“КӨЗ КУРЧ, НЕРВ БЕКЕМ БОЛУШУ КЕРЕК”.  Бийикте кран башкарган Гүлжан Тургуналиева кесиби тууралуу айтып берет

33 жаштагы Гүлжан Тургуналиева бийик имараттарды куруудагы “жүрөктүү” адистердин бири. Анткени ал асман тиреген мунара кранын башкарып, баш айланткан бийиктикте жооптуу ишти аткарат. “Абдан кылдаттык талап кылынат, бир эле туура эмес кыймыл коркунучтуу абал жаратып коюшу мүмкүн” дейт ал. 

“Атам унаасын оңдоп калса жанында жүрчүмүн”         

– Техникага кичинемден кызыктым, мен үчүн комбайн, трактор, ЗиЛ дегендер кызык болчу. Атам унаасын оңдосо жанында аны-мунусун алып берип, “свечаларын” тазалашып кошо жүрөр элем. Кыялымда “кийин ушундай техникаларды башкарсам” дечүмүн. Бирок мектепти бүткөнүмдө ата-энем Финансы техникумуна тапшыртып коюшту. Ал кесибим боюнча аз эле убакыт иштеп, үйдөгүлөргө билгизбей кийин кран-машинисттин окуусун окудум. Курста менден башка бир нече кыз бар болчу, бирок алар бат эле кетип калышты. Жигиттер мени колдоп “окуй бер” деп жатышты. Мугалимдер арасында да “эркектердин жамаатында кыз киши кантип иштесин?” деп түшүнбөгөндөр болду. Окууну бүткөндөн кийин кран башкарган бир эженин колунан 1 ай практикадан өттүм да, анан өз алдымча иштеп кеттим. 

“Ушул кыз кран башкара алабы деп таң калышкан”                                 

– Учурда курулуш компанияларынын биринин 27 кабаттуу имаратын куруп жатабыз. Ал компанияга ишке кирүүдө көйнөк, такалуу бут кийим кийип, боёнуп барсам жетекчилери “ушул кыз кранда иштейби?” деп таң калышкан. Анан менин мурда кандай имараттарды курганымды билишип, иштеп көр деп мүмкүнчүлүк беришкен. Алардын ишеничин актап жатам, буюрса. 

Азыркы имараттан мурун 15 кабаттуу үйдүн курулушун бүтүрдүм. Курулуштун бийиктиги долбооруна жараша болот, мисалы, 13 кабаттуу панелдик турак үйдүн бийиктиги 43 метрге жетет. Бизнес борбору 15 кабат болсо деле бийиктиги 100 метрдей болушу мүмкүн, ар кандай. Албетте, бардык иште кыйынчылыктар болот. Башында жумушчулар менен уруша кетчүмүн, азыр салкын кандуулук менен мамиле кылам. “Түн жарымга чейин  калып иштейсиңер” десе ыйлактаган күндөрүм болду. Айтор, баары артта калды, ишке каныктым, быштым.

“Мен башкарган кран 12 тонна жүк көтөрөт”

– Жумушум оор, жоопкерчилик күчтүү. Күн сайын эртең менен крандын майда тетиктерине чейин текшерип, жыйынтыгын атайын журналга жазып турушум керек. Иште жалаң рация аркылуу байланышабыз. Негизи мунара кранында чоңойтуп көрсөтүүчү монитор болот, бирок мен аны орноткон эмесмин. Анткени кайсы жерде кандай курулуш материалы жатканын, ал тургай алардын салмагына чейин көз ченеми менен эле баамдап билип коём.  Бирок тактык деген тактык. Курулуш материалынын сыртында салмагы жазылат. Кранга жүктү илерде ошол салмагын айткыла деп талап кылам. Мен башкарган кран 12 тоннага чейин жүк көтөрөт. 

“Нормадан ашыкча жүк илинбейт, илинсе кран кулайт”                                   

– Крандын жүк көтөрүмдүүлүгү анын арт жагында илинген “контргруз” (ред.: тең салмактуулук үчүн илинген бетон массасы) менен тең же андан аз болушу зарыл, ашыкча болбошу керек. “Контргруз” 8 тонна болсо, жакын аралыкка 8 тонна жүк илсе болот. Аралык алыстаган сайын жүктүн салмагын азайтып жүрүп отурабыз. Анткени жүк оор болсо “стрелка” ийилип баштайт, сынып кетип, жүк менен кошо кулашы мүмкүн.  “Контргруз” 8 тонна болуп, жүктүн салмагы андан ашып кетсе, кран тең салмагын сактай албай кулайт. Крандын кабинасына жетиш үчүн крандын тепкичи менен 100 метр бийикке деле чыгып бара берем, башым айланбайт. Бирок 15-20 мүнөт убакыт кетет. Ошондуктан компаниялар башка жумушчулардын да убактысы кетпесин деп имарат 5-6-кабатка жеткенде атайын курулуш лифтин (подъёмник) орнотуп беришет. Ошону менен көтөрүлүп чыгам.

Кран кантип орнотулат? Бул үчүн атайын фирмалар бар, курулуш компаниясы алар менен келишим түзөт. Алар келип кранды монтаждап тургузуп беришет. Ошол фирма ай сайын келип текшерип, майын алмаштырып, бузулган жерлерин оңдоп турат. Кран оор жүк көтөрүүчү техника болгондуктан тростору чоюлуп, кырчылат. Үзүлүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан абалын күн сайын текшерип туруу зарыл.

“Шамал катууласа ишти токтотобуз”                               

– Кран башкарууга эр жүрөктүүлүк, курч көз, кылдаттык, этияттык, сергектик, чыдамкайлык, анан бекем нерв керек. Ар 3 жыл сайын медициналык кароодон өтүп турабыз. Бийиктикте иштөө үчүн көз, кулак, жүрөк-кан тамыр, неврологиялык оорулар болбошу керек. Бийиктиктин өзүнүн тобокелдиктери болот. Кранда шамалдын ылдамдыгын көрсөтүүчү шайман бар. Эгер шамалдын ылдамдыгы секундуна 8-9 метрге жеткенде ишти жайлатабыз, 11 метрге жеткенде  токтотобуз. Катуу шамал учурда мен башкарып жаткан кранды 15-30 сантиметрге чейин терметиши мүмкүн. Ошондой эле коопсуздук үчүн нөшөрдө, борошолуу карда, туманда, чагылгандуу жаанда иш токтойт.

Иштеп жатканыма 10 жыл болду, Кудай сактасын, кырсык каттала элек. Бишкекте жакынкы жылдары 2 курулушта кран кулаган окуялар катталды. Ден соолугунан зыян тарткандар болгон жок.

“Кран башкаргандар жалгыздыкка көнүп алышат”                                          

– Тээ бийикте, чакан кабинада күн сайын өзүң жалгыз иштейсиң. Андыктан биздин кесип  деградацияга жакындатуучу кесип деп айтылат. Жалгыздыкка көнүп каласың. Көчөгө чыкканда ызы-чуудан, көпчүлүктүн арасында жүрүүдөн жүдөп кетесиң. Ошондой абалга кабылып калбайын деп иште бош убактым боло калганда китеп окуйм. Илим, техника жаатындагы жаңылыктар менен таанышам. Ал тургай кээде кабинада отуруп соода кыла коём. Анткени кранга кандай майда тетиктер көп керек болорун, аларды кантип туура орнотуу, бекитүү керектигин жатка билип калгам. Ошондой тетиктерди алып коём да, сурагандарга сатып жиберем. 

“2 уул, 2 кызым бар”                                   

– Кранга жайында вентилятор же кондиционер, кышта жылытуучу меш коюп алсаң болот. Курулушта жумушчулардын баары эркектер. Көбү “кранчы Гүлжан эже” деп атымды гана билишет, өзүмдү таанышпайт. Мен да кээ бирлерин гана тааныйм. Кээде курулуш материалдары келгенде аларды түшүрүш үчүн түнкү саат 2-3төргө чейин иштеп калабыз. Кечке отуруп иштегендиктен остеохондроз, бийиктикте шамал, сууктун таасиринен  бөйрөк, муун ооруларына чалдыгуу коркунучу жогору. Үй-бүлөм тууралуу айтсам, 8-класста окуп жаткан 2 уулум, 6 жана 7 жашар кыздарым бар. Апабыз жумуштан чарчап келет деп тамак жасап коюшат. Эркек балдарыма үйдөгү тиричилик буюмдары бузулса кантип оңдош керектигин өзүм эле үйрөтүп коём.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1159, 28-февраль-6-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан