Физика, химия жана биология эми 1 сабак катары окутулат

Билим берүү тармагындагы өзгөртүүлөр коомдо талкууну кызытууда. Мисалы, мектептерде “илим” деп аталган жаңы сабакты киргизүү планы. Келерки окуу жылынан тарта мектептерде химия, биология жана физика предметтери мурдагыдай өз-өзүнчө эмес, чогуу окутула баштай турганы жарыяланды. Аталган үч предмет “илим” деген сабактын курамына киргизилип, 1-класстан 9-класска чейин окутулат. Планга ылайык, окуу китеби бирөө болот, ал эми сабакты үч башка мугалим өтөт. 10-11-12-класстарда аталган предметтер кайрадан бөлүнүп, өз өзүнчө окутула баштай турганын айтат Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчисинин орун басары Мелис Музулманов.

Балдарды 1-класска кабыл алуу, класстан класска көчүү тартиби боюнча дагы өзгөртүүлөр күтүлүүдө. Жаңы окуу жылында 6 жашка толгон балдар 1-класска кабыл алынып, ал эми 7 жаштагы балдар “Наристе” программасын аяктап, дароо экинчи класска көчүшөт. Ал эми үчүнчү классты аяктагандар бешинчи, 6-классты аяктагандар 8-класска өтүшөт. Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча жаңы системи толук көзөмөлгө алынарын, билим берүү уюмдары бардык керектүү ресурстар менен камсыздаларын билдирүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1159, 28-февраль-6-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан