Замир Арыкбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЭЛ АЛДЫНДА ЭРГИП ЫРДАГАНЫМ МЕНЕН, ЭРГИП СҮЙЛӨЙ АЛБАЙМ» 

Белгилүү ырчы Замир Арыкбаевди маекке чакырдык, ал өзү тууралуу сиз билген жана билбеген фактыларды айтып бермекчи. Жашоо-турмуш, кубаныч-кайгы, сараңдык жана берешендик жана башка темалар боюнча суроолорубузду узаттык. 

“3 музыкалык аспапта ойной алам”

– Комуз, аккордеон жана гитара, ушул үч аспапта ойной алам. Жогорку деңгээлде кол ойнотом дей албайм, бирок ырымды коштой турганчалык черте алам. Негизи, музыкалык аспапты адам мажбурлоо менен үйрөнүш мүмкүн эмес. Көкүрөгү көксөп, талантка суусап, көзү жанып, күчтүү каалоо болбосо кыйын. Эмнеге дал ошол аспапты үйрөнүүнү каалап жатканыңды өзүң деле билбейсиң. Көрсө, бул чыгармачыл жолдун башталышы болот тура. Мен окуучу кезде абдан кызыгып, артынан сая түшүп жүрүп үйрөнгөм.

“Ырчылык – мага Жараткан буюрган кесип”

– Ырчылыгымды Жараткандын буйругу деп билем. Мага берген белеги болду, мен да аны башка жакка кетирбей кармап кала алдым, сыягы. Азыр ойлосом, ушул кесип меники экен. Мындан башка жумушту жакшы кыла албайт болушум керек эле.

“Күнөө иш кылгандан корком”

– Турмуштук сыноолордон коркпогонду үйрөнүш керек. Анткени адам эмнеден корксо, ага дал ошол нерседен сыноо келет. Бир гана Жараткандын алдында күнөө кылгандан корком. Уурулук, бирөөнүн акысына кирүү, моралдык же материалдык жактан зыян келтирүү, баары эле күнөө. Пендечилик кылып ката иш кылып албасам экен деп абайлап турам.

“Жылдызым жанган учурда көөп кеткен жокмун”

– “Жылдыз оорусу” менен такыр ооруган жокмун десем, туура эмес болуп калат го. Бирок абдан катуу “ооруган” жокмун. Анткени башынан эле фокусту жылдыз болууга эмес, чыгармачылык эргүүгө койгом. Ырчылык – жүрөгүм каалаган иш. Ошол ишти жасап жатып таанымал болуп калдым. Ырчылыкка аттанганда 25 жашта элем, таанымалдуулукту жеңил эле көтөрдүм. Туура, адамбыз да, өзгөрүүлөр болду бир аз, бирок катуу көөп кеткен жокмун.

“Жашоомдо кечиккен эч нерсе болгон жок”

– Жашоомдо баары өз учурунда болду, кечиккен эч нерсе болгон жок. Кээде артка кылчайып “ошондо мындай кылсам болмок экен” деп калам. Бирок бул кечигүү да, өкүнүү да эмес. Жөн гана жашоону анализдөө. Келинчегим экөөбүз 25 жашымда баш коштук. Туура эле учурда үйлөндүм, Жараткан туура адамга жолуктурду. Кечиккен сүйүүдөн Кудай сактасын.

“Жиним келгенде өзүмдү кармай алам”

– Жубайыма такыр кол көтөргөн жокмун, көтөрбөйм дагы. Жиним келгенде өзүмдү кармап, унчукпай калам. Жубайым да түшүнүп калат. Экөөбүз тең тынчтыкты сактаганга аракет кылабыз, анткени беш баланын ата-энеси болуп туруп кыйкырышсак болбой калат да. Балдырымдын улуусу 19 жашта, кичүүсү 2 жашта.

“Абдан сараң, абдан берешен дагы эмесмин”

– Сараңмынбы же берешенминби? Эки сапат тең бар, менимче. Абалга жараша. Жакындарыма берешенмин деп ойлойм. Абдан эле төгүлүп-чачылып кетпей, такыр эле үнөмчүл боло бербей, алтын ортолукту сактаганга аракет кылам.

“Атамдын көзү өткөндө катуу кайгырдым”

– Атамдын көзү өтүп кетти, бир жыл болду. Ошондо катуу кайгырдым. Атамды эстеп көпкө чейин ыйлап жүрдүм. 74 жашында көзү өтүп кетти. Атама жакшы уул боло алдым бекен, мага ыраазы болду бекен деп ойлонуп жүрдүм.

“Көпчүлүктүн алдында сүйлөй албайм”

– Менде да комплекстер бар. Мисалы, көпчүлүктө эл алдында сүйлөй албайм. Эргип ырдаганым менен, эргип сүйлөй албаганым ырас. Тартынгансып турам негедир. Эл алдына чыкса эргип, тим эле сөздүн берметтерин терип сүйлөгөн адамдар болот го, мен андай эмесмин.

“Апам жана жубайым менен сырдашам”

– Апам менен сырдашам, бирок ага да айтпай турган сырлар бар. Жубайыңа деле кайсы бир нерсени айтып, толук сырды төгүп бере албайсың. Жүрөктүн түпкүрүндөгү сырларды билген бир гана Кудай. Бүт сырымды Кудайга гана айтам.

“Бир туугандарга сыйым жогору”

– Беш бир тууган болчубуз, агам менен эжем жаш эле кайтыш болуп кетишти. Агам ооруп 28 жашында көз жумса, эжем 40 жашында жол кырсыгынан каза тапты. Бир туугандардын ортончусу элем, азыр улуусу болуп калдым. Иним жана карындашым бар. Экөөнө тең өз-өзүнчө жакындыгым бар. Иниме инидей, карындашыма карындаштай сыйым жогору. Бирөөсү жакыныраак деп айта албайм. 

“Эркекке окшошкусу келген аялдарды түшүнбөйм”

– Аялзат кандай болсо ошондой кабыл алыш керек. Ага таарынып же сындаган болбойт. Аял менен эркек бири-бирин толукташ үчүн жаратылган да, экөөнүн бири болбосо, бир тарабыңда дайым өксүк болот. Ошентсе да аялдардагы мен бир аз жактырбаган сапатты айта кетейин. Эмнегедир аялдардын эркекке окшошкусу келгендерин көп түшүнө албайм. Эркектей кийинип, күрсүлдөп, эркектин ролун талашкысы келген аялзатын бир аз аяп кетмейим бар. Бир гана ушул нерсесин жактырбайт экенмин.

“Балдарымдын оюн билгенге аракет кылам”

– Балдарым менен дайыма пикир алышам. Сүйлөшкөнгө, алардын оюн, кызыгууларын билгенге аракет кылам. Бирок канчалык ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип сырларын биле алдым, аны да айта албайм.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1161, 14-20-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан