менен жаңы булганган кийимдерге колдонгондо жакшы жыйынтыкка жетесиз. Кебез дискине лимон ширесин куябыз, кийимдеги тактын үстүнө кебезди 5 мүнөт коюу керек. Андан соң ным салфетка менен жакшылап аарчып коюу керек. Кир жуучу порошок же гель колдонуп кийимди жууйбуз. Эгер кремдин тагы дагы деле кетпесе, такка лимон ширесин тамчылатабыз, үстүнө сода чачабыз. Тиш щёткасы менен акырындан сүртүү керек. Сода көбүрбөй калганда кездемени таза сууга чайкайбыз да, андан соң кайрадан кир жуучу порошок же гель колдонуп жууйбуз.
Кир самын
Кадимки кир самын да тоналдык кремди кетирүүдө миңдин бири. Алгач кир самынды майдалап туурап, бирге бир суу кошуп, көбүргөн суюк ботко абалына келгиче аралаштырабыз. Аралашманы кремдин тагына сүйкөп, 2 саат коюу керек. Кургап калбасы үчүн кездеменин үстүнө тамак-аш плёнкасын же полиэтилен баштык жаап коюңуз. Убагы келгенде кир болгон жерди таза сууга чайкап, андан кийин кийимди толук кир жуучу порошок менен жууп салыңыз.
Нашатырь спирти
Нашатырь спиртин кебез дискине сүйкөп, так болгон жерге 5 мүнөт коёбуз. Андан соң таза сууга чайкап, кийимди кир жуучу машинага же колго жууп салуу кажет.
Уксус
Алгач колго резина кол кап кийиңиз. 9% уксусту кебез дискине сүйкөп, кремдин тагы турган жерди бир нече ирет сүртөбүз. Таза суу менен чайкап, андан соң кир жуучу машинага жууп коюңуз.