Кыргыздын чыгаан кинорежиссёрлорунун бири, көрүүчүгө “Белгисиз маршрут”, “Түнкү кырсык”, “Табылга”, “Кош келиңиз президент мырза” сыяктуу мыкты тасмаларды тартуулаган Темир Бирназаров менен баарлаштык. Кино ааламынын учу-кыйыры жок эмеспи, биздин сурообуз да, режиссёрдун жообу да түгөнчүдөй эмес. Кызыктуу маекке көз жүгүртүңүз окурман.
– Саламатсызбы, Темир ага? Мындан 3 ай мурун президенттин колунан “Даңк” медалын алдыңыз, бул сыйлык сизди кубандырдыбы же...
– Саламатчылык, чынында мени уялтты. Себеби 10 жылдан бери мен ушул сыйлыктардын баары жоюлсун деп келе жатам. Наам - Союз убагында идеология үчүн эле ойлонуп табылган нерсе, азыр актуалдуу деле эмес. Башкалар айтышы мүмкүн, “сен деле чуркап барып наам алдың го” деп. Чакырышты, бардым. Бир аз тыйын кошуп береби деп баргам, ачыгын айтсам (күлүп). Эч нерсе жок экен андай. Мындайча айтканда, “аты улук, супарасы курук” эле бир наам. Мурун наам алсаң айлыгыңа, пенсияңа акча кошулчу, азыр аркасында эч нерсеси жок.
– Наам чыгармачыл адамга мотивация берет деп ойлочу элем...
– Чыныгы чыгармачыл адам мотивацияга муктаж эмес. Бир нерсе жаратам деген ойдун өзү эле стимул. Жаратам деген эмгекти наамсыз эле жарата берем. Наам кээ бир адамдардын өксүк комплексин толтура турган эле нерсе. Мисалы Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Сагымбай Орозбак уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, Богаачы сыяктуу инсандардын эч кандай наамдары жок, бирок эмгектери ооздон оозго өтүп, айтылып келе жатат го. Жаратман адамдар ошолордой болушу керек.
– Кинолоруңуз эл аралык сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп жатат, жок дегенде ушул нерсе сүйүнтөбү сизди?
– Ооба, андай сыйлыктар жеке эле өзүм үчүн эмес, жалпы кыргыз элинин маданиятын, туусун көтөрүп, өлкөбүзкө аброй алып келет, мына ушуларга сүйүнөм. Кыргыз киносунун тарыхында эн алгачкы жолу, “Түнкү кырсык” фильмим Эл аралык “А” классындагы абройлуу Таллин кинофестиалында эң чоң сыйлыкты, Гран Прини уткан. Кыргызстандан Кытайга сатыкка чыккан бир эле тасма бар, ал да ошол тасма. Бирок бул тууралуу эч ким айтпайт. Эмнеге? Анткени ичи тарлык деген өнөкөт оорубуз бар. Маданият министрлигинин Кино департаментинин жетекчилери билмексен укмаксан болушат.
– “Белгисиз маршрут” тасмасы эгемен өлкөбүздүн тарыхый бир учурун сүрөттөйт эмеспи, карайлап жол издөө, уруш-талаш, үмүттүн шооласы... Бул темага кайра кайрылсаңыз болобу?
– Жакында “Белгисиз маршруттун” уландысын тартпайсызбы?” деген сунуш түштү. Оюм бар тартайын деген. Театрга ылайыктап жаза баштагам, бирок балдар суранып жатышат “кино кылып тарталы” деп.
Баратбай Аракеевдин “Ажонун акыркы күнү” деген чыгармасынын негизинде театр үчүн пьеса жазып жатам. Өлкөбүздө болуп өткөн саясий окуялар тууралуу болмокчу.
– Демек, азыркы маршрутубуз белгилүү?
– Кудайга шүгүр дейли, жакшы жолго түштүк. Өлкөбүздөгү өзгөрүүлөрдү көрүп кубанып жүрөм. Рульга чыныгы “айдоочулар” отуруп, “Келечек” деген айылыбызга туура багыт алдык деп ишенем (күлүп).
– Жалпы кыргыз киносунун бүгүнкү абалына сиздин көз карашыңыз кандай, өнүгүү барбы?
– Чынын айтыш керек, учурда “бардак” болуп жатат. Баягы эле коррупция, тааныш-билиш менен маселе чечүү... Кино тармагына акыркы эки-үч жылда, мамлекеттен болуп көрбөгөндөй эле каражат бөлүнүп калды, бирок ошол каражаттар кандай жумшалып, кандай кинолор тартылып, кимдер тартып жатканына такыр көзөмөл жок, чыгармачылыкка, киного эч кандай тиешеси жок адамдар отургандыктан баш аламан болууда. Баарын иреттеп чыгып, тазалаш керек. Убакыт келди эми, дагы канча жүрөбүз? Мамлекет каражат бөлүп жаткандан кийин улуттук баалуулуктарды, нарк-насилди даңазалаган, жан дүйнөнү тазарта турган кинолор тартылышы керек. Мамлекетке салык төлөгөн ар бир адамдын “кандай кино тартылып жатат, эмнеге үчүн мындай кинолор тартылууда?” деп сураганга укугу бар.
– Султан Раев “чыгармачыл адам өзү да билбей бир жарыкты издейт” деп айтты эле бир маектешкенимде, сиз таптыңызбы жарыкты...
– Султан байке “жарыкты издейт” десе, мен “чыгармачыл адам жарык чачыш керек” дейт элем. Жарык ар бирибиздин ичибизде. Маселе аны алып чыгуу жана бөлүшүү. Шакирттериме “сенин киноңду көргөндөр кинодогу каарманыңдай жашагысы келсин, ошондой баатырдык кылгысы келсин, ошондой таза болгусу келсин” деп көп айтам. Кинонун элди башкарууда күчү абдан зор, болгону жакшы жакка буруш керек. Мисалы, мага Квентин Тарантинонун кинолору жакпайт. Анткени аны көргөндөн кийин адам агрессивдүү болуп, кан-жинге аралашкысы келип чыгат. Киночу катары мыкты чебер, а бирок көрөрманга кандай таасир калтырып, кандай сезимдерин ойготот... Сиз айткандай, жарык бере турган, терең ойго түртүүчү, жан дүйнөнү тазарта турган сезимдерди бере алышы керек киночу. Жакында Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы элге тартууланды, мага жакты. Бала менен эненин ортосундагы таза сүйүүнү, энеге кандай мамиле кылышы керектигин көрсөтчү, жаштарга жакшы таасир берчү тематиканы тандаптыр. Учурда ушундай гуманизм, боорукерлик, акыйкаттык сапаттар жетишпей турат коомго. Баары эле жулунуп, байлык топтоюн, бийликке жетейин деп напсилерин тыя албай калышты.
– Напси деген кыйын да, сиз аны башкара ала турган күчтү кантип, кайдан таптыңыз?
– Чыныгы чыгармачыл адам “жаратсам” деп эле убара тарта берет. Ага жетейин, буга жетейин деген ойлор болбойт. Менде башынан эле “дүнүйө жыйсам, байысам” деген ой болбоптур. Акчам болсо эле техника алсам, кино тартсам деп жашап келе жатам. Байкасаңыз, жаратман адамдар апенди чалыш болушат, баалуулуктары такыр башка. Элди кызыктырган нерселер аларга кызыксыз, мен да ошондойлордун катарына кирем. Чыныгы акындарды карасаң, эки сап ыр таап алса бүт дүйнөгө ыраазы.
– Антип жүрө беришсе бала-чаканы ким багат?
– Аялы багат (күлүп). Ошо “чымыны барлар” менен жашоонун өзү азап, алардын үй-бүлөнүн алдындагы жоопкерчилиги, чыгарма жаратууга караганда төмөнүрөөк турат, кызыкканы башка, ойлонгону, издегени таптакыр бөлөк. Ачка-тогуна деле кайыл, бирдеме эле издей беришет. Аларга ички эркиндик керек, калыпка батышпайт. Адамга “чымынды” деле Жараткан тандап туруп берет. Муну көтөрүш кыйын.
– Сиз бир аял менен эле жашадыңызбы?
– Жок (күлүп). Ар кимдин бул жашоодон каалаганы ар башка болот да. Кээде карасаң эки апенди биригип калат, алардын жашоосу такыр башкача. Экөө тең жонундагы баштыктарына бирдеме салып алып көчүп-конуп жүрө беришет. Бирок андай адамдар бири бирине чанда туш болот. Андай үй-бүлөлөр көбүнесе артисттерде болот.
– Сизге туш болдубу?
– Биз орток бир чечимге келгендерденбиз.
– Азыркы учурда кандай долбоор менен алексиз? Көрүүчүңүздү жаңы эмгек менен кубантасызбы?
– “Тагдыр жөнүндө ыр” (же “Ара жолдо калган жоокердин окуясы”) деген аталышта Арслан Койчиевдин чыгармасынын негизинде сценарий жазып, кино тартып баштадым. 1945-жылы согуш учурунда туткунга түшүп, немис улутундагы кызга үйлөнүп ошол жакта калып калган кыргыз жигитинин тагдыры тууралуу. Буюрса, жазында Германияга барып тартып келебиз деп турабыз. Мамлекеттен 24 миллион сом бөлүнгөн, жетеби-жетпейби деп турам азыр. Андан тышкары, Кыргыз киносунда Киносценарий жазууга арналган, алгачкы жолу кыргыз тилинде китеп чыгардым. Буга чейин эч ким жазбаптыр. Китепти киного кызыккандын баары колдоно алат.
– Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн рахмат. Ийгилик каалайбыз!
Нуржамал Жийдебаева