Нурмира Асанова, ырчы: «Атымды элге таанытууда Бек Борбиевдин салымы зор»

Кыргыз элине “Коштошуу”, “Жаным”, “Миллион алых роз” жана башка ырлары менен тааныла алган бийкеч – Нурмира Асанова. Таланты менен ажары айкалышкан ырчы ар кандай тематикадагы суроолорубузга ачык-айкын, кызыктуу жоопторду узатты. 

– Жакында өзбек тилинде ырларды ырдап чыктыңыз. Чет элдик ырларды буга чейин да ырдап жүрчүсүз, авторлору буга кандай карашат?   

– Негизи, репертуарымда кыргызча ырлардан тышкары плагиат ырлар бар экени чын. Буга чейин өзбек туугандардын эч кимиси эч нерсе дей элек болчу. Жакында “Божаларды” ырдап жүргөн өзбек ырчысы мага “дуэт ырдап чыгалы” деп сунуштады. Учурда ырды кайдан, кантип жаздырууну сүйлөшүп жатабыз. “Божалардан” мурда Сагын Эргешов менен “Коштошуу”, аранжировкачы Майрамбек Ахмедов агай менен “Миллионду” ырдап чыккам. Буюрса, аталган эки ырга тең жакшы пикирлер айтылууда. Орозодо дагы бир дуэт жаздырып, костюмдарды тиктирип алайын деп чуркап жүрөм. Ырчыны мыкты ырлары гана бийиктикке чыгара алат эмеспи.

– Чыгармачылыктын түйшүгүн да, жыргалын да, сырларын да жакшы сезип калсаңыз керек?

– Чыгармачылыктын нанын жеш үчүн темирдей тиш керек. Ошондуктан тишимди улам-улам кайрап жүрөм дебейинби (күлүп). Ырчылык жолду тандаган адамга көп талаптар жүктөлөт. Ырларың жакшы болушу зарыл, келбетке кам көрүү шарт, бардык жерде өзүңдү үлгүлүү алып жүрүшүң керек жана башка. Элдин көзү, сөзү, сыны бар. “Карышкырдын жесе да оозу кан, жебесе да оозу кан” деген сөз бар го, анын сыңары артист баары бир элдин баарына бирдей жакпайт. Айрымдар сөзсүз кемчиликтериңди таап чыгышат. Бул табигый нерсе. Менде башынан эле бирөөлөргө жагынайын деген ой жок. Өз жолу, өз максаты бар ырчымын. Башка ырчылардын жашоосуна мурдумду тыкпайм, чыгармачалыгына ичи тарлык, көрө албастык кылбайм. Жан дүйнөм ырчылыкты каалады, ырдап жүрөм. Эң башкысы ушул. Албетте, улуу, тажрыйбалуу ырчылар кеңеш айтышса, угам. Бул өсүү үчүн керек.

– Чыгармачылыкта 1,5 жылдай тыныгуу алыпсыз. Ушул учурда сизге башкалардын мамилеси өзгөрдүбү?                              

– Тыныгуу алайын дедим. Ой-максаттарды иреттеп, өзүмдү өстүрөйүн деп атайын курстарга бардым. Ошол учурда мен тууралуу “бут тосуулар болуп ырдабай калыптыр”, “айтылган сындардан улам депрессияга кабылыптыр” деген сөздөр чыгып кетти. Негизи, деңгээли төмөн адамдар ушакка жакын болушат. Ошондуктан өзүм тууралуу айтылган ушак сөздөргө, терс комментарийлерге маани бербейм. Көзү жокто бири-бирин жамандашып, анан бет келишип калганда эч нерсе болбогондой кучакташып сүйлөшүп кете берген эки жүздүүлөргө таң калып бүтпөйм. Көрө албас, эки жүздүү, сөзү менен иши дал келбеген, сөз ташып адамдарды уруштурууга маш адамдар такыр жакпайт. Көп дос күтүп, убактысынын көбүн аларга корото бергендерди да жактыра бербейм. Жөнөкөй, жасалмалуулугу жок, адамдардын көңүлүн оорутпаган инсан болууга эмне жетсин? Тыныгуу алганда байкаганым – ырдап бугумду чыгарып турбасам ооруп калат экенмин.

– Ырчы катары элге атыңызды таанытууда кимдер салымын кошту?

– Мектепте 3-класс кезимде Мырзамидин деген музыкант агай үнүмдү байкап, аккордеон менен ырдата баштаган. Мени 9-класска чейин таптады. Агайымдын колдоосу менен окуучулар арасындагы көптөгөн кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарды, гран-прилерди алчумун. “Жаш таланттар” сынагында район, облустан утуп, Бишкекте өткөн финалдык жарышта баш байгени уткам. Чоң сахнага 2020-жылы Бек Борбиевдин “Жаным” деген ырын ырдап чыгып, атым таанылган. Башында бул ырдын Бек аганыкы экенин билген эмесмин, жолукканда өзү “жакшы ырдапсың” деген. Атактуу ырчыдан ушундай сөз укканым үчүн абдан сүйүнгөм. Ал ыр мени азыркыга чейин багып келе жатат. Ушул аты аталган 2 инсан үчүн карыздармын жана алкыш айтам. Негизи, талант таякелерим тараптан өткөн. Мага жай ыргактагы муңдуу, салмактуу ырларды ырдаган жагат. 

– Тарсылдап шар жүргөн, чечкиндүү кыздай көрүнөсүз. Анча мынча жигитти сүрдөтчүдөйсүз го?

– Антип батынбай жүргөндөр болушу мүмкүн. 25ке чыктың, эми той качан деген “тонкий намёк” болду окшойт, ээ (күлүп)? Баары убак-сааты менен болот эмеспи, жүрөгүмдүн ээси табылса, той деле алыс эместир. 

– Сиздин жүрөктү багындырчу жигитте кандай сапаттар болушу керек?

– Мага аз, бирок саз сүйлөгөн, кең пейил, токтоо жигиттер жагат. Жылуу сүйлөп, жүзүмө жылмаюу тартуулап турса болду.

– Өзүңүздү 10 жылдан кийин кандай элестетесиз?

– Мени түшүнгөн, сыйлаган адамга турмушка чыгып, бир коломтонун отун алоолонткон сүйүктүү жар, мээримдүү эне болгонумду элестетем. Башкалар бизди карап “кандай бактылуу, балдары да тарбиялуу” деп суктанып турушса дейм. Анан жолдошум үйдө жок кезде көп иштерди өзүм эле бүтүрүп салат болушум керек деп ойлойм. Анткени айылда өскөндүктөн колумдан көп иш келет, тынч отура албаган жанмын.      

– Сахна жөнүндө айтпадыңыз, демек, үй-бүлө биринчи орунда?

– Ооба, эгер жолдошуң бардык шартты түзүп берип, жакшы багып жатса балдарды тарбиялап, үй-бүлөгө кам көрүп үйдө отурган деле жакшы эмеспи. Эгер болочок жолдошум чыгармачылыгымды колдоп, ырдай бер десе, анда үй-бүлө менен чыгармачылыкты чогуу ала кетүүгө даярмын.

– Ырчы болбосоңуз кайсы кесиптин ээси болмоксуз?

– Стюардесса болмокмун. Ушул кесип мага абдан жагат. Бир кезде стюардессанын формасын кийип, асманда учуп жүргөндү кыялданчу элем.

– Шопоголиксизби?

– Жок, шопоголик эмесмин. Кийим бир көргөндө жакса алып кете берем. Анан аны жыртылгыча кийип жүрө берген адатым бар. Муну кийсем башкалар эмне дейт деген баш оору жок менде.

– Эң көп колдонгон сөзүңүз?

– Адамдын көңүлү гүл эмеспи, ошого адамдарга жаман сөз айтуудан карманам. Жакындарыма “жаным”, “жүрөгүм” деген сөздөрдү көп айтам.

– Өзүңүздөн акча аяйсызбы?

– Жок, аябайм. Эс алууга көп коротом. 

– Карызга кандайсыз?

– Бирөөдөн карыз алгандан корком. Эгер карыз алсам, аны кайтарып бергиче уктай албай калам. Ошол адамдан өзүмдү көз каранды сезе берем. Карыз берип бирөөгө жакшы көрүнүп, анан алууга келгенде жаман көрүнүп артынан чуркаган жакпайт. Ушул убакка чейин банктан насыя алып көрө элекмин. Бөлүп төлөө жолу менен да буюм сатып ала элекмин. 

– Өзүңүзгө жакпаган сапаттарыңыз кайсылар?

– Ишенчээктигим, көңүлчөөктүгүм жакпайт. Ушулардын айынан көп маселеге илешип калам. Таштоо кыйын экен.

– Жеке концерт берүү планыңыз барбы?

– Ооба, буюрса, быйыл күздө Ош, Жалал-Абадда концерт берсем деп турам.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1161, 14-20-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан