Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Баяндын дене табы бир көтөрүлүп, бир түшүп бир жумадан бери ооруп жаткан. Ооруканага баргысы келбеди, кадимки тумоо деп ойлоду. Бирок 2 күндө дем алышы кыйындап, абалы оорлошуп кетти. Жай мезгили, коронавирус апааты күчөп, ооруканаларга эл батпай жаткан учур эле. Атыргүл менен Ильяс Баянды шаарга алып барып ооруканадан орун таппай аргасыз убактылуу мөөнөткө ачылган обсервациялардын бирине жаткызышты. Бир жума өттү, абалы жакшырган жок. Ильяс тааныштарын ортого салып отуруп карындашын Улуттук госпиталга котортту. Ильястын тааныш дарыгери оор үшкүрүндү:

– Эртерээк алып келсеңер болмок, сатурациясы өтө төмөн. Эки өпкөсү 80 пайыз жабыркаптыр. Азыр ИВЛ аппарат менен дем алып жатат. Жакшы болуп кетет, жаш да, иммунитети күчтүү.

– Рахмат, агам, биз да билбей калдык, кадимки тумоо деп ойлодук (Ильяс башын мыкчый үшкүрүндү). Тоодо жашайбыз, аба таза, бизге ковид жетпейт деп ойлодук окшойт.

– Кантип билбейсиңер? Азыр элдин баары ызы-чуу, аэропорттор жабылды, атайын чартердик каттамдар гана учуп жатат.

– Карындашым 3 жума мурун Орусиядан учуп келген эле...

– Аа, анда аэропорттон же учактан жуктуруп алышы мүмкүн. Өзүңөр да абайлагыла. Жаш балдар болсо андан да кооптуу.

– Макул.

 

xxx

Атыргүл Баянды шаарга ооруканага жайгаштырып коюп эле кайра айылга бала-чакасына кетти. Жаман ооруну илештирип балдарыма да жуктуруп албасам экен деп кооптонуп жатты. Ильяс карындашын карап Бишкекте калган. Атыргүл таң агарары менен туруп уйларын саап, бадага кошкону көчөгө айдап чыккан. Негедир денеси ныксырап, башы ооруп калыптыр, сол көзү улам тартып жатты.

– Кудайым ай, жакшы эле болсо экен, сол көзүм тартып жатат. Баянтай жакшы болуп кетсинчи баарынан. Бул жашоодон эч бир жакшылык көрбөдү, эми баласын таап жанында болом дегенде тиги оорунун жабышканын карабайсыңбы...

Уйларын бадага кошуп кайтып келгенде дарбазанын алдына көк Портер токтоду:

– Ильястын үйү ушулбу?

– Ооба, сиз ким болосуз?

– Боз үй алып келдик, дарбазаны ачып коюңуз, таңкы 4тө Асыран аксакал чалып силердин үйүңөргө таштап кой деди.

Атыргүлдүн жүрөгү шуу дей түштү.

– Сиз адашып жатасыз...- деп токтой калды да, дароо Ильястын телефон номерин тере баштады. Күйөөсү коңгуроого жооп берген жок. Көп өтпөй Атырдын кошуналары чогулуп келишип, суук кабар угузушту. Түнкү саат үчтө Баяндын жүрөгү токтоп, көз жумганын айтышты. Атыргүл эстен танды, кошуна аялдар улам бетине суу чачып эсине келтирип жабалактап жатышты.

– Коё бергиле, мен Ильяска чалам. Кечээ эле Баяндын абалы жакшы болуп калды деп сүрөтүн жөнөткөн. Сопсонун болчу, силер калп айтып жатасыңар,- Атыргүл эч кимисине ишенген жок. Ооба, күйөөсү экөө тең мындай жамандык болуп кетерин күтүшкөн эмес. Бирок тагдырдан качууга арга барбы? Чырактай, он гүлүнүн бири ачыла элек курагында Ильястын жалгыз тумары, карачечекей карындашын жоготуп отуруп калышты.

 

 xxx

Арадан алты ай өттү. Ильяс менен Атыргүл топчанда чай ичип отурушат. Баяндын баласы тууралуу сөз баштап калды Ильяс:

– Көздөрү, кашы, күлгөнү бүт Баяндын көчүрмөсү. Басканынан бери окшош экен. Жолугуп, Баянды көргөндөй эле болдум.

– Апасы АКШга кетсе баланы бизге эле таштап койсо болмок. Өзү каалаганда келип-кетип көрүп турмак да.

– Болбой койду. Америкага өзүм менен кошо ала кетем дейт. 40 жашына чейин төрөбөй жүрүп багып алган баласын бизге бербей калды го.

– Эх, Баян болгондо баары башкача болмок.

– Аттиң...

– Баса, эртең Чика келет...

– Дагыбы? Ал кыз биздин үйдө жашап алды го 6 айдан бери.

– Баянды тааныган дос, классташ, курдаштарынын баары менен жакшы мамиле түзүп алды. Мейличи, келе берсин, ошол кыз менен сүйлөшсөм Баян жанымда отургандай боло берет. Өзү да бизди жакын тутуп, балдарыңды өөп-жыттап, эркелетип күндө таттуу алып берип сүйүнтүп жатат.

– Мейли, келе берсин, бирок неге тез-тез келип жатат, таңмын.

 

 xxx

Чика Кадыр акесине телефон чалып колдоо сурамай болду. Алдыда чоң пландары бар эле. Ага чалып алгач ал-абалын сурады.

– Кадыр аке, кандайсыз?

– Жакшымын, өзүң барсыңбы? Акыркы жолу бетке чапкан бойдон кеттиң эле. Андан кийин Баяндын кабарын угузуп бир жолу чалдың, ошол бойдон жоксуң.

– Ооба, иштер көп, аке. Аялыңыз менен жараштыңызбы?

– Каякта, расмий ажыраштык. Жакында Кыргызстанга биротоло кетем. Урдум Москваны, тажадым. Кыргызстанга барып үйлөнөм.

– Аа, жакшы, барбы запаста бирөө-жарым?

– Сенчи? Тоюн 2 жылга жылдырып, Европага иштегени кетип калган жигитти күтүп жүрөсүңбү? Европаны, эркиндикти көрүп келген жигит ою бузулуп келип сага үйлөнөбү, жокпу ал деле арсар да (күлүп). Андан көрө мага эле тийип ал, ханышадай жашайсың.

– Айылдабы?

– Сүйгөнүң менен алачыкта жашасаң да бейиш эмеспи. Кадыр акең менен айыл эмес, тоонун башына чыгып жашаганга макулмун деген кыз-келин толтура. Ошол үчүн эртерээк ойлон.

– Сиз менин шапалагымды сагынып калган окшойсуз кайра...

Кадыр каткырды.

– Макул, макул, Чика, сөз төркүнүнөн сүйлө.

– Мен китеп чыгарганы жатам. Акчалай жардам бериңиз. Бул китеп мага аябай керек. Эстелик болуп калсын. 1000 нуска менен эле чыгарам, жакын жоро-жолдош туугандар үчүн эле.

– Мен сага качан жок дечү элем, Чика? Албетте, макулмун.

Чика Кадыр акесин көндүрүп, эми бул кабарды сүйүнчүлөгөнү Атыргүлгө келди. Казанга эт асып, сүт чай менен тосуп алган Атырга көптөн бери бышырып жүргөн оюн айтты Чика.

– Жеңе, мен Баяндын жашоосу тууралуу чыгарма жазайын деп жатам. Демөөрчү да таптым. Тууган, дос-тааныштары менен сүйлөшүп чыктым. Менде маалымат өтө көп. Жазсам бир кызыктуу китеп чыкчудай. Сиздердин макулдугуңуздар керек.

– Койчу, Чика, эл окуса эмне дейт? Баян мектепти бүтө электе төрөгөн деп жазасыңбы же Москвадагы жашоосунбу? Койчу, Баян тынч жатсын.

– Жеңе, түшүнөм, жашоосунда үлгү алчу нерселер аз эле. Азыр адашкан жаштар көп. Балким, аларга сабак болор. Акылдуулар өзүнүн эмес, бирөөнүн жашоосунан сабак алышы керек да. Кызыктуу, сонун чыгарма болмок.

– Билбейм, жабылуу аяк жабылуу бойдон эле калганы жакшы деп ойлоп жатам. Сенин жазганыңды билишсе эртең окурмандарың “кызын тарбиялашкан эмес, эмнеге миграцияга жиберет, жаштар бузулду” деп чыгышат.

– Жеңе, мен псевдоним менен жазам. Менин жазганымды эч ким деле билбейт да.

– Жөн эле койчу ушул идеяңды, суранам.

Экөөнүн сүйлөшкөнүн Ильяс угуп турган.

– Жаза бер, Чика. Мен уруксат берем. Болгонун болгондой жаз. Окурмандарың өзү чечсин, балким, биздин да күнөөбүз бардыр,- деди. Атыргүлгө күйөөсүнүн бул сөзү жага бердеди.

– Ильяс?

– Атыргүл, жаза берсин. Ар ким өзүнө керектүү сабагын алсын!

 xxx

Чика чыгармасын минтип баштады:

“Ал гүл эле, ачыла элек жатып соолуду. Ал сулуу эле, бирок ажал ковид менен тооруду. Аз өмүрүндө көп жаңылган досумдун жашоосу сиздерге сабак болсун. Бул чыгарманы курбум Баяндын жаркын элесине арнайм...” Ушуну жазып токтоп калды. Баян ага белек кылган тоту куш терезеде турган, ал сайрап баштады. Башында “эмне болуп жатат?” деп таңыркап жаткан. Бир аздан кийин гана тоту куштун тилин түшүнгөнсүп көңүлү жайлана түштү.

– Аа, жашырган бакытпы же жашынганбы? Неме, бакыт дегениңди даана түшүндүм. Берки жагын маанисине жараша жазып коём, макулбу? Кел эми, сен сайраганыңды токтот, мен улантып жазайын,- деген Чика чыгармасын “Жашынган бакыт” деп атады.

 

(Аягы)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1159, 28-февраль-6-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан