ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 10-марттан 16-мартка чейин

Кой
(21.03–20.04)

Жаздын биринчи айы кой жылдызындагылар үчүн карьералык жактан өсүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Андыктан бул аптада кесиптештердин, өнөктөштөрдүн көңүл борборунда болуп, активдүүлүгүңүздү көрсөтүңүз. Түгөйүңүз бул күндөрү өтө аялуу жана шекчил адамга айланат. Ага мамиле жасоодо кылдат болуп, эки ача ой жаратуучу сөздөрдү айткандан абайлаңыз. Окуу, окутуу, тарбиялоо жаатында эмгектенгендердин иштери жемиштүү болот.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Бардык нерсени ичке катпай, адамдар менен баарлашууда ачык болсоңуз, мурда чечилбейт деп чекит койгон маселелерди оңой чечүү жолдорун табасыз. Аптада ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алышы мүмкүн, ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Карызга акча бергенден качыңыз, анткени кайра ала албай, жакын адам болсо да ортодо пикир келишпестик чыгып, мамилелер солгундайт. Дем алыш күндөрүн үй-бүлөңүздүн курчоосунда шаан-шөкөтү жок, тынч өткөргөнүңүз жакшы.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Бул аптада жаңы каржы булактарын издөө менен алек болосуз. Бул жаатта идеяларыңызды колдогон адамыңыз болгону жакшы. Шаршемби-бейшемби күндөрү кыймылсыз мүлк иштери менен алектенбей туруңуз, ыңгайсыз убакыт. Жан дүйнөңүздүн тынчын алган суроолоруңузга жооп алып, тынчып каласыз. Өнөкөт оорусу барлар көбүрөөк эс алып, өзүнө кам көрбөсө, оорусу козголуу коркунучу бар. Аптанын аягында алыстан келген кабар сизди жагымдуу таң калтырат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жаңы нерсеге умтулуу, үйрөнүү, жасоо каалоосу күчөйт. Бул каалоону артка катпай, жаңычылдыкка умтулуңуз, сиздин колуңуздан келет. Балким, жаңы бизнес ачып саласыз. Аптанын биринчи жарымында бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт. Насыя, карыз деген нерселерден алыс болууну сунушташат жылдыздар. Өмүрлүк жарыңыздан бул күндөрү романтикалык иш-аракеттерди күтпөй эле койгонуңуз жакшы. Дем алыш күндөрү туугандардын үйүнө конок болуп баш багууңуз мүмкүн.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Сиздин апта! Арстандар болгон харизмасын, күчүн, талантын көпчүлүккө көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк алышат. Мунун арты менен каржылык абалыңыз да жакшырышы мүмкүн. Энергияңызды кайда кетирүүнү билбей, имиджиңизди, же болбосо жумуш ордуңузду өзгөртүү идеясы келет. Аптанын экинчи жарымында мурда пландалбаган нерселерге акча коротушуңуз мүмкүн. Досторуңуз сиздин көңүл бурууңузга муктаж, андыктан алар менен жолугушууну артка жылдырбаңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Сырттын ишине алаксып жүрө берип, өзүңүздүн үйүңүзгө, чарба иштерине көңүл бурбай калганыңыз байкалат. Ден соолукка кайдыгер мамиле жасабай, оорунун белгилери пайда болор замат дарыгерге кайрылуу зарыл. Түгөйүңүз күтүүсүз сюрприз жасап маанайыңызды көтөрөт. Ал эми бойдоктор бир канча таанышуулардан кийин көптөн күткөн сүйүүсүнө жетиши мүмкүн. Соода-сатыкта чоң нерсе алам деп турсаңыз, бир аз кийинкиге жылдыра туруңуз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Келечектеги жумушуңузга пайдасы тийчү адам менен таанышасыз. Ага өзүңүздү позитивдүү жактан көрсөткөнгө аракет кылсаңыз, баары жакшы болот. Үй-бүлөлүк саякаттоого сонун мезгил, андыктан бүтпөгөн иштерди жылдыра туруп, жакындарыңызга жагымдуу сюрприз тартуулап эс алып келиңиз. Жазда соккон жел менен ойногонго болбойт, суук тийип калбасын десеңиз, жылуу кийинип жүрүңүз. Аптанын аягында ички туюмуңузга ишенип кадам таштаңыз, ал сизди ката кетирүүдөн сактайт.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Тынчсыздануу жараткан бардык көйгөйлөрдүн чечилүү жолу бар экенин аң-сезим менен түшүнгөнүңүз жакшы. Бейтааныш адамдардын жардамга муктаж экенин көрсөңүз, кайдыгерлик кылбай жардам колун сунуңуз. Сизге да жардам берген адам чыгат. Финансылык абалыңызды жакшыртууга жакшы сунуш аласыз. Махабат мамилесинде сараңдык кылбай, түгөйүңүздү жагымдуу белек берип кубантканыңыз жакшы. Аптанын аягында күтүүсүз сапарга чыгышыңыз күтүлөт.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Ийгиликтүү апта күтөт. Бул аптада көптөгөн жаңы таанышуулар болуп, жаңы адамдар жашооңуздан орун алат. Ар кайсыга көңүл буруп жатып убакыттын кандай өткөнүн билбей каласыз. Пайда болгон маселелерге өтө терең ой жүгүртүп, санаа тартуунун кереги жок. Баары убагында өзү эле бүтөт. Жумуш жаатында ийгиликтүү сүйлөшүүлөр орун алып, ишиңизди алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк болот. Аптанын аягында маданий эс алуу иш-чаралары күтөт.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Алдыга коюлган максатка жетүү каалооңуз баш көтөрбөй иштөөгө алып келет. Башкаларга аткарылбачу ишти жасап берем деп сөз берүүдөн алыс болуңуз. Керексиз чыгымдардан сак болбосоңуз, келечекте бир топко акча үнөмдөгөнгө туура келет. Үй-бүлөлүү текечерлердин мамилесинде гармония орун алып, жакындарыңыз менен баарлашуудан, алардын ийгилигинен ырахат аласыз. "Менден акылдуусунуп жатат" деген сын укпайын десеңиз, бирөөгө кеңеш айтууда сак болуңуз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Жашооңузда көп өзгөрүүлөр орун алат, ийгиликтериңизге жакындарыңыз кубанса, көрө албастар бут тосконго аракет кылышат. Үйүңүзгө чоң буюм сатып алышыңыз мүмкүн. Жумушта тобокелчилик талап кылган кырдаал чыгат, коркпой алдыга кадам таштай бериңиз, ийгилик сиз тарапта. Жумуш ордун котором деп тургандар бир аз күтө турганы жакшы. Ашыкча амбицияңыз түгөйүңүз менен пикир келишпестикке жеткириши мүмкүн. Бош убактыңызды үй жумштарын бүтүрүүгө арнайсыз.

Балык
(20.02–20.03)

Аптада жакындарыңыз менен жакшылап сырдашууга убакыт табыңыз. Алыстагы туугандарга телефон чалып, ал-абалын сураңыз. Үйдө оңдоп-түзөө иштерин жасайм же эмеректерди жылдырып бөлмөгө өзгөчөлүк киргизем десеңиз, алга! Документ иштеринде, банк иштеринде кылдат болуңуз. Жумушта майда-чүйдө тоскоолдуктар орун алат, иш билгилигиңиз менен баарын чече аласыз. Жан дүйнөңүз жалгыздыкта, тынчтыкта калып, ойлорду иретке келтирүүнү самайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1160, 7-13-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан