Bu kadar mı, e bu kadar mı?
Acımasız oldun sen
Bu kadar mı, e bu kadar mı?
Özledin de aramadın, neden?
2004-жылы чыккан бул ыр азыркыга чейин актуалдуулугун жоготпой, той-аштарда конокторду бийлетип келет. Ырдын аткаруучусу түрк ырчысы, актёр Эмре Алтуг акыркы жылдарда “Зимородок” сериалында Орхан Корхандын образында эл көзүндө болууда. Актёрдун катышуусунда, тагыраагы, мугалим агайдын ролундагы “Жашоо сүртүмдөрү” сериалы да Кыргыз мамлекетинде убагында популярдуу болгон, эсиңиздеби?
Туулган жери: Түркия, Стамбул
Туулган жылы: 1970-жыл, 14-апрель
Жылдыз белгиси: кой
Бою: 173 сантиметр
Кесиби: ырчы, актёр
Аткарган белгилүү ырлары: “Bu kadar mı”, “Tatildeyim”, “Su Gibisin”, “Sevenler Ayrılmaz” жана башка
Тартылган белгилүү сериалдары: “Жашоо сүртүмдөрү”, “Зимородок”, “Кызыл бөлмө”, “Мерт жана Герт” жана башка
Кыздарга жагыш үчүн...
Эр ортону элүүнүн кырынан ашса да айымдардын жүрөк оорусуна айланган Эмре Алтуг өзүнүн “харизмасын” бала кезинен эле билген сыяктуу. Мектепте окуп жүргөнүндө кыздарга гитара черткен балдар жагарын байкап, атайын ийримге жазылган. Башында кыздар үчүн музыка дүйнөсүнө баш бакканы менен, бара-бара бул тармак кантип жагып, келечек кесибине айланганын байкабай калган. Жогорку билимди Стамбулдагы консерваториядан алган.
Стоматологдун баласы
Ооба, Эмре мырзанын атасы тиш доктуру, ал эми апасы 2 уулуна тарбия берген үй кожойкеси. Чыгармачылыктан алыс үй-бүлөнүн көкүрөк күчүгү максатына жетмейинче артына кайтпаган өжөр, активдүү бала болгон. Анан да өмүрү музыка менен байланыштуу болорун билчү, ага ыр жазып, обон чыгаруу, ырдоо жагат эле. Актёрлукка оойм деген ою жок болчу, бирок убакыттын өтүшү менен музыка жана театр эриш-аркак экенин билип, кызыгуусу ойгонгон.
30 музыкалык альбом
Алгач ырчылык карьерасы Түркиянын белгилүү ырчыларына бэк-вокалист болуу менен башталган. 1998-жылы гана өзүн толук кандуу ырчы катары көрсөтүп, алгачкы “Ibret-i Alem” музыкалык альбомун чыгарган. Анда өзүнүн калемине таандык 9 ыр жана 1 кавер бар эле. Ырчынын популярдуулугу күндөн-күнгө жогорулап, 2004-жылы аны көптөгөн өлкөлөргө тааныткан “Bu kadar mı” чыгармасы жаралган. Учурда Эмре Алтуг Түркиянын эң белгилүү композитор, ырчы, музыканттарынын катарына кирет. Ырчылык карьерасында 30 музыкалык альбомун чыгарган, жылына 15тен кем эмес концерт берет. Кинодогу атактуулугуна карабай жашоосунда музыка биринчи орунда каларын айтат.
Театр жана кино
Ырчы катары таанылса да, каарманыбыз театрда 1990-жылдардан бери эле эмгектенип келет. Кинематографиядагы дебюту 1999-жылы “Дарактар тик туруп өлүшөт”, “Элдик бала” аттуу тасмаларда болгон. 2024-жылдын эсеби менен ал тартылган көркөм тасмалардын жана сериалдардын саны 30га жеткен. Арасынан аны Түркиядан сырткары аренага чыгарган “Зимородок” сериалы болду. Анда Эмре мырза баш каарман Фериттин атасы Орхан Корхандын ролун ойноп жатат. Психиатрдын практикасынан алынган окуялардын негизинде тартылып жаткан сериал Эмре Алтугдун эле эмес, бүт актёрдук курамдын бактысын ачкан ийгилик кушу болду окшойт. 2022-жылдан бери экрандагы сериалдан каармандардын (актёрлордун) баары физикалык жактан да, моралдык жактан да чарчашканын айтат Эмре Алтуг. “Учурда 3-сезон болуп жатат. Окуя баш каармандардын айланасында гана жүрүп калгандай сезим менде да бар, буга көпчүлүк да нааразы болуп жатышпайбы. Сценаристтер экинчи пландагы каармандарды да тереңирээк ачканга көңүл бурушса, тасма мындан да кызыктуураак болмок”,- деп сценаристтерге кыйыта нааразычылыгын айтып өттү. Ал эми тасманын жаратуучулары 3-сезон менен долбоор аягына чыгарын маалымдашты.
Бойдок...
Артынан дайыма топ күйөрман кыздар чуркагандыктан көпчүлүк аны “бабник” дейт эле. Бирок музыкант бул имиштердин баарын азыр деле четке кагып келет. Популярдуулугунун туу чокусунда турган 2004-жылы “Түркия сулуусу-1997” аталган модель, алып баруучу, актриса Чагла Шикель менен сүйүү романын курган. Экөөнүн мамилеси 2009-жылы үйлөнүү тойго жетип, ошол эле жылы Хусейн Гүней аттуу уулдуу болушкан. Жубайы 3 жылдан кийин кайрадан уул төрөп, наристе Узай Тунджер ысымын алып жүрөт. Түрк шоу-бизнесинин үлгүлүү түгөйлөрү аталган Эмре & Чагла союзу 2015-жылы урап калган. Ажырашуунун себептерин жарыялашкан жок, учурда достук мамиледеги атактуулар балдарына биргеликте татыктуу тарбия бергенге аракет кылышарын айтышат. “Зимородок” сериалында жубайы Гүлгүндүн ролун аткарган актриса Гөзде Кансу менен жашоодо да романтикалык мамиледе деген маалыматтар, экөөнүн чогуу тамактанып отурган сүрөттөрү, чогуу ырдап-бийлеген видеолору интернет желесинде көп. Бирок эки жылдыз тең достук мамиледе экенин айтышат. Эмре Алтуг биринчи жубайынан кийин үйлөнө элек, башка айымдар менен махабат мамилеси бар-жогун да расмий ачыктабай эле. Айтор, ал бойдок!
Азыр...
Азыр Эмре Алтуг кино карьерасын да, музыка багытын да өркүндөтүү менен алек. “Эгер кинону да, музыканы да сүйсөң, экөө бири-бирине эч кандай тоскоол болбойт, убакыт тапса болот” дейт ал. Актёр өз жеринде айкөл, боорукер, март адам катары да таанымал. Анткени эмгек акысынын орчундуу бир бөлүгүн дайыма кайрымдуулукка жумшайт. Өзгөчө ата-энесиз калган жетим балдардын керек-жарагына, алардын билим алуусуна көңүл бурат.
Эгер Эмре Алтугду актёр катары таанысаңыз, ырларын угуп көрүңүз. Ал эми ырчы экенин гана билсеңиз, анда кинодогу талантына баа бериңиз, окурман. Кызыктуу жана таланттуу инсан.
Асыл Орозбекова