Улуу муун менен жаш муун кээде келише албай калган учурлардын бири – төрөттөн кийинки депрессия маселеси. “Жалгыз эле сен төрөгөнсүп кайдагыны ойлоп таап... Биз деле төрөгөнбүз. Эртеси эле тандырга нан жапчубуз. Азыркылар жанын укмуш аяйт” деп келинин чымчылап, бош отургузгусу келбеген апалар жок эмес. Бүгүнкү заманбап медицина деле төрөгөн аял жок дегенде 40 күн эс алышы, аяр камкордукта болушу керектигин айтууда. Макала ушул тууралуу.
«Көз жаздымда калтыра турган иш эмес»
Дээрлик 10 жылдан бери гинеколог болуп эмгектенип жаткан, Түркия, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн билимин жогорулатып келген Жазгүл Матраимова "аялдардын төрөттөн кийинки абалы көз жаздымда калтыра турган нерсе эмес, убагында көңүл бурулбаса олуттуу ооруларга жеткириши мүмкүн" дейт.
– Төрөттөн кийинки депрессия түшүнүгү жаңы ойлоп табылган нерсе эмес. Илгери эле аялдар төрөттөн кийин депрессияга кабыларын байкашкан, бирок медицинада алгач 1960-жылдары изилдене баштаган. Азыркы учурда төрөттөн кийинки депрессия – расмий медициналык диагноз. Тилекке каршы, Кыргызстанда так статистика жок, бирок Орусияда жыл сайын 160 миңден 330 миңге чейин аял төрөттөн кийинки депрессияга кабылат. “Кайдагыны ойлоп таба бербечи” деген сыяктуу сөздөр ооруну чангандык. Эркек аппендицит болуп калса, “жумуш жасасаң алаксыйсың” деп кайдыгер карай албайбыз да. Бул деле ошол сыяктуу оору, дарыланбаса, адамга олуттуу зыяндарды алып келиши мүмкүн.
Психолог Жибек Кенжебаева төрөттөн кийинки депрессиядан мурун аялдардын 80 пайызы же он аялдын сегизи төрөттөн кийинки кайгыга туш болорун айтат.
– Негизи төрөттөн кийин көпчүлүк аялдар бейби блюзга (baby blues), башкача айтканда, “төрөттөн кийинки кайгыга” кабылышат. Бул кыска мөөнөттүк эмоционалдык абал, төрөттөн үч-төрт күндөн кийин башталып, эки жумадай созулат. Төрөт дене үчүн чоң стресс болгондуктан организм чарчайт. Ошондуктан уйку жетишсиздиги, жаңы жоопкерчиликтен улам стресс, тынчсыздануу пайда болот. Бейби блюздун белгилери – көп ыйлоо, капалануу, тынчсыздануу, чарчоо, уйкусуздук, кыжырдануу, маанайдын тез өзгөрүшү. Эгер мындай абал узакка созулса төрөттөн кийинки депрессия диагнозу коюлушу мүмкүн.
Төрөттөн кийинки депрессиянын белгилери:
• Көңүл чөгүү, себепсиз ыйлоо
• Чарчоо, уйкунун бузулушу, уйкусуздук же тескерисинче, уйкучулук
• Өзүн күнөөлөө, өзүн жактырбоо: “Мен жакшы эне эмесмин” деген ойлор
• Бала караганга кызыгуунун азайышы. Эне баласы менен байланыш түзө албай кыйналат
• Тынчсыздануу, паника, кооптонуулар
• Өзүн керексиз сезүү
• Күйөөсү, жакындары менен мамилесинин начарлашы
• Өз жанын кыюу тууралуу ойлор
Себептери:
• Гормоналдык өзгөрүүлөр. Төрөттөн кийин эстроген жана прогестерон гормондору кескин азаят. Бул маанайды туруксуз кылат
• Дененин чарчашы. Эненин энергиясы түгөнүп, калыбына келүү убакытты талап кылат
• Коомдук басым. Айрым аялдар “идеалдуу эне болушум керек” деген ойдо өздөрүнө абдан көп талап коюп алышат
• Жардамдын жетишсиздиги. Күйөөсүнүн, жакындарынын колдоосу жок болсо, аял өзүн жалгыз сезет
• Мурунку психологиялык көйгөйлөр. Эгер аял мурда депрессия же тынчсыздануу менен күрөшкөн болсо, төрөттөн кийин бул абал күчөп кетиши ыктымал.
«6 айдан 2 жылга чейин созулат»
– Бейби блюзга энелердин 80 пайызы кабылып, 2 аптада жеңип чыкса, төрөттөн кийинки депрессияга аялдардын 10-15 пайызы кабылып, 6 айдан 2 жылга чейин созулушу мүмкүн.
Ошондуктан өзүбүздүн менталдык ден соолугубузга кам көрүүбүз керек.
Депрессияга түшпөй коюунун жолу бар деп айтыш кыйын. Себеби гормоналдык өзгөрүүлөр жана төрөт учурундагы, андан кийинки стресс табигый көрүнүш. Бирок төрөттөн кийинки абалды жеңилдетүүнүн жолу бар, – дейт Жибек Кенжебаева.
Жардам берчү 3 сунуш
1. Физикалык жана менталдык ден соолукка көңүл буруу: толук кандуу эс алуу, туура тамактануу, врач тарабынан чектөөлөр болбосо, жеңил көнүүгүлөрдү жасоо.
2. Жардамчыларды табуу, жардам сурагандан уялбоо, жардамды кабыл алуу. Жолдошуңуздан, апаңыздан, бир туугандарыңыздан, досторуңуздан жардам сурасаңыз болот.
3. Идеалдуу эне болуу оюнан арылыңыз. Социалдык тармактардан “баарына жетишкен” кыз-келиндерди көрүп “мен да ошолордой болушум керек” дебеңиз. Аптанын 7 күнү, күндүн 24 сааты бою бала менен болбой, күнүнө жок дегенде 5-10 мүнөттү өзүңүзгө арнап, көңүлүңүзгө жаккан нерсе менен алектениңиз.
Ал эми акушер-гинеколог Жазгүл айым төрөттөн кийинки депрессия бардык аялдарда эле кездешпесин, эгер аял интеллектуалдык ишмердүүлүк менен алектенсе, карьера жасаса төрөттөн кийинки депрессияга чалдыгуу ыктымалдыгы жогору болорун айтат.
– Төрөттөн кийинки депрессиянын узактыгы аялдын жашына, анын нерв системинин өзгөчөлүктөрүнө, генетикалык факторлорго, кош бойлуулукка жана төрөткө туура даярданууга, туура тамактанууга жараша болот. Бул илдет ар бир аялда ар түрдүү себептерден пайда болот. Кызыктуусу, бул абал төрөттөн кийин дароо эле эмес, 2-3 жылдан кийин да жаралышы мүмкүн. Ал эненин канчанчы баласын төрөгөнүнө да карабайт.
«Белгилери байкалса адиске кайрылуу шарт»
– Аял организминде бир нерселердин туура эмес болуп жатканын байкаса, бирок өзү эмне болуп жатканын түшүнбөсө, жакындары аны врачка алып барышы керек. Аны дарылоо менен психиатр алектенет. Адам өз алдынча сокур ичегини (аппендицит) дарылай албаган сыяктуу эле, төрөттөн кийинки депрессиядан да аял өз алдынча чыга албайт.Бул абалда бала энедей эле жабыркайт.
Эгер аял төрөттөн кийинки депрессиядан катуу жабыркаса же бул абал узакка созулса, анын абалы баланын эмоционалдык абалына да таасир этет:
• Энеде сүт азайып же такыр токтоп калышы мүмкүн. Мунун айынан бала жетиштүү азыктанбай, керектүү витаминдерди жана минералдарды толук ала албай калат. Бул анын дене боюнун жана акыл-эсинин өсүшүнө терс таасирин тийгизет.
• Эне менен баланын эмоционалдык байланышы алсырайт, натыйжада бала көп тынчсызданып, ыйлаак болуп, өсүп чоңойгон сайын коркуу сезими күчөшү мүмкүн.
• Энедеги стресстин деңгээли жогору болгон сайын, баланын уйкусу бузулуп, нерв системи жабыркайт.
• Бала энесинин эмоцияларын сезип, анын абалын өзүнө сиңирип алат.
Адистин айтымында, мындай абалга кайдыгер кароонун кесепеттери абдан оор болуп калышы ыктымал:
• Иммунитеттин төмөндөшү – эненин да, баланын да организминде коргонуу күчү азайып, тез-тез ооруй башташат.
• Жөнөкөй оорулардан тартып оор патологияларга чейин – кадимки сасык тумоодон баштап, өнөкөт жана татаал ооруларды чакырышы мүмкүн.
• Психикалык оорулар – төрөттөн кийинки депрессиядан улам шизофренияга кабылган бейтаптар кездешет.
• Онкологиялык оорулар – эгер аялда генетикалык жактан шишик ооруларына жакындык болсо, төрөттөн кийинки стресс жана депрессия аны козгошу мүмкүн.
Жыйынтык сөз психологдо...
– Айланасындагы адамдар энени туура түшүнүүгө аракет кылыш керек. Аялды түшүнгөндө гана аны аяп, ага аяр мамиле жасоо мүмкүн. Төрөт дайым эле китептегидей же видеолордогудай идеалдуу боло бербейт. Түрдүү тобокелдиктер бар. Ошого, аялды аяп, ага үй иштеринде жана бала кароодо жардам берүү маанилүү. Бул анын бат эле тыңышына жардам берет жана аял башкаларга керек экенин, сүйүлгөнүн сезет. Жок дегенде тез-тезден ал-акыбалын сурап, жылуу сөз арнап туруңуз, – дейт Жибек Кенжебаева.
Адина Муктар