Эмил Токтошев: “Жаныбарларды кырып бюджет толтурбай эле коёлу” 

Өлкөдө сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салууну демилгелеп, бирок тийиштүү мыйзам долбоорун 9 жылдан бери Жогорку Кеңештен өткөрө албай жаткан депутат Эмил Токтошев президент Садыр Жапаровго кайрылды. Маанилүү мыйзамдын парламенттен өтпөй жатышын депутат “күчтүү аңчылык мафиясынын айынан” деп түшүндүрөт.

– Аңчылык мафиялары чиновниктерге акча берип, катуу каршылык көрсөтүп келе жатышат. “Аңчылыктан акча түшүп бюджетти толтуруп жатат” дедиртип, азыркыга чейин тийиштүү органдан корутунду бердиртпей убакытты созуп, жаныбарларыбызды кырып келе жатышат. Кайберендерди кырып бюджет толтурбай эле коёлу, – деп жазды Эмил Токтошев өзүнүн социалдык желедеги баракчасына.

Депутат президент Жапаровдон аталган мыйзамды өткөрүп берүүнү, ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Аңчылык департаментин да текшерүүнү өтүндү. Токтошев тоо эчкилеринин жана кулжалардын саны статистикада айтылгандай эмес, кыйла аз, аларды кийинки муунга мурас катары сактоо зарыл деп белгилейт.

Эскерте кетсек, Эмил Токтошев сейрек кездешүүчү айбанаттарды атууга мораторий жарыялоону 2016-жылы сунуштап чыккан. 2017 жана 2019-жылы Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзамды четке каккан эле. Депутат бул демилгени 2020-жылы көтөргөн, мыйзам долбоору 3 жылдан бери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде кармалып турганын айтууда.  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1159, 28-февраль-6-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан