Аял өмүрүндө 1-4 килограмм помада жейби?

Миф же чындык?

Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, дайыма помада колдонгон аялдар өмүрүндө 1 килограммдан 4 килограммга чейин помаданы “жеп” коёрун далилдешкен. Помада эриндин былжыр челине тийип, тамак-аш жана суусундуктар менен бирге денеге киргендиктен болот. Тамак-аштан сырткары айым түрдүү эмоцияларга жараша эрдин тиштегилеп, тилин чыгарып, айтор, помаданы “жегенге” өзүнө шарт түзүп алат.

Бирок окумуштуулардын бул пикирине каршы чыккандар да бар. "Бир помада орточо 3 грамм болсо, өмүрүндө жок дегенде 1 килограмм жеш үчүн 333 даана помаданы колдонушу керек болот. Бул – миф", – дешет каршы чыккандар.

Тарыхы

 Француз тилинен “pommade”, итальянча “pomata” латынча “pomum” сөздөрү – “алма” деген түшүнүктү берет. Алгачкы жолу помаданы мындан 5 миң жыл мурун Месопатамияда колдонуп башташкан. Ал мезгилде аялдар жаныбарлардын майына майдаланган асыл таштардын упаларын кошуп, эриндерине түркүн түс берип турушкан. Байыркы Египеттин айымдары болсо, аарынын момуна кызыл боёк жана жаныбарлардын майын кошуп помада жасашкан. Египеттен помада модасы Байыркы Грецияга анан Римге жетип, андан ары кеңири тарап кеткен.

1883-жылы Амстердамда өткөн эл аралык фестивалда француз парфюмерлери алгачкы жолу жибек кагазга оролгон, карандаш формасындагы помаданы көрсөтүшөт.

Ал эми алгачкы тюбектеги помада “Guerlain” фирмасына таандык. 1915-жылы АКШда бул металл таңгактагы помада “бум” жараткан эле. Анткени косметикалык каражатты алып жүрүү, сактоо ыңгайлуу болуп калган. Бирок баасы кымбат болгондуктан, помаданы колунда бар гана айымдар колдонушкан.

1920-жылы Елена Рубинштейн аттуу айым өзүнүн помада линиясын чыгарган. Рубинштейндин ысымы косметология жаатында жеткиликтүү баадагы помадаларды чыгарганы менен калган.

Ал эми биз көнүп, көрүп калган пластик тюбиктеги помадалар АКШда 1949-жылы атайын иштелип чыккан аппараттардын жардамы менен жарык көргөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1160, 7-13-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан