Эмгек жолун 2016-жылы моделдиктен баштаган. Анан клиптерге, кыргыз кинолоруна тартылып жүрүп, чыгармачылыктын жолу аны Түркиянын тарыхый фильмдерине алып барган. Түрктөрдүн “Курулуш: Осмон” сыяктуу тасмаларына тартылууга жетишкен жаш актёр Даниэл Ниязов менен тааныштырабыз.
– Даниэл мырза, кандайсыз? Алгач окурмандарга өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз...
– Саламатсыздарбы? Мен Ош аймагында төрөлүп, Бишкекте өстүм. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун, агам жана карындашым бар. Кичинемден кино тармагына кызыгам. Өзүмдү чоң экрандан көрүү кыялым болчу, буюрса, ошол кыялым бир аз болсо да орундалып отурат.
– Түрк сериалдарына тартылыпсыз, Түркиянын тасма талаасына кантип барып калдыңыз?
– Негизи ал сериалдарга капыстан эле катышып калдым десем болот. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы ар кандай чоң долбоорлордо каскадёр-дублёр болуп жүргөн Эрлан Жанышбеков деген агабыз аркылуу тартылып калдым. Ал мага көптөн бери “Түркияга бар” деп кеңеш айтып жүргөн, бирок мен түрк тилин билбейм да. Барсам кандай болуп калат деп батынбай жүргөм. Анан бир күнү кайрадан жолугуп сүйлөшүп калдык, ал шакирттерин Түркияга “Курулуш: Осмон” тарыхый тасмасына тартылууга жөнөтүп жатканын айтты. Аны укканда ичимден “ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калбасам, анда кийин бара албайм” дедим да, эртеси күнү ошол каскадёрлор тобу менен Түркияга жөнөп кеттим. Ал жакка барганда мени менен чогуу барган Сооронбай деген каскадёр жигиттин жардамы абдан чоң болду. Менин максатым – ошол сериалга тартылуу болгондуктан, каскадёр катары катышсам да мейли деп кастингден өтүп, кылыч кармаганды үйрөндүм. Ал эми жаа атуудан кыйналган деле жокмун, анткени билесиз да, кичинебизде баарыбыз эле колго жаа жасап атып ойноп калбадыкпы.
– Аткарган ролуңуз купулуңузга толдубу, сериалга тартылууда кандай сыноолор болду сиз үчүн?
– Эң чоң тоскоолдук – тил билбестигим болду. “Салахаддин Айюби” тасмасында менин жүзүм көрүнмөк деле эмес. Тартуу иши башталарда режиссёр менден “актёрдук тажрыйбаң барбы?” деп сурап калды. “Бар” десем, формамды алмаштырды да, жалпы аскерлердин катарында эмес, башкы каармандын жанында жүргөн аскердин ролун мага тапшырды. Макул дедим, ошентип тасмага атактуу Угур Гюнеш менен чогуу тартылып калдым. Кыска текст берип окутуп да көрүштү, түркчө билбегеним үчүн окуп сүйлөй албай калдым. Эсте калчу окуялардын бири – кылычтын сабы менен оозго жегеним болду окшойт. Башкы каарман менен чогуу туткундан качкан эпизод бар. Ошол жерин тартууда кылычташып жатып кылычтын темир сабы оозума тийди. Оозум канап, бир аз шишиди. Бирок тартуу ишин токтоткон жокмун, тартылып бүткүчө ишимди так аткардым. Сыймыктанганым – тасманын башкы режиссёру Седат Инжинин актёрдук талантыма мактоо айтканы болду.
– Чет элдик тасмаларга тартылгандан кийин сизде кандай өзгөрүү болду?
– Баары алдыда, буюрса. Келечекте Кыргызстандан чыккан атактуу актёр катары дүйнөгө таанылгым келет. Ал эми азыркы учурду кеп кыла турган болсок, жогорудагы эки сериалга тартылып келгенден кийин кыргыз кино индустриясындагы ага-эжелеримдин арасында бир аз “жылдыз” болдум окшойт (күлүп). Сериалдарга тартылып жатканда келишим боюнча социалдык тармактарга эч кандай сүрөт, видео жүктөй албайт элем. Ошондуктан Бишкеке кайтып келгенден кийин сүрөт-видео бөлүшө баштадым. Көптөгөн куттуктоо, каалоо-тилектер айтылгандан кийин гана чоң долбоорлорго ийгиликтүү катышып келгениме ишендим десем болот.
– Сериалга Бурак Өзчивит менен бирге тартылыпсыз, ал киши менен жеке сүйлөшө алдыңызбы?
– Жок, сүйлөшө алган жокмун. Бирок бир жолу тартуу иштери учурунда биз даярданып жаткан жерден өтүп баратып мага бир нерсе деп сүйлөп калды. Түркчө билбегеним үчүн түшүнгөн жокмун. Көрсө, ал мени менден мурун тасмага тартылып кеткен Ринат деген жигитке окшоштуруптур. Бурак Өзчивитке жакын туруп бир-эки эле эпизодго тартылып калдым. Абдан сүрдүү, бою узун, анан көздөрү башкача экен. Аны биринчи жакындан көргөндө кадимкидей толкундандым.
– Телеканалдардын бириндеги “Биз жолуктук” долбооруна катышыптырсыз, жүрөк ээсин таптыңызбы?
– Жок. Дагы деле издөө үстүндөмүн. Үйлөнүүдө жаңылып калуудан корком. Өзүм да абдан ачык адам болбогондуктан, убакыт керек окшойт. Болочок жарым мени, кесибимди туура түшүнгөн, ата-энемди сыйлаган жароокер жан болсо дейм.
– Үй-бүлө жөнүндө сөз кылып калдык, карындашыңызга өзүңүздөй жигит жолугушун каалайт белеңиз?
– (Күлүп) Адам катары, ооба. Бирок кесип жагынан карай турган болсок “жок” дейт элем. Анткени актёрдун жумушу татаал, түйшүгү көп. Айтор, актёрдун жубайы болуу жеңил эмес.
– Учурда эмне менен алексиз?
– Азыркы учурда тил үйрөнүү, алдыдагы долбоорлорго даярдануу менен алекмин. Андан тышкары өзүмдү актёр катары өстүрүүнүн үстүнөн иштеп жатам.
– Достукка кандайсыз?
– Достукка билбейм эми (күлүп). Бул суроого мен эмес, менин досторум жооп берсе туура болчудай экен. Жанымда досторум көп болгону менен, талдап карай турган болсок, чыныгы досторум азыраак эле. Көпчүлүгү актёр, модель Даниэл Ниязов менен дос, ал эми чыныгы достор Даниэл деген адамга дос, аларды менин статусум кызыктырбайт.
– Өзүңүздү 3 сөз менен мактап берсеңиз...
– Өжөр, аракетчил жана жоопкерчиликтүүмүн.
– Эми 3 сөз менен сындап берсеңиз...
– Уйкучумун (күлүп), башка жаман сапаттарым деле жоктой...
– Актёрдук билимиңиз барбы?
– Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын окуу жайында окугам. Тилекке каршы, ал жакты толук окуп бүтүрө алган жокмун, бирок ошол жактан өтө көп нерсени үйрөндүм десем болот.
– Кино жаатында өзүңүз сүйүп, кызыгып көргөн кино же кумир туткан каарманыңыз барбы?
– Албетте, Жорж Мартиндин “Песнь льда и огня” беш бөлүктөн турган романынын негизинде тартылган “Игра Престолов” тасмасын аябай жакшы көрөм, сюжеттик линиясы, актёрлордун оюну абдан жагат. Тасманы көрүп жатып ал жактагы каармандардын ордуна өзүмдү коюп элестетип да кетем. Өзгөчө ал жактагы башкы каарман Тирион Ланнистердин ролун аткарган актёр Питер Динклэйждин оюну, көргөн сайын көргүңдү келтирет. Азыркы учурда бул жааттагы кумирим катары ушул кишини айтат элем. Ошондой деңгээлге жетким келет, албетте, бул үчүн дагы көп эмгектенишим керек, буюрса, баары алдыда.
Асел Нурбекова