“Рыспай Абдыкадыров жеткен бийиктикке азырынча эч ким жете элек” деп бир белгилүү инсан айтты эле. Аккан арыктан суу агат деген сөз бекеринен эмес. Ошондой даңазалуу инсандын жолун небереси улантып жатканы кубандырат. Кийинүү стилин да, ырдаганын да Рыспай агабызга окшоштурдум.
– Кош келдиңиз, Насип, атыңыз өзгөчө экен...
– Саламатсыздарбы? Атымды чоң энем койгон экен. Ата-энемдин менден мурунку балдары чарчап калышып, менин атымды ырымдап Насип коюшуптур, “бизге насип болсун” дешип.
– Кыргыз шоу-бизнесине аралашканыңызга көп боло элек, чыгармачылык кандай болуп жатат?
– Беш жыл музыкалык окуу жайда окуганым менен, ырчылыкты чыныгы кесибим катары элестетчү эмесмин. Чыгармачылык менен кетейин деген ой жок эле. Бирок кичинемден эле ырдап, сынактарга катышып жүрдүм. Кийин иштегени Москвага кеттим. Байкасам, ырчылык менен нан таап жей тургандаймын, ошондо “ырдап чыгайын” дедим да, белсене кириштим. Ооба, кыргыз шоу-бизнесине аралашканыма аз эле болду, башталышы жакшы, буюрса. Шоу-бизнесте атаандаштык бар да, бирок улуу муундун өкүлдөрү, таятамдын талантын сыйлаган агалар колдоо көрсөтүп келе жатышат.
– Атаандаштык деп калдыңыз...
– Эми мени менен теңдүү ырчылардын баары эле өз арыгына кетмен чапкысы келет экен дегеним (күлүп). Бирок Гүлжигит Сатыбеков сыяктуу агалар кеңешин айтып, колдоп келишет.
– Шоу-бизнестеги өзгөчөлүгүм деп эмнени айтат элеңиз?
– Ар бир ырчынын үнүнүн тембрине жараша өзгөчөлүгү болот. Ушуну өзгөчөлүгүм деп айтыш керекпи, билбейм. Ойлонсом, мага аккордеон менен ырдаган көбүрөөк жарашчудай. Мурун эстрадалык стилде жаздырган ырларымды кайра аккордеон менен ырдайын деген ой бар. Жакында таятамдын алты ырын, өзүмдүн алты ырымды кошуп альбом чыгарайын деп турам. Концерт берүү максатым бар.
– Даңазалуу Рыспай Абдыкадыровдун небереси болгонуңуздун канчалык деңгээлде чыгармачылыгыңызга таасири бар?
– Таасири 99 пайыз десем болот. Ырчылыкка аралаша электе эле көптөр “таятаңдын ырларын ырдап бер” деп чакырышчу. Азыр деле автордук ырларым менен бирге анын да ырларын көп суранышат. Колумдан келишинче аткарып берсем ыраазы болушат.
– Эски ырларды көп ырдайсыз, бул сиздеги табитпи же замандын талабыбы?
– Табитим – эстрадалык ырлар, бирок азыркы учурда мени аккордеон менен ырдатканы көп чакырышат, ошондуктан эски ырларга жакынмын.
– Рыспай Абдыкадыровдун кызы – апаңыз Гүлжамал айым тууралуу айтып берсеңиз...
– Апам да абдан жакшы ырдайт, бирок айыл жергесине турмушка чыгып калган үчүн чоң сахнага чыкпай калган. Апамдын тубаса музыкалык табити бар. Музыкалык билими жок туруп эле музыканы мыкты талдайт. Мен укмуш ырдап жатсам деле мактабайт (күлүп). “Жакшы, жакшы” деп гана коёт. Бирок туура эмес ырдасам дароо айтат, сындайт. Ошондуктан обондорумду алгач апама угузам. Анын сынынан өтсө, оңдо деген жерлерин оңдоп чыгарам. Негизи апамдын чоң сахнада ырдасам деген кыялы бар эле, таятамдын 84 жылдык мааракесине арнап концерт уюштурганда ырдап чыкты. Ошондон кийин мага караганда апамдын активи көтөрүлүп, жылдызы жанып кетти (күлүп). Андыктан таятамдын ага жаккан, тембрине туура келген ырларды апама ылайыктап жаздырып берсем деп жүрөм.
– Сизди обончу деп айтсак да жарашат окшойт...
– Ооба, обон чыгарам. Учурда 10 чакты обонум бар. “Бакырайынбы?” деген ырымдын обонун метродо баратып жарым саатта жараткам. 2018-жылы социалдык тармактан Акжол Доранбек уулу деген акын агабыздын ырларын окуп калдым. Ал “Мирлан Самыйкожонун стилинде” деп төрт сап ыр жазып коюптур.
"Сызылып ичтен батынайынбы?
Сырымды айтып ачылайынбы?
Сен турмуш куруп кеткенден бери,
Кыйналып жүрөм, бакырайынбы?" – деген ыр саптар болчу. Эмнегедир ыр көкүрөгүмө кадалып калды. Бир ай ойлонуп жүрүп, анан обондун кайрыктары келди, ырдап көрсөм жарашчудай. Акынга кайрылсам “бакырайынбы?” деген сөзү одоно угулуп калыптыр, бардык социалдык тармактардан өчүргөм, ырдасаң ырда, бирок сөзү өзүмдүкү деп айта бер” деди. Бирок “меники” дей алган жокмун (күлүп). Ырдагы ошол “бакырайынбы?” сөз үчүн чыгарма эл оозуна алынып кетти деп ойлойм. Анткени бардык адамдын эсинен кетпеген бир сүйүүсү болот эмеспи. Ошол эмоцияны чыгарып берди бул саптар. Башында чыгармачылыкта жүргөн бир агама ырдап берсем, ал ошол сөзгө келгенде күлүп жиберди. Ошондо бул сөз чын эле одоно окшойт деп ырдабай койгом. Бирок ыр социалдык тармактарга тарап кетти. Башка аткаруучулар ырдап жүрсө деле эл авторду издейт экен. Кайра өзүм ырдай баштадым.
– Ырдын сиздин сүйүүңүзгө тиешеси барбы?
– Ошондой десек да болот, жашоомо тиешеси бар. Ичимдеги дартты ыр менен чыгарып алдым окшойт.
– Жүрөк бошпу азыр?
– Жок, жүрөктүн ээси бар (күлүп). Бир уулубуз бар.
– Ырдап жатканда төгүлүп-чачылып кеткен менен, мүнөзүңүз түнт окшойт. Таятаңызга ушул сапатыңызды окшоштурдум... Дагы кандай окшоштук бар?
– Ооба, ырдаганда абдан окшошуп кетесиң дешет. Анткени таятам да аябай берилип ырдачу экен. Ырдаганда менин да көздөрүм өзүнөн-өзү жумулуп кетет. Үч мүнөттүк ырда бардык эмоцияларды жашайм, сезимди төгүп, өзүмдү жоготуп жиберем. Муну таятама окшошуу үчүн деле кылбайм, табиятымдан ушундаймын. Кыргызстанга келгенде арыктадым, келбетимди ого бетер таятама окшоштуруп калышты. Бирок таятамды көргөндөр анын жоруктарын айтып берсе, өзүмдү апама окшоштура берем. Апам да бетке айтат, анан таарынчаак. Мени да тез таарынасың дешет, жүрөгүбүз назик окшойт.
– Рыспай Абдыкадыров агабыз “артымда уул калбады” деп арман кылган дешет. Сизди көрсө, абдан сыймыктанса керек эле деген ой келди...
– Ооба, генетика боюнча уул бала таятасынын канын алып жүрөт деп уккам. Таятам мен төрөлөрдөн бир жыл мурун кайтыш болуптур. Мен аны, ал мени көрбөй калдык. Таятамдын кыздарынан тараган урпактары көп. Бирок чыгармачылыкта жүргөнү азырынча менмин. Сиз айткандай, мени көрсө, “уулум жок” деген арманы калбайт беле деген ой кетет.
– Залкар инсандын фамилиясын даңазалаган ырчы болушуңузга тилектешпиз. Бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева